Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Интернет доорунда сөз эркиндигин коргоочу айым


Кытай. Интернет колдонуучуларга мыйзамды сактоону эскерткен полиция кызматкери сайтты ачканда пайда болот. 20-январь 2010
Кытай. Интернет колдонуучуларга мыйзамды сактоону эскерткен полиция кызматкери сайтты ачканда пайда болот. 20-январь 2010

10-мартта Дунжа Мижатович айым ЕККУнун массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча жаңы өкүлүнүн кызматын ырасмий аткара баштады.

Бул маанилүү кызматты буга дейре эки мөөнөт үч жылдан Мажарстандык мурдакы диссидент, профессор Миколаш Хараци жетектеди.
АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон айым Интернет эркиндиги жөнүндө Вашингтондогу Журналисттер музейи( Newseum) сөз сүйлөөдө. 21-январь 2010


Профессор Хараци даярдаган акыркы доклад тууралуу адам укугуна адистешкен журналист Кэтрин Фицпатрик мындай дейт:

- Өткөн аптада Хараци цензуралоонун түрдүү көйгөлөрүн жана демократия жолундагы өлкөлөрдөгү, өзгөчө, Борбор Азиядагы журналисттерге кол салууларды сындаган соңку докладын жарыялады. Докладда Мажарстандагы жагдай да сындалды.


Миколаш Хараци өткөн аптада ЕККУнун Туруктуу Кеңешинде жасаган докладда Кыргызстандагы жагдайга өтө тынчсызданып, көз карандысыз журналисттер Геннадий Павлюк, Алишер Саипов жана Алишер Ташиев кесибине байланыштуу өлтүрүлгөнүнө көңүл бурган.

ЕККУнун массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча жаңы өкүлүн тандоо бир нече айга созулуп, курч мүнөздө өттү. Алты талапкердин ичинде Москвадагы Экстремалдык журнализм борборунун негиздөөчүсү Олег Панфилов жана Россиянын
Азербайжан. Белгилүү карикатурист Шерифтин он-лайн журнализмдин коркунучу жөнүндөгү сүрөтү. 11-март 2009
ЕККУдагы азыркы элчиси Михаил Федоров да болду. Түндүк Кавказдагы эркин басма сөздү талкалоону жана орус аскерлеринин Грузияга басып кирүүсүн катуу сындаган Панфиловго Кремль каршы чыккандыктан, ал жарыштан өз ыктыяры менен чыгып кетти. Федоровду кээ бир батыштык делегаттар колдобой коюшкандан кийин талапкерлигин алып койду.

Акыр соңунда 56 өлкөнүн өкүлдөрү профессор Харацинин ордуна босниялык Дунжа Мижатовичти татыктуу деп табышты. Европанын мыкты университеттеринен билим алган Мижатович айым Босния-Герцеговинанын Комуникацияны тескөө агенттигинин радиоуктуруулар боюнча директору болуп иштеп жаткан. Мурда Бийликти тескөө боюнча жалпы европалык форумду да жетектеген.

Кэтрин Фицпатриктин пикиринче, Дунжа Мижатович ЕККУнун массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлчүлүгүн Интернет кеңири жайылып бараткан кезде жетектегени жатат:

-Жаңы өкүл дүйнөдө гезит чыгаруунун эски формасы жана электрондук медиа өлүп бараткан тушта кызматка келди. Алар ЕККУга мүчө кээ бир өлкөлөрдө өнүгө албай өлүүдө. Жаңы медиакаражаттарды либерал демократтар, ошондой эле авторитардык бийликтер менен экстремисттик кыймылдар жутуна колдонууда. Бийликтин Интернетти саясый жана коммерциялык максатта тескөө аракети өтө күчтүү. Бул идеялардын плюрализими үчүн өтө коркунучтуу иш. Харази жазгандай, бу көбүнчө кээ бир журналисттер коргонуучу болуп жаткан жагдайда медиа эркиндикти коргоо коомдук жана жеке дипломатияны талап кылат.

Фицпатриктин оюнча, санариптик бөлүнүүлөр, тилди жек көрүү, диний жана улуттук араздашуулар боюнча көптөгөн макалалардын автору Дунжа Мижатович жаңы кызматында шайлоо жана этникалык чыр-чатактар кезиндеги маалымат каражаттарынын ролуна көп көңүл бурат болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG