Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

Түркия: Эрдоганга каршы калы


Стамбулда полиция менен чогулгандар кагылышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

Түркияда өкмөттүн Стамбулдагы Таксим аянтын кайра куруу планынан улам тутанган нааразылык эки күн бою демонстранттар менен полициянын кагылышуусуна жеткирди. Анкарада өкмөттүн кеңсесин көздөй жүрүш жасоого аракеттенген демонстранттар менен кагылышуу жекшембиде да болду. Бул окуялар премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүнө каршы он жылдан берки эң ири нааразылык катары бааланууда. Эрдоган өзү демонстрациялар үчүн оппозицияны айыптады.

Кагылышуу менен коштолгон эки күнкү нааразылыктардан кийин Стамбулдагы Таксим аянтына демонстранттар жекшембиде кайра чыгышты. Буга бир эсе полиция оор аскер техникасын аянттан чыгарып кеткени себеп болду.

Полиция тарабынан мындай кадам демонстранттар менен жума жана ишемби күнкү кагылыштардан кийин жасалды. Демонстранттар полицияга каршы таш колдонсо, полиция көздөн жаш агызуучу газды жана суу бүркүгүчтөрдү пайдаланган.

Алгач Стамбулда тынч башталган нааразылыктын арты Анкара, Измир, Анталия, Конья жана башка шаарларга да жайылып, бийликтердин маалыматы боюнча акыркы эки күндө өлкө боюнча 90дой нааразылык акция өткөн, алардын учурунда 1000ге чукул киши кармалган.

Түркиянын ички иштер министри Муаммер Гүлөр жекшембиде Анкарадан кабарчыларга буларды билдирди:

- Ар кайсы шаарлардан 939 киши кармалган. Алардын айрымдары бошотулду. Кээ бирлери сотко чейин камакта болот. Бул нааразылык акциялар учурунда 23 полицей жана 53 жаран жаракат алышты. Алардын 19у Стамбулдан. Жаракат алгандардын бирөөнүн абалы оор.

Нааразылык өкмөттүн Стамбулдун борбордук Таксим аянтындагы Гези паркында курулуш баштоо планынан улам тутанды. Демонстранттар “Өкмөт кет!”, “Таксим биздики!”, “Стамбул биздики!” деген ураан-чакырыктарды көтөрүп жүрүштү. Гези паркы шаардагы саналуу жашыл аймактын бири деп саналгандыктан, анын жок кылынышына алгач экологдор каршы чыккан.

“Диктатор эмесмин”

Таксим аянтын кайра куруу унаа кыймылын жеңилдетүү үчүн жасалып жатканын ырастаган премьер-министр Эрдоган полиция демонстранттарга каршы чара көрүүдө “айрым катачылыктарга” жол бергенин моюнга алды. Бирок өкмөт Осмон империясынан берки аскерий казармалар турган жерде талаштуу курулушту ишке ашыруудан кетенчиктебей турганын эскертти:

- Мен нааразылыкка чыккандарды көчөдөгүлөр, келип-кеткендер, дүкөн ээлери жаракат албаш үчүн өз аракеттерин тезинен токтотууга чакырам. Алар бул жерде соода борбору курулат деп жатышат. Биз акыркы чечимге келе элекпиз.

Эрдоган жекшембиде жактоочулары алдында сүйлөгөн учурунда аны кызматтан чегинүүгө чакырган оппоненттери тарабынан дарегине айтылган сын-дооматтарды четке какты:

Тилекке каршы, биз соңку күндөрү арзыбаган инциденттерге, кол салууларга, чагымдарга күбө болуп жатабыз. Демократияга кийлигишкидей жол ачыш үчүн өкмөттү коркутуу, хаос жаратуу максатында мурда колдонулуп келген тузакка кайрадан кабылуудабыз. Демонстранттар таш ыргытып, дүкөндөрдүн айнектерин талкалашты. Ушул демократиябы? Алар "Тайып Эрдоган - диктатор" деп жатышат. Өзүн элине кызмат кылууга арнаган кишини диктатор дешсе, менде анда айта турган сөз жок.

Эрдоган жекшемби күнү демонстрациялардын артында турган саясий күч катары оппозициядагы секулярдык Республикалык элдик партияны атады.

Маселе “он эки дарактын жулунушунда эмес, идеологияда жатат” белгиледи.

Байкоочулардын баамында, Таксим аянтындагы курулуштан тутанган нааразылык Эрдогандын өкмөтүнө ал бийликке келген 2002-жылдан берки эң ири каршылык болду.

Стамбулда жашаган илимпоз Абдырасул Исаков “Азаттык” менен маегинде:

- Мурдагыларга салыштырмалуу чоң акция болгону туура. Бирок бул азыркы өкмөттүн келечегине коркунуч туудурат деген нерсе эмес. Нааразы катмардын гана акциясы. Нааразы катмар, буга чейинки шайлоолор көргөзгөндөй, 40% тегерегинде. Түркияда максатына жете албай жаткан оппозиция, социалисттер, коммунисттер бар. Ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз үнүн угузуп калууну каалаган багыттар бир топ. Менин пикиримде, бул окуяларды баалоодо бир эле ички саясат эмес, тышкы саясаттын маселелерин да эсепке алуу керек. Мынчалык болоорун, балким өкмөт да күткөн эмес. Нааразылык акциялар жекшембиде да бир катар шаарларда уланды. Бирок абал оорлошуп кетет деп ойлобойм.

Айрым баяндамачылардын көз карашында, Түркиядагы азыркы нааразылыктарга бийликтеги баистүү исламчыл “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү” партиясынын коомчулукка кээ бир жашоо эрежелерин таңуулаган саясаты да салым кошкондой.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG