Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Украин президенти менен оппозициясы мунаса келишимге кол коюшту


Оппозициянын лидерлеринин бири Виталий Кличко менен президент Виктор Янукович келишимге кол койгондон кийин, 21-февраль, 2014.
Оппозициянын лидерлеринин бири Виталий Кличко менен президент Виктор Янукович келишимге кол койгондон кийин, 21-февраль, 2014.

Украинанын президенти Виктор Янукович жана оппозиция лидерлери мамлекеттеги саясий кризисти жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюшту.

Келишимде эң башкысы мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүү жана улуттук биримдик өкмөтүн түзүү каралган. Документке кол коюлгандан көп өтпөй, жума күнү түштөн кийин украин парламенти 2004-жылкы конституцияны калыбына келтирүүнү колдоп добуш берди. Президенттин бийлигин катуу чектеген ал баш мыйзамды кайра күчүнө киргизүүнү Верховная Рададагы 450 депутаттын 386сы колдоп берди.

Президент Виктор Янукович бийликке келгенден көп узабай 2010-жылы Конституциялык соттун чечими аркылуу конституцияны катуу өзгөртүп, өз бийлик укуктарын кыйла кеңейтип алган эле. Киевде аталган келишимге кол коюу аземине Евробиримдик өкүлдөрү, оппозиция лидерлери катышты. Ага чейинки сүйлөшүүгө ортомчулук кылган Орусия чабарманы кол коюу жыйынына катышкан жок.
Бийлик менен оппозициянын мунаса келишими, 21.02.2014
Бийлик менен оппозициянын мунаса келишими, 21.02.2014



Янукович президенттик кызматка 2010-жылы беш жылга шайланган, анын бийлик мөөнөтү келээрки жылы аяктамак. Киевдеги сүйлөшүүгө катышкан тараптар мөөнөтсүз шайлоо быйыл өтөөрүн айтышты, бирок анын так мөөнөтүн белгилешкен жок. Януковичтин Региондор партиясынан парламентке депутат болуп шайланган Анна Герман украин президенти ченемсиз чечкиндүү кадамдарга барып жатат деп белгиледи:

- Мурда болуп көрбөгөндөй кадамдар жасалууда. Украинада тынчтык, туруктуулук орносун, кан төгүү токтотулсун деген ниеттен улам бир да шарт коюлган жок.

Киевде бейшембиде кечинде башталган татаал сүйлөшүүлөргө такай катышып келаткан Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон баарынан кыйыны эми кол коюлган келишимди аткаруу болорун, украин элин ушундай кыйын жагдайда Еврошаркет ар тараптан колдой турганын белгиледи.

Украинадагы терең саясий кризис ноябрь айында Орусиянын кысымы алдында президент Янукович Евробиримдик менен саясий жана соода келишимдерине кол коюудан баш тартканда тутанган. Брюссель менен Киев ортосундагы бул келишимдер бир нече жыл бою талкууланып даярдалган эле.

Еврошаркет менен кызматташтыкты кеңейтүүдөн баш тарткан Янукович тышкы карыз өлкө мойнундагы оор камытка айланган Украина Орусиядан 15 миллиард долларлык насыя жардам алаарын жарыялаган. Орусиянын каржы министри Антон Силуанов жума күнү Москва ал жардамдын алгачкы бөлүгү – 2 миллиард долларды Украинадагы бейстабилдүүлүктөн улам азырынча которбой турууну чечкенин билдирди.

Украин парламенти жума күнү кечке маал абакта жаткан оппозициячыл саясатчы, экс-премьер Юлия Тимошенкону эркиндикке чыгарууга уруксат берген токтомду колдоп добуш берди. Соңку кезде саламаттыгы начарлап бараткан Тимошенко Орусия менен газ келишимин түзүүдө мамлекетке зыян келтирген деген кине боюнча 2011-жылы жети жылга түрмөгө кесилген.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG