Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Түркмөнстан: "Рухнаманы" "Дөөлөт кушу" алмаштырды


Гурбангулы Бердымухамедов ахалтекин аттарынын даңктоочусу катары да белгилүү.
Гурбангулы Бердымухамедов ахалтекин аттарынын даңктоочусу катары да белгилүү.

Түркмөнстанда окуу жылынын экинчи бөлүгү башталгандагы жаңылык - президент Бердымухамедовдун чыгармаларынын же ал тууралуу китептердин мектеп программасына расмий киргизилгени болду.

2013-2014-окуу жылынын экинчи бөлүгү 14-январдан тарта башталды. Ашхабаддан түшкөн кабарларга караганда, Түркмөнстандын Билим берүү министрлиги иштеп чыккан программага ылайык, президенттин чыгармаларын жана ал жөнүндөгү китептерди, ырларды окуучулар адабият сабагынын алкагында төртүнчү класстан тарта окушат.

Программага президенттин “Дөөлөт кушу”, “Тирүү уламыш”, “Жакшы ысым өчпөйт” “Канаттуу тулпарлар” деген китептери, түркмөн жазуучусу Ташмамед Журдековдун “Чоң атанын кыялын орундаткан небере” аттуу романы, акын Амангузель Шагулыеванын президентке арнаган ырлары менен одалары киргизилген.

Түркмөн мектеп программасындагы жаңылык тууралуу “Азаттык” менен “Түркмөн хроникасы” интернет сайтынын редактору Фарид Тохбатулин ой бөлүштү:

- Биз кесиптештер менен өзүбүзчө мындай жыйынтыкка келдик: Бердумухамедов жарыялаган билим берүү реформасы принцибинде башкы китепти алмаштыруу менен гана аяктады. Мурда Сапармурад Ниязовдун “Рухнама” жана башка китептери болсо, эми ордуна азыркы президенттин чыгармалары келди.

- Билим берүү реформасы Түркмөнстанда качан жарыяланган эле?

- Билим берүүдө эки реформа өткөрүлдү десек жарашат. 2007-жылы бийликке келгенинде Бердымухамедовдун эң биринчи билдирүүлөрүнүн бири - билим берүү реформага муктаждыгы тууралуу болгон. Анда орто мектепте окуу мөөнөтү он жылга чыгарылган. Эсиңерде болсо, Ниязовдун учурунда орто мектепте тогуз жыл, жогорку окуу жайларда эки эле жыл окушчу. Бердымухамедов он жыл мектеп, беш жыл ЖОЖ деген мурдагы тартипти калыбына келтирген. Ал эми былтыр сентябрдан тарта мектепте окуу мөөнөтү 12 жыл болуп калды. Ошол эле учурда окуу программалары, кандай предметтер кошулары жөнүндө айтылган эмес. Эми тшүнүктүү болуп олтурат.

Маркум Сапармурда Ниязов өзүнүн “Рухнамасын” түркмөндөрдүн “адеп-ахлак Конституциясы” деп атаган эле. Азыркы президенттин китептери эмнелер тууралуу, мектеп окуучуларына оңой эле түшүнүктүү, жеткиликтүү болобу?


Түркмөн президентинин китептери.
Түркмөн президентинин китептери.
- Президент китептеринин спектри абдан кеңири. Бир китеби түрмөн килемдери, экинчиси айтылуу ахалтекин аттары жөнүндө, дагы бир китеби атасынын, чоң атасынын балалыгы тууралуу эскерүүлөр. Маселен “Дөөлөт кушу” китебинде президенттин атасы Мяликгулы Бердымухамедовдун балалыгы тууралуу айтылат. “Тирүү уламыш” китеби түркмөн килемдери, алардын келип чыгыш тарыхы тууралуу. “Жакшы ысым өчпөйт” чыгармасы президенттин чоң атасына арналган. Түркмөнстандын билим берүү программаларына биз Ниязовдун учурунда эле мониторинг жүргүзгөнбүз. Ошондогу тажрыйбама таянып айтсам, президент китептеринин он, он эки жаштагы балдарга алар түшүнгүдөй адаптацияланган формалары жок эле, азыр деле жок деп ойлойм. Программа боюнча окуу 4-класстан башталат, бул 9-10 жаштагы балдар. Менимче, “Рухнама” сыяктуу эле маңызын аңдабастан, жаттап окууга туура келет.

Мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун көзү тирүүсүндө анын чыгармалары үчүн ар бир чейректе 25-30 саат ажыратылчу.

Бердымухамедов бийликке келгенден кийин бул көлөм 7-8 саатка, 2011-жылдан тарта 2-3 саатка түшүрлгөн. Ал эми былтыртан тарта Ниязовдун айтылуу “Рухнама” китеби мектеп программасынан такыр эле алынып, милдеттүү сынак тапшырылбай калган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG