Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Түркияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды


Түркия шахтада калгандарды куткаруу. 13-май, 2014-жыл.
Түркия шахтада калгандарды куткаруу. 13-май, 2014-жыл.

Түрк өкмөтү үч күндүк аза күтүүнү өлкөнүн батышындагы көмүр шахтыдагы жарылуудан 200дөн ашуун кенчи каза тапкандан кийин жарыялады.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, учурда жарылуудан кеминде 205 кенчи мерт болгону ырасталды жана жүздөгөндөрү али кенден чыга албай кала берүүдө.

Түркиянын энергия министри Танир Йылдыздын айтымында, өткөн түнкү жарылуу учурунда шахтыда 787 кенчи иштеп жаткан.

Кырсык болгон Сома көмүр Стамбулдан 360 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Жарылуудан соң шахтынын кенчилерди түшүрүп - чыгаруучу элеваторлору иштебей калды. Куткаруучулар жер алдында калган кенчилердин өмүрүн сактоо үчүн аларга кычкылтек жеткирүүгө аракеттенүүдө.

Кырсыктан улам премьер - министр Режеп Тайып Эрдоган Албанияга мерчемделген сапарын токтотту.
Түркия: шахтадагы апаат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00


Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын жетекчилигине көңүл айтып, “Кыргызстан калкы Түркияда болгон трагедияга бир тууган түрк эли менен бирге кайгырып жатканын, жакындарын жоготкондордун аза кайгысын тең бөлүшөрүн” белгиледи.

XS
SM
MD
LG