Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Mедиа-лөк Мөрдокко кысым күч алды


Руперт Мөрдок, "News Corp" корпорациясынын башчысы, 11-июл, 2011-ж.
Руперт Мөрдок, "News Corp" корпорациясынын башчысы, 11-июл, 2011-ж.

Британ парламенти медиа магнат Руперт Мөрдокту жергиликтүү сыналгы каналын сатып алуу планынан баш тартууга үндөгөн сунушту колго салууда.

Мөрдоктун медиа империясы жайгашкан АКШда бул жаңжал америкалык жарандардын да жеке турмушун коргогон мыйзамдар бузулган болушу мүмкүн деген тынчсызданууну жаратты.

Ар тараптан таландыга туш болгон медиа-лөк Руперт Мөрдок дагы сокку жей турган болуп калды. Британ парламенти шаршембиде аны жергиликтүү "Би-Скай-Би" сыналгысын сатып алуу планынан баш тартууга чакырган сунушту колго салганы жатат.

Добуш берүү телефон тыңшоого байланышкан жаңжал Мөрдоктун "Ньюс Корп" ишканасы жайгашкан Кошмо Штаттарына жайылган учурга туура келүүдө.


"News of The World" гезитинин акыркы саны: "Рахмат жана кош болгула", 9-июл, 2011-ж.
Мөрдоктун эң өтүмдүү "News of the World" ("Дүйнө кабарлары") деген гезитинин кабарчылары маалымат алуу үчүн полицияга пара берген, миңдеген адамдардын, анын ичинде Ооганстан, Иракта өлгөн британ аскерлеринин, киши колдуу болгон 13 жашар кыздын телефонундагы авто-жооп бергичти тыңшаган деп айыпталууда. Мөрдок телефон тыңшоо болгондугун мойнуна алып, аталган гезитин жаап тынды.

Мөрдөк гезитин "Би-Скай-Би" сыналгысын 14 миллиард долларга толугу менен өз колуна алуу планын сактап калуу үчүн садага чапкан шекилдүү. Кандай болгон күндө да, булвардык гезиттин жабылышы Британиядагы коомдук нааразылыкты баса алган жок.

Премьер-министр Дэвид Кэмерон шейшембиде оппозициядагы Лейбористтик партия сунуш эткен Мөрдокту "Би-Скай-Биден" баш тартууга үндөөнү анын партиясы колдой тургандыгын билдирди. Консерватордук партиянын өкүлү болгон Камерон азыр "News of the World" гезитинин мурдагы редактору Ребекка Броукс менен жакын ымалада болгондугу жана анын ордуна келген редакторду өзүнө басма сөз катчы кылып алгандыгы үчүн сындалууда.

Лейбористтердин жетекчиси Эд Миллибанд Мөрдоктун "Би-Скай-Бини" өз көзөмөлүнө алуусуна жол бербөөгө британ саясатчыларынын моралдык укугу бардыгын эскертти:

- Өлкөнүн жана Өкүлдөр палатасынын кызыкчылыгында биз бир ооздон оюбузду айтышыбыз керек. Мында эң маанилүүсү - эл. Эл саясатчылар биз үчүн тикесинен турушу керек деп айтат. Биз, өкүлдөр палатасы элдин тынчсыздануусу канчалык экендигин түшүнө тургандыгыбызды көрсөтүшүбүз керек.

Британ премьер министри Д. Кэмерон Мөрдоктун айынан сынга кабылды, 13-июл, 2011-ж.

Парламенттин сунушу мыйзамдык күчкө ээ эмес, бирок ал жактырылса, мындай кадам Мөрдоктун беделин дагы түшүрүп, анын "Би-Скай-Бинин" 61 пайызын жалмап коюшуна бөгөт жаратат.

Британ өкмөтү бул жаңжал боюнча кылмыш иш ачып, коомдук иликтөө жүргүзүүгө өкүм кылган.

Мөрдок уулдары Жеймс жана Брукс менен келерки аптада парламенттик комитетте сурак бериши керек. Мөрдок АКШнын жараны болгондуктан суракка келүүгө милдеттүү эмес.

"Эки доочу бир келсе - амалыңдын кеткени" демекчи, ал ортодо америкалык сенатор Жон Рокфеллер "Ньюс Корптун" ишмердүүлүгүн иликтөөгө чакырды. Сенатта соода, илим жана унаа комитетин жетектеген демократ АКШда, анын ичинде 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдун курмандыктарынын жакындарынын телефондору тыңшалган болушу мүмкүн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG