Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Москваны күткөн жаңы санкциялар жана эмбарго


Ирпиндеги орус армиясынын соккусунан талкаланган үйдүн жанында турган аял.
Ирпиндеги орус армиясынын соккусунан талкаланган үйдүн жанында турган аял.

Евробиримдик жыл соңуна чейин орус мунайына жана мунайзаттарына эмбарго киргизүү планын жарыялады. Ошондой эле Москванын банктарына жаңы санкцияларды киргизет. Орусия болсо Украинанын чыгышында чабуулдарын күчөттү. Мариуполго Кремлдин өкүлү Сергей Кириенко барганы кабарланды. Ал 9-майга мерчемделген аскердик парадга даярдык көрүшү мүмкүн.

Киев билдиргендей, соңку аптада украин күчтөрү Харьков облусундагы 11 айылды орус армиясынан кайтарып алды. Алардын көбү эки айдан ашуун баскынчылардын карамагында калган. Харьковдун жака белиндеги аймактар ачык асман алдындагы өлүккананы элестет. Ар кайсы жерде сулап жаткан адамдарды көрүүгө болот. Бул айыл-кыштактардын ар бири үчүн айыгышкан салгылашуулар бир нече жумадан бери жүрүүдө.

Британиянын Коргоо министрлиги 4-майда билдиргендей, Москва Изюм шаарынын жанына 22 батальонун жайгаштырды. Маалыматка караганда, Орусия Краматорск жана Северодонецк шаарларын өз карамагына алууну көздөп жатышы ыктымал.

Орус армиясынын бир батальону адатта 700-800 жоокерден турат.

Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко билдиргендей, орус аскерлери Авдеевка шаарындагы коксохимиялык заводуу аткылап, кеминде он карапайым тургун набыт кетти. Он бештен көп адам жарадар болду.

Украин расмийлери билдиргендей, 3-майда орус армиясы өлкөнүн темир жол системасына сокку уруп, алты станцияны жарактан чыгарды. Кечке маал Львов шаарындагы үч электростанцияга жасалган соккудан улам шаардын айрым райондорунда жарык өчтү.

Ал эми Беларус 4-майда өз аскердик дараметин текшерүү максатында ири аскердик машыгуу баштады.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Мариупол орус аскерлеринин карамагына өткөнүн 4-майда жарыялады. Бул тууралуу орус маалымат агенттиктери жазды. Азырынча украин тарап бул маалыматты ырастай элек. Ал эми Украинанын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Мариуполго президент Владимир Путиндин администрациясынын өкүлү Сергей Кириенко барды. Ал калаада 9-майга мерчемделген аскердик парадга даярдык көрүшү мүмкүн.

Евробиримдик орус мунайына эмбарго киргизиши мүмкүн

Москванын Украинага негизсиз кол салганына байланыштуу Евробиримдик жыл соңуна чейин орус мунайына жана мунайзаттарына эмбарго киргизүү планын жарыялады. Бул тууралуу 3-майдын кечинде Брюсселде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула Фон дер Ляйен билдирди.

"Биринчиден, ага Бучадагы согуш кылмыштарын жасаган жогорку даражалуу аскерлердин жана башка адамдардын тизмеси кирет. Ошондой эле Мариуполду адамгерчиликсиз курчоого алууга жоопкер адамдар да бар. Бул өтө маанилүү белги. Экинчиден, банк секторунун 37% ээлик кылган Сбербанкты жана башка Орусиянын ири банктарын SWIFT системасынан өчүрөбүз", - деди Фон дер Ляйен.

Буга чейин орус энергоресурстарына көз каранды Венгрия менен Словакия шаркеттин бул чечимине каршы экенин билдиришкен. Ошол эле маалда төрайым мунай санкциясы боюнча мунаса табуу оор болорун мойнуна алды. Бул чаралар күчүнө кириши үчүн Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин макулдугу керек. Мындан улам алдыда айыгышкан талаш-тартыштар күтүп турат десе болот.

Урсула фон дер Ляйен Украинан Буча шаарына барганда. 8-апрель, 2022-жыл.
Урсула фон дер Ляйен Украинан Буча шаарына барганда. 8-апрель, 2022-жыл.

Фон дер Ляйен ошондой эле орус үч мамлекеттик телеканалына тыюу салынарын билдирди.

"Аларга Евробиримдиктин аймагында кандай жол менен болбосун, кандай формада болбосун - интернет, спутник, атайын уюлдук тиркемелер менен болсо да өз контентин жайылтууга тыюу салынат", - деди төрайым.

Мунайга эмбарго киргизилсе, орус экономикасына чоң сокку урулат. Мунайгаз сектору орус бюжетинин теңинен көбүн түзөт. Москва Европага көгүлтүр отундун 70%, ал эми мунайдын 60% сатат. Согуш башталган эки ай ичинде Евробиримдик Орусияга мунай үчүн 20 миллиард евро, ал эми газга 30 миллиард евродон ашуун акча которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG