Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Түркмөн кыздарын эми гинеколог текшерет


Аялдамада автобус күткөн түркмөн кыздар. Иллюстрациялык сүрөт.
Аялдамада автобус күткөн түркмөн кыздар. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда мектеп жетекчилери ата-энелерден бойго жеткен кыздарын гинеколог дарыгердин текшерүүсүнөн өткөрүүнү талап кылышууда. Бул өспүрүм курактагы кыздардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө жана жашы жете электеги кош бойлуулуктун алдын алуу максаты менен түшүндүрүлдү.

Түркмөнстандын Мары районундагы мектеп жетекчилери 14 жаштан улуу кыздарга сөзсүз түрдө гинеколог дарыгердин текшерүүсүнөн өтүүнү буйрук берген көрсөтмө чыгарышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына бир катар ата-энелер маалымдашты. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы бул буйрук жаштардын жүрүм-турумун көзөмөлдөөчү мамлекеттик иш-чара катары чечмеленип жатканын маалымдады:

- Кыздарды гинеколог дарыгерге милдеттүү түрдө текшертүү зарыл экенин ата-энелерге күзгү каникулдун алдында айтышкан. Мектеп жетекчилери бул алардын жана кыздардын каалоосунан тыш жасала турган иш экенин ата-энелерге эскертишкен. Дарыгердин көзөмөлүнөн өтүү жыл сайын окуучулар өтчү медициналык кароого жатпайт. Бул өспүрүм курактагы кыздардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө жана жашы жете электеги кош бойлуулуктун алдын алуу максаты менен жүргүзүлүп жатыптыр. Ата-энелер билдиргендей, жетекчилер айрым кыздар жаман жолго түшүп кетип жатышканын айтышкан. Алардын маалыматы боюнча, кээ бир окуучу кыздар жашыруун төрөгөн жана боюнан алдырган учурлар катталыптыр.

Мектеп жетекчилери ата-энелерге мындай окуялардын алдын алууну, балдарын жана кыздарын көзөмөлдөп, телефондорун текшерүүнү жана алар кирген сайттарды да кароонун зарылчылыгын айтышкан. Ата-энелерге кыздарын катуу көзөмөлдөө тапшырылып, балдарды мектептен тышкаркы убакта иштетпөө милдеттендирилген.

Мурдараак Мары аймагындагы айрым окуучулар сабактан тышкаркы убакта кафе-ресторандарда официант болуп иштешкени кабарланган. Бул үчүн алар 10 доллар алышат.

«Азаттык» бул буйрук боюнча Мары облустук билим берүү департаменти менен байланышууга аракет кылды, бирок жооп алган жок.

Марыга чейин мындай буйрук тууралуу маалымат коңшулаш Лебап облусунан да кабарланган. Лебапта полиция, прокуратура жана саламаттык сактоо кызматкерлери окуучу кыздарга жүрүм-турум тууралуу лекция өтүшкөн.

Түркмөнстандын борбору Ашгабат шаарында окуучулардын ата-энелерине «тарбиялык саат» өткөрүү жөнүндө буйрук келип түшкөн. Ага ылайык, ата-энелер ичимдиктин, тамекинин жана өспүрүм курактагы кош бойлуулуктун терс жактары тууралуу балдары менен сүйлөшүүгө милдеттендирилген. Аткаминерлер акыркы жылдары жаштар арасында арак менен тамекиге азгырылгандар көбөйүп кеткенин айтышкан.

Түркмөн өкмөтү он жылга жакын убактан бери калктын жүрүм-турумуна чектөө салып, көзөмөлдөп келет. Муну менен мамлекет адам укугун иликтеген эл аралык уюмдардын тизмесинде эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында кала берүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG