Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Киев: Булатов аёосуз кыйноого кабылган


Автомайдандын лидерлеринин бири Дмитрий Булатов. Киев. 30-январь 2014 (photo: Facebook of Olga Koshelenko)
Автомайдандын лидерлеринин бири Дмитрий Булатов. Киев. 30-январь 2014 (photo: Facebook of Olga Koshelenko)

Украинадагы антиөкмөттүк чыгуулардын көрүнүктүү мүчөсү, бир жума мурда жоголгон Дмитрий Булатов табылды.

Дмитрийдин айтымында, аны орусча акцент менен сүйлөгөн белгисиз эркектер уурдап кеткенден бери кыйнап, нааразылыкка чыккан элди ким каржылаганын билгилери келген.

Дмитрийди уурдагандар аны 29-январда Киевдин четиндеги Борисполь районунун Вишенки кыштагына чукул жерге таштап кетишкен.

Дмитрий Булатов азыр Киевде ооруканада дарыланууда. Белгисиз зөөкүрлөр анын кулагын жана бети-башын тилип, кулагынын учун кыя кесип салган. Аны Иса пайгамбарга окшотуп крестке керип, колуна жана бутуна мык сайып кыйнашкан. Булатов 30-январда журналисттерге: “Мени чоюп байлашты. Колума мык кагышты. Кулагымды, бетимди кескилешти. Денемдин соо жери жок. Бирок, тирүүмүн. Кудайга шүгүр!”,- деди.

Майдандагы тиреш
Майдандагы тиреш
35 жаштагы Дмитрий Булатов жетектеген мотоциклист-автомайданчылар Киевдеги нааразылык акциясына президент Янукович ноябрда Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин кошулган. Автомайдандын 5 миңдей мүчөсү бар. Алар Төбөлсүздүк майданы жана ага туташ көчөлөрдө полиция менен тирешкен демонстранттарды куткарчу ыкчам топту түзүшкөн.

Автомайдандын активисти жана Дмитрийдин досу Сергей Поярков 31-январда таң эрте “Азаттык” радиосуна досу кандай кыйналганы тууралуу буларды айтты:

- Анын эч жери сынган эмес. Мээси чайкалбаган. Денесин тилип, катуу сабап, маскаралашкан. Аны соңку бир нече күн тамак бербей кармашкан. Андан бизге ким акча берип жатканын билгилери келген. Ал баарыбызды тааныды. Мүрүсүндө да кан уюган жерлери бар. Анын кулагын, булчуңдарын кескилешип, колу-бутуна мык кагышкан. Уруп-согуп кыйнашкан.

Булатовду уурдагандар андан антиөкмөттүк акцияны ким каржылаганын билгилери келген. Алар кыйноодон алсыраган Дмитрийди кычырыган кыштын кечинде, Киевге коңшулаш Борисполь районундагы Вишенки кыштагынын жанына таштап кетишкен. Ал жакынкы кыштакка жетип, досторуна телефон чалып, дарегин айткан.

Оппозиция лидерлеринин бири, Украинанын мурдагы ички иштер министри Юрий Луценкого полициянын атайын күчтөрү менен мушташтан кийин медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Киев, 11-январь 2014 (photo: Vitaly Manko)
Оппозиция лидерлеринин бири, Украинанын мурдагы ички иштер министри Юрий Луценкого полициянын атайын күчтөрү менен мушташтан кийин медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Киев, 11-январь 2014 (photo: Vitaly Manko)
Буга чейин уурдалган Евромайдандын эки активистинин бири Юрий Вербицкийдин жасаты 22-январда, Вишенкиге коңшу кыштактын четинен табылган. Ушу жерде калтырылган экинчи активист, оппозициячыл журналист Игорь Луценко да береги немелерди Майданга чыккан нааразыларды ким каржылаганы кызыктырганын айткан.

Луценко табылганда анын бети-башы да ур-токмоктон көгала болуп, бир тиши сынган болчу. Тепки жеген Вербицкий жол боюнда көз жумган.

Украин парламентинин мүчөсү Петр Порошенконун боолгошунча, Булатовду жана Луценкону бир эле адамдар уурдаган болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG