Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Таксимдин марксист мусулман кыздары


Түркия -- Таксим аянтындагы жоолукчан кыз.
Түркия -- Таксим аянтындагы жоолукчан кыз.

Түркиядагы он күндөн берки демонстрацияларды секуляризм менен исламизмдин кагылышы катары сыпатташууда. Бирок Стамбулдун Таксим аянтынан хижаб жамынган кыз-келиндерди да көрүп жатабыз.

Таксим аянтында сабаа-сурнайдын жандуу добушуна куштарланган жаштар тегерене бийлеп жатышат. Көпчүлүгү чачтарын жасаткан, жеңи кыска кийим кийген кыз-келиндер. Ошондуктан алардын арасында жоолук салынган кыз дароо көзгө урунат.

27 жаштагы Зейнеп Акбайыр момун мусулман, Таксим аянтына күйөөсү менен келген. "Азаттыктын" азыр Стамбулда жүргөн кабарчысы Глэн Кейтс менен сүйлөшкөндө ал демонстранттардын суроо-талаптарын тең бөлүшөөрүн мындайча билдирди:

– Премьер-министр Таксим аянтында соода борборун курбайм, мечит курам дейт, ал муну менен дин картасын ойноп, диний сезимди козутуп жатат.

Зейнеп Акбайыр «Мусулман анти-капиталисттер» деген кыймылдын мүчөсү. Бул топтун турумун «диний марксизм» деп койсо болчудай. Анткени алар түпкүлүгүндө диний турумда болгон менен, саясатта солчул баалуулуктарды карманышат. Алардын интернет сайтынан марксисттердей, «жумушчунун жон терисин тескери сыйрып, канын» ичкен капитализм менен күрөшүп жаткандыгын окуй аласыз.

Уюмдун дагы бир мүчөсү Эмин Албайрак «Мусулман анти-капиталисттердин» «Алла, нан, эркиндик» деген урааны жазылган жарнамасынын алдында отурат.

– Менчик Алланыкы, демек менчик элдики, биз ушундай деп ойлойбуз. Мында биз ушуну айталы деп келдик, - дейт 33 жаштагы веб-дизайнер.

«Мусулман анти-капиталисттер» Таксим аянтындагы акцияга катышкандардын арасында диний багытын ачык көрсөткөн саналуу уюмдардын бири. Бирок аны таасирлүү саясий күч деп айтууга болбойт.

Таксимде алардын социалдык акыйкаттык талаптарын колдогон момун мусулмандарды да кездештирүү мүмкүн. Бирок алар бул жерде мусулман экендигин ачык көрсөтүүдөн тартынгандай түрү бар.

Алардын бири Сукран толук атын айткысы келген жок. Таксимде ал хижаб кийип жүргөнү менен, Түркияда исламды байманалуу адамдар «менчиктештирип алгандыктан, алар элге «мусулман аял бул саркеч хижаб кийип алып, чоюлуп үйүндө отурат» деген, ар кимдин эле колу жете бербеген түшүнүктү таңуулап жаткандыгын айтат. Сукран өзү кийим тиккен ишканада иштейт. Бир жумада алты күн иште.

Сукран ошондой эле үйдө мусулман жаштарга «бул демонстрацияга барбагыла» деген чектөө болуп жаткандыгын мойнуна алды.

Стамбулда англис тилинде чыгуучу Хурриет Дейли Нюс гезитинин саясий баяндамачысы Барчын Инанж мусулмандар ошондой эле нааразылык акцияларында хижаб кийип жүргөндөн тартынып жатышканын белгилейт. Ошол эле убакта ал бул жаштар чындыгында «эркиндикти эңсегендер» дейт.

Зейнап Акбайыр да ушул көз карашта:

– Менин хижабым менен эч кимдин иши болбосун, бирок кимдин ичип, койгону менен да башкалардын иши болбошу керек, - деп айтты Таксим аянтында бийге түшкөн активист кыз.
XS
SM
MD
LG