Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Эрдоган элин "провокацияга" алдырбоого чакырды


Стамбулдагы акыркы жылдардагы эң катуу кагылыш премьер-министрдин кеңсесинен алыс эмес жерде болду, 2-июнь, 2013
Стамбулдагы акыркы жылдардагы эң катуу кагылыш премьер-министрдин кеңсесинен алыс эмес жерде болду, 2-июнь, 2013

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган өз жарандарын тынчтанууга чакырды. Анын ишениминде, өлкөдө соңку күндөрдөгү башаламандыкты “экстремисттик элементтер” жасады.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган бул билдирүүнү Стамбулда бүгүн, өлкөдө миңдеген эл катышкан массалык демонстрациялардын үчүнчү күнү жасады. Нааразылык акциялары бул күндөрү Стамбулда, Анкарада, башка ондогон ири шаарларда болду.

Полиция менен эң эле катуу кагылыштар Стамбулдун Бешикташ районунда болду. Жергиликтүү кабарларда азыр ошол райондун айланасындагы мечиттер, ресторан-кафе, дүкөндөр адамдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтө турган пункттарга айланганы айтылып жатат.

Полиция элге көздөн жаш чыгарчу газ, суу чачып жатты.

Өткөн түнкү кагылышта 10 миңдей адам болгону, жалпысынан 67 шаардагы нааразылык митингдерде 1700дөн ашуун адам кармалганы айтылды.

"Секулярдык Эрдоган"

Мунун баары Стамбулдагы паркты коргойбуз деген экологдордун кичинекей митингинен тутанды. Шаардын Таксим аянтында “Гези” деген парк бар. Ал жердеги дарактарды кыйып, парктын ордуна бийликтер алгач чоң соода түйүнүн курабыз дешкен. Ошондо жаалданган эл көтөрүлүп, мунун баары Эрдогандын өкмөтүнө нааразылыкты күчөттү. Кийинчерээк бул паркты сактоо эле эмес, бүтүндөй өкмөттүн натуура иштерине нааразы болгондорду бириктирип, Эрдоганга каршы “авторитардык лидерге айланды”, “Түркияны исламчыл өлкөгө айландырды”, “адамдардын эркиндигине кол салып жатат” деген дооматты көбөйттү.

Кечээ кечинде Вашингтон соңку күндөрдөгү окуяларга карата билдирүү жасап, эки жакты тең сабырдуулукка үндөдү. Эрдогандын өкмөтүнө болсо “тынч демонстрациялар демократиялык ой билдирүүнүн бир формасы экенин” эске салды.

Анын алдынан ошол эле күнү өкмөт башчы Эрдоган Анкарада өзүнүн тарапкерлерине сүйлөгөн сөзүндө “мунун баарын сырттан каржылык колдоо алган маргиналдык топтор” жасап жатканын айткан. Бүгүн болсо премьер Стамбулдагы маалымат жыйынында башаламандыкты “экстремисттер уюштурду” деди.

"Мен премьер-министр жана Стамбулдун тургуну катары айтаарым, бул акцияларга социалдык медиадагы чакырыктан кийин эле келип кошула калган бала кыял адамдарды эске албаганда, бардык балээнин артында экстремисттик элементтер турат", - деди премьер.

Жумуриятты 2002-жылдан бери башкарып келаткан Эрдоган азыр мамлекеттеги соңку чыңалууну жөн эле паркты коргоп жаткандар же анын саясий режимин “авторитаризмге ооду” деп айыптагандар эмес, чындап элди бөлүүнү каалаган радикалдар турат деп ишенерин айтты.

Ал эми өзүн "авторитардык лидерге айланды", анын “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү” деген партиясын "исламчыл саясатын жүргүзүп жатат" дегендерге каршы экенин, өзүн секулярдык Түркияны сактай турган адам экенин айтты.

“Occupy Gezi”

Анткен менен Түркиянын өзүндөгү маалымат каражаттары да Эрдогандын айткандарын толук колдой бербегени байкалат.

Маселен, ортомчул “Миллийет” гезити Стамбулда митингге чыккандарды “экстремисттер эмес, алар “Башка Түркия” деп атады. “Ооба, Таксим аянтында күрттөр, улутчул күчтөрдүн оппозициялык партиясы да болгону чын. Бирок митингчилердин көпчүлүгү – шаардык, секулярдык көз караштагы ортоңку тап. Алар өздөрүн азыр бийлик тараптан кысмакталган деп билишет” деп жазат гезит.

Анкарадагы демонстранттар маселен, паркта массалык түрдө арак-шарап ичип, муну менен жакында “алкоголь ичимдиктерин сатууга, рекламалоого тыюу салган” эрежеге нааразылыгын билдиришти.

Айрымдар азыр муну айтылуу "араб жазы” менен салыштырып, “түрк жазы” деп атаганга үлгүрүштү. Эрдоган болсо буга зээни кейигенин жашырган жок. "Гези" паркын сактап калабыз деген топтор болсо муну Уолл Стриттеги нааразылык акцияларына окшоштуруп, “Occupy Gezi” деп да атап жатышат. Эмнеси болсо да, Түркияда соңку күндөрдөгү окуялар – акыркы жылдардагы эң эле күчтүү нааразылык толкуну болуп калды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG