Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Түркияда нааразылар жаңы ыкмаларга өттү


Таксимде нааразылыкты унчукпай, кыймылдабай билдирүү акциясы. 18-июнь, 2013-жыл.
Таксимде нааразылыкты унчукпай, кыймылдабай билдирүү акциясы. 18-июнь, 2013-жыл.

Түркияда полиция рейди учурунда ондогон киши кармалды. Бийликтер алардын өлкөдө бир нече күнгө уланган толкундоолорго тиешеси бардыгын айтууда. Коопсуздук күчтөрү Стамбулдун Гези паркын демонстранттардан тазалаган менен өкмөткө нааразылык билдирүүнүн жаңы ыкмалары да колдонулуп жатат.

Полициянын рейди шейшембиде Түркиянын бир катар шаарларында жүргүзүлгөнүн Ички иштер министрлиги ырастады. Ички иштер министри Муаммер Гүлердин айтымында, Стамбулдан 62, ал эми борбор Анкарадан 23 киши кармалды. Мамлекеттик ТРТ телеканалы дагы 13 киши Эскишехир шаарынан камалганын маалымдады.

НТВ телеканалынын кабарына караганда, полиция бул рейддер учурунда солчул топторду бутага алды. Анткени бийликтер полиция менен демонстранттардын кагылышууларына ошол солчул топтор шыкакчы болду деген ишенимде турушат.

Полиция өкүлдөрү кармалып, суракка тартылып жаткандарды “чагымчылар” деп атаган. Полициянын рейди Түркиянын профсоюз уюмдарынын айрымдары бир күндүк иш таштоо жарыялагандын эртеси өткөрүлдү. Алар мындай кадамы менен өкмөттүн Стамбулдун Таксим аянтындагы демонстранттарга жасаган катаал мамилесине нааразылык билдиришкен эле.

Профсоюздар иш таштаган күнү түрк өкмөтүнүн вице-премьер-министри Бүлент Арынч эгер демонстрациялар улана берсе, бийлик көчөлөргө “куралдуу күчтөрдүн да элементтерин” жайгаштыруусу мүмкүндүгүн эскерткен. Ал эми премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган бийликтеги АК партиянын жыйынында сүйлөгөн учурунда:

- Биз укуктук мамлекетте жасай тургандын баарын жасадык. Таксим аянты менен Гези паркын баскынчылардан тазаладык. Иншаала, силер билесиңер, алар баарын талкалашты. Дарактар менен гүлдөрдү эми биз кайра отургузабыз.

Нааразылыктын жаңы формасы

Түрк өкмөтү Стамбулдун нааразылык чараларынын очогу болгон Таксим аянты менен Гези паркын демонстранттардан өткөн дем алыш күндөрү акыр-аягында күч менен тазалоого жетишкенден кийин активисттер нааразылык билдирүүнүн жаңы формаларын колдонууга өтүшкөндөй. Маселен Эрдем Кундуз ысымдуу сүрөткөрдүн акциясы акыркы күндөрү социалдык медиада кеңири комментарийлерди жаратты.

Ал ошол эле Таксим аянтында дүйшөмбүнүн кечинен шейшембинин таңына чейин азыркы Түркиянын негиздөөчүсү Ататүрктүн сүрөтүнүн бет маңдайында бир нече саат бою кыймылдабай жана унчукпай туруу менен нааразылык билдирген.

Өз кадамын “символикалуу чара” деп атаган Эрдем Кундуздун акциясын, кабарларга караганда, Стамбулда үч жүздөй киши кайталаган. Нааразылыктын ушундай формасын шейшембиде Анкара, Стамбул, Измирде жүздөгөн адам уланткан.

Түркиядагы соңку нааразылыктар өкмөттүн Стамбулдагы Гези паркында курулуш жасоо планынан улам тутанган эле.

Бирок талдоочулар парктын маселеси жүйө гана болуп бергенин, нааразылыктын себеби мындан кеңири жана терең экендигин белгилешкен.

Сынчылар премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды элдин шайлоодо ага добуш бербеген жарымынын укуктарын урматтабай, секулярдык түзүлүштү диний принциптерге негизделген тартип орнотуу үчүн ылайыкташтырууга аракеттенип жатканы, авторитардык башкаруу ыкмасы, бийлик адамдардын жеке жашоосуна да кийлигише баштаганы үчүн айыпташат.

Эрдоган болсо өз тарабынан мындай айыптарды четке какканы менен, байкоочулар баамында, нааразылык толкуну анын он жылдан ашкан, ошол эле учурда экономикалык өнүгүү менен коштолуп, Түркиянын четте экономикалык жана дипломатиялык таасирин арттыра алган бийлиги үчүн чоң чакырык болду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG