Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Украинадагы саясий тирешүү канга боёлду


Киевдеги тополоң, 19-февраль, 2014
Киевдеги тополоң, 19-февраль, 2014

Украинадагы саясий кризисти дагы тереңдеткен акыркы кагылышта азы 26 адамдын өмүрү кыйылды. Президент Янукович оппозиция лидерлерин кан төгүүнү жана тартип сактоо кызматтары менен жаңжалдашууну көксөгөн радикалдардан алыс болууга үндөдү.

19-февралда Украин жетекчилиги Киевдеги жагдайды көзөмөлдөө үчүн метрону жапты. Автоунаалардын каттоосуна да чектөө киргизилди. Ишкерлерден мекемелерин жаба туруу суралды.

- Мен кризисти тынч чечүүнү каалайбыз деген оппозиция лидерлерин кан төгүүнү жана тартип сактоо кызматтары менен чатакташууну каалаган радикалчыл элементтерден өздөрүн алыс кармоону дагы бир жолу суранам. Тигилерден обочолонбосо, радикалчыларды колдогонун мойнуна алышы абзел. Андай болгондо алар менен башкача сүйлөшүлөт.


Виктор Янукович кылмышкерлер сотто жооп берерин, дале калабаны токтотуу кеч эмес экенин эскертип, радикалдарды мыйзам бузду деп айыптады:

- Алар элди куралданууга чакырып, чектен атташты. Бул мыйзамды олуттуу бузуу.

Кан төгүүлөр менен коштолгон кагылыш 18-февралда конституцияны реформалап, президенттин бийлигин чектөөнү талап кылган антиөкмөтчүл протестчилер полициянын катарын бузуп, башкаруучу Региндор партиясынын башкеңсесин кыска мөөнөткө басып алгандан соң башталды.

Украинанын Espresso TV телеканалынын түз эфири

Саламаттыкты сактоо министрлиги коогалаңда бери дегенде 26 адам өлгөнүн маалымдады. 240тан ашык адам, анын ичинде 79 полициячы жана 5 журналист ооруканага түштү. Өлгөндөрдүн тогузу полиция кызматкерлери экенин Ички иштер министрлиги кабарлады. Ушинтип, Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильд айткандай, Януковичтин “колу канга боёлду”.

Шаршемби күнү таңга жуук президент Янукович менен оппозиция лидерлери Арсений Яценюк жана Виталий Кличконун сүйлөшүүсү ийгиликсиз бүттү.
Кличко кездешүүдө Янукович Төбөлсүздүк майданын курчаган полиция күчтөрүн алып кетүүдөн баш тартканын билдирди:

- Мени аябай өкүндүргөнү: бул талкуу болбоду жана президент оппозицияны уккусу келбеди. Алар укканды каалабайт. Ал бирден-бир жол: оппозиция жана бардык протестчилер нааразылыкты токтотсун, демонстрацияны токтотуш керек деди. Бирок азыр эң маанилүүсү: тыныгуу алып, салгылашты токтотуу. Янукович ошондой эле борбордук аянттагы миңдеген протестчилерге келип, аларды аянтта калып, “эркиндиктин аралы” болгонго үндөдү.

Андан көп өтпөй таңкы саат төрттө полициянын атайын күчтөрү Төбөлсүздүк аянтындагы протестчилерди конуштарынан кууп чыгуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонуп, чабуулга өткөндө алар таш атып жана Молотов коктейлин ыргытып жооп беришти.

Европа мамлекеттеринин башчылары Киевдеги акыркы кандуу булоондон улам Украинага каршы санкция киргизүү жагын карап көрүшү ыктымал болууда. Санкция киргизүүнү сурап, Биримдикке мүчө 27 өлкөнүн лидерлерине кайрыларын Польшанын премьер-министри Дональд Таск улуттук парламентте жар салды. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер Евробиримдик мурдакы пикирин өзгөртүп, кандуу булоонго тиешеси бар украин жетекчилерине санкция колдонуусу керек деген пикирин айтты.

Бул маселе Германия канцлери Ангела Меркель менен Франция президенти Франсуа Олланддын шаршемби күнү кечиндеги кездешүүсүндө талкууланышы мүмкүн экени ырасмий маалымдалды.

XS
SM
MD
LG