Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Түркия: зордуктоону кечирген мыйзам


Мыйзамга каршы чыккандардын акциясы. Түркия
Мыйзамга каршы чыккандардын акциясы. Түркия

Бүгүн түрк депутаттары зордуктоо боюнча мыйзам долбоорун дагы бир ирет карап, добуш беришет.

Карама-каршылыктуу долбоорго ылайык, эркек жабыркаган кызга үйлөнсө, ага күнөө тагуу белгисиз мөөнөткө жылдырылат же таптакыр жазаланбайт. Өткөн апта соңунда миңдеген киши мыйзамга нааразылыгын билдирип чыгышты.

Бийликтеги "Адилет жана өнүгүү" (АК) партиясынын депутаттары сунуш кылган мыйзам долбоору боюнча эркек киши 18 жашка чыга элек кыз менен сексуалдык мамиле курса, бирок ага үйлөнсө, анын айыбы кечирилет. Долбоордо “эркек күч колдонбосо, коркутуп-үркүтпөсө” гана күнөө тагылбайт деп белгиленет.

Оппозиция, укук коргоочу уюмдар, бир катар маданият ишмерлери, социалдык тармактардын айрым колдонуучулары муну менен өспүрүмдөрдү зордуктоо жана алардын эрте турмушка чыгуусу мыйзамдаштырылып калат деп нааразылыгын билдиришүүдө.

Түркияда 18 жашка чыга элек кыздар менен баш кошууга мыйзам жол бербейт. Бирок нике кыйылган учурлар өзгөчө айыл жергесинде дээрлик көнүмүш адатка айланган. Ишембиде Улуттар уюмунун балдар фонду – ЮНИСЕФ да долбоорго байланыштуу камтамасын билдирди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым болсо сунуш абакта отурган жана 18ге чыга элек өспүрүмдөргө үйлөнгөн эркектердин абалын нике жана үй-бүлөлөрдүн макулдугу аркылуу оңдоону көздөйт деп, бул - “зордуктоону актоого тете” деген сын сөздөрдү четке какты.

Юстиция министри Бекир Боздаг буга үндөш оюн ортого салып, “бул кадам өлкөнүн айрым бөлүктөрүндөгү проблеманы чечүүгө багытталганын” НАТОнун Стамбулдагы жыйынында билдирди.

Эрте келин болгон эселектер

Эрте келин болгон эселектер

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет.

Өткөн аптанын соңунда миңдеген киши Стамбулда нааразылык акциясын өткөрүштү. Жүрүшкө чыккан 3 миңдей киши, арасында балдар жана аялдар “Зордуктоону легалдаштырууга болбойт”, “АК партиясы, менин денемен кол тарт!” деген ураандарды көтөрүп, мыйзам долбоорунан баш тартууга үндөп жатышты.

- Менимче, мыйзам чыгаруучулардын бул демилгеси коомдун бардык катмарларынын сынына туш болот. Себеби коом зордуктоого баргандарды актоо мүмкүн эмес деген пикирде. Андай кишилер ошондой кылмышка барып, кайра эле түрмөгө кайтышат деп ойлойм,- - деди Стамбулдун Энгин Өзтүрк аттуу тургуну.

Борбор шаардын дагы бир тургуну Элиф Челикташ болсо бул мыйзамдын арты олуттуу болушу мүмкүн дейт:

- Келечек кандай болот деп катуу сарсанаа болуп турам. Ушул багытта кете берсек, аялдар өтө оор шарттарда жашап калышат. Аны зордуктаган кишиге чыгып, жашап калса, бир күнү аны өлтүрүп салып, өзү да түрмөгө отуруп калышы мүмкүн.

Статистикалык маалыматтар Түркияда акыркы 10 жылда сексуалдык ыдык көргөзүүгө, уруп-сабоолорго кабылган аялдардын саны 40 процентке өскөнүн көргөзүүдө. Андай зордук-зомбулуктан каза тапкандар да кыйла көбөйгөн.

Ал эми өкмөтчүл Аялдардын демократиялык ассоциациясы өспүрүм менен сексуалдык мамиле анын макулдугу менен болгонбу же күч колдонулганбы деген фактыны укуктук негизде далилдөө чоң маселе жаратарын билдирди. Баса, бул уюмдун төрага орун басары президент Режеп Тайип Эрдогандын кичүү кызы.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG