Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Украин эксперти: Киев бул бийликти тааныбайт


Украина -- Антиөкмөттүк демонстрацияга катышып жаткан бир аял Жаратканга жалбарып жатат. Киев, 19-февраль, 2014.
Украина -- Антиөкмөттүк демонстрацияга катышып жаткан бир аял Жаратканга жалбарып жатат. Киев, 19-февраль, 2014.

Украиналык эксперт Виталий Баланын пикиринде, окуялардын мындан аркы өнүгүшүн болжолдоо кыйын. Шейшемби күнкү кан төгүү үчүн жооптуу адамдар жазаланмайын, кырдаал тынчыбайт.

- Абалдын кескин курчушуна эмне себеп болду? Буга чейин тараптар мунасага келип, демонстранттар өкмөттүк имараттарды бошотууга көнгөн, бийлик камалган митингчилерге мунапыс бербеди беле?

- Менимче, окуялардын ушундай нукта өнүгүшүнө парламент депутаттары түрткү беришти. Көпчүлүктүн депутаттарын мен азыр "антиэлдик көпчүлүк" деп атайт элем. Себеби алар эки жумалык “элдешүү” учурунда кырдаалды жөнгө салууга аракет көрүмүш болуп, иш жүзүндө алакан жайып отурушту. Коом радикалдашып бараткан деген белгилер айкын байкалып калган, аны социалдык анализдер да тастыкташкан. Бирок депутаттардын саясий жоопкерсиздигин азыр өз элине карата кылмыш деп бааласа болот, жарандардын талаптарын көңүл сыртында калтырышы ушундай кырдаалга алып келди.
Депутаттардын саясий жоопкерсиздиги, жарандардын талаптарын көңүл сыртында калтырышы ушундай кырдаалга алып келди.

Менин көз карашымда, кечээки күндүн планын бийлик алдын-ала иштеп чыккан. Элди Майдандан алдап алып чыгып, анан чабуул коюшту. Андан кийин Майдан өзү чабуулга туш болду. Бийлик элдешүү жөнүндө сөз кылганы менен, эки жума бою күч колдонуу сценарийине даярданып жатты. Эртедир-кечтир кырдаал ушундай жол менен өнүкмөк. Эми бул түшүнүктүү болуп калды. Бийлик мунасага, тил табышууга баргысы келбейт. Кечээки күндү алар, тилекке каршы, күч колдонуу үчүн пайдаланды.

- Бийлик эми кандай шарттарга көнүшү мүмкүн?

- Азыр ымалага келүү тууралуу сөз жүргөн жок. Бийлик кетүүгө тийиш. Канчалык тезирээк кетсе, өздөрүнө жакшы болот. Менимче, алар азыркыга чейин өлкөдөгү кырдаалдын канчалык олуттуу экенин адекваттуу баалай албай жатышат. Каршылык кыймылы ушу тапта каршылык көтөрүлүшүнө айланды. Кыскасы, кырдаал кимдир бирөөлөр кабинеттерине отуруп алып ойлоп чыккан жана өздөрү ишенген сценарийден кыйла айырмаланууда.

- Оппозиция сиз айткан каршылык кыймылын көзөмөлүнөн чыгарып жиберген жокпу? Айрым облустарда милиция, прокуратура имараттарын басып алып, өрт коюшканы, документтерди өрттөгөндөрү жөнүндө кабарланууда.

Аны тартип коргоочулардын Киевде тынч элге каршы жасаган мыйзамсыз аракеттерине жооп деп бааласак болот. Бул элдин эмоционалдык реакциясы. Жарандардын күч түзүмдөрү менен бийлик өкүлдөрүнө карата саясий терроруна күбө боло баштадык десем болчудай. Бир нече күндөн кийин ал уюшулган түрдө жүргүзүлсө, ага таң калбайм. Билбейм, эмне үчүн бийликтегилер муну түшүншпөйт.

Мен бул жерде терең бир себептерди издебейт элем. Элдин сабырдуулугунун да чеги бар. Шарттуу айтканда, бийликке байланышкан бардык нерсени жок кылгылары келет. Анын үстүнө каршылык кыймылын же козголоңду көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Бул кыймылда саясатчылар элден мандат алып, ошол нааразылыкка алып келген маселелерди саясий-укуктук алкакта чечүүдө инструмент гана болуп бере алышат.

- Акыркы окуялардан улам чукул кырдаал киргизилиши мүмкүнбү?

- Киевде иш жүзүндө өзгөчө кырдаал киргизилген. Бийлик шаарды обочодо калтырууга аракеттенүүдө. Ал дайыма эле ийгиликтүү болгон жок. Маселе муну менен чечилип калбайт. Киев бул бийликти тааныбайт. Бийликтегилер муну кантип түшүнүшпөйт, акылга сыйбайт. Жана айткандай, бардыгы саясий террор менен аякташы ыктымал.
Криминалдык элменттер менен тартип коргоочулардын чырмалышын да эстен чыгарбоо зарыл. Кылмыш дүйнөсүнүн миңдеген өкүлдөрүн Киевге алып келип, алар мыйзамсыз аракеттерин жүргүзүшүүдө.

Киевдин өзүндө эле, расмий маалыматтарга караганда, 400 миң даана курал катталган. Кечээки кан төгүүлөрдөн кийин тынч тургун дегендердин саны азайды деп ойлойм. Улгайган кемпирлер Майдандан кетпейбиз деп айткандарын, жөнөкөй куралсыз адамдардын милициянын атайын бөлүктөрү менен кагылышканын көргөндө саясатчылар эмес, катардагы жарандар бул бийлик түзгөн системадан тажаганы даана байкалып турат.

- Демек, сиздин пикриңизде, азыркы эскалацияны бийликтин гана отставкасы токтото алабы?

Ал эле эмес. Күч колдонууга буйрук берген, анын ичинде ички иштер органынын кызматкерлеринин өлүмү үчүн жооптуу адамдар да жазаланууга тийиш. Андай болбосо, абал тынчыбайт. Жалпысынан Украинадагы кырдаал мындан ары кандай өнүгөөрүн болжолдоп да айтуу кыйын.

Региондордогу окуялар кандай болоору да белгисиз. Чыгыш тараптагы кээ бир аймактарда жергиликтүү бийлик чукул кырдаал киргизүү демилгесин көтөрүүдө. Криминалдык элменттер менен тартип коргоочулардын чырмалышын да эстен чыгарбоо зарыл. Кылмыш дүйнөсүнүн миңдеген өкүлдөрүн Киевге алып келип, алар мыйзамсыз аракеттерин жүргүзүшүүдө. Кыскасы, абал өтө кооптуу, кайсы жерде кантип жарылаарын мен айта албайм.

Майдан 19-февралдын таңында
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

XS
SM
MD
LG