Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Британиядагы кыргыздардын абалы кандай?


Шаардын коопсуздугун колго алуу максатында 16 миң полиция кызматкери нөөмөттө турду.
Шаардын коопсуздугун колго алуу максатында 16 миң полиция кызматкери нөөмөттө турду.

Лондондо жана Британиянын башка шаарларында жашаган кыргызстандыктар тынчпы? Кечээги түн кандай өттү?

Массалык маалымат каражаттарына таянсак, кечээги түн Британиянын баш калаасы Лондон үчүн 6-августтан берки эң тынч түндөрдүн бири болду. Шаардын коопсуздугун колго алуу максатында өкмөт чечими менен 16 миң полиция кызматкери нөөмөттө турду.

Кыргызстандын Британиядагы элчиси Бактыгүл Каламбекова тополоңго катышкан же андан жапа чеккен кыргызстандыктар болбогонун “Азаттыкка” кабарлады.

- Элчиликте кыргызстандыктардын топ-топ болуп жашаган жерлеринин картасы бар. Англиядагы көпчүлүк кыргызстандыктар – студенттер, эмгек мигранттары жана отурукташып калгандар. Бул окуялар башталгандан бери элчиликтин аппараты кыргызстандыктардын баары менен байланышканга аракеттенип, алардан кабар алууда. Ушул саатка чейин жабыр тарткан же тополоңго катышкан кыргызстандыктар жок.

Кыргызстандык Светлана Анкер Лондондогу медициналык окуу жайда докторлук диссертациясын жактап жаткан кез. Ал университетке барбай үйүндө отурат. Өзү Лондондун боборунда жашап, азырынча коопсуз абалда.

- Мен коопсуз райондо жашайм, кампуста жашаган курсташтарым университетте да тополоң болушу ыктымал деп эвакуацияланыптыр.

Светлана Анкер тик учактарга, полициянын сиренасына көнүп калганын айтты.

Элчи Бактыгүл Каламбекова Британияда адам укугу өтө жакшы деңгээлде сакталгандыктан полиция катуу чараларды көрбөй жатат дейт. Светлана Анкер мындайды күтпөгөн британиялыктар эми гана элдик кошуундарды уюштура баштаганын, Кыргызстанда мындай кырдаалда реакция күчтүү экенин кошумчалады.

- 3 күндөн бери эми гана элдик кошуундар пайда болду. Полиция токтото албай жатат. Кыргызстанда мындай учурларда бийликтин алсыздыгын көргөн эл ошол эле замат кошуундарга уюша баштайт эмеспи.

Лондондогу тополоң башталганда ал жердеги кырдаалды Кыргызстандын тарыхында эки жолу кайталанган талап-тоноочулук менен салыштыра башташты.

Англиядагы Экзетер университетинин магистратурасында окуган Асел Дөөлөткелдиева Кыргызстанда саясий-социалдык кризис болсо, ал эми Британияда саясий кризис жок экендигине токтолду.

Ошентсе да Асел Англияда ушундай окуялар болушун күткөн, эң башкы себеп – экономикалык каатчылык, жумушсуздук. Талап-тоноочулук, Аселдин пикиринде, улут тандабайт жана анын негизги себеби - кыжырдануу.

Кыргызстандын Англиядагы элчиси Бактыгүл Каламбекова да талап-тоноочулук эч качан бир улутка мүнөздүү эмес экендигин кошумчалады.

Бактыгүл Каламбекова байкагандай, акыркы мезгилдерде Англияда полициянын бедели телефон жаңжалынан улам да түшүп кеткен, тополоң уюштургандар мына ушуга байланыштуу да баш ийбей жатышат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG