Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Украина-Орусия тиреши эми дүкөндөрдө


Львов шаарындагы дүкөндүн жумушчусу товарга орус энбелгисин коюуда.
Львов шаарындагы дүкөндүн жумушчусу товарга орус энбелгисин коюуда.

Киев бийлиги кабыл алган жаңы эрежеге ылайык, эми шаардагы соода борборлор, дүкөндөр Орусиядан келген товарларды өзгөчө белги менен бөлүп сатууга тийиш.

Бул идеяны колдогон активисттер Киевден башка шаарларда да орус-импортун бөлүү жол-жоболорун жайылтууга киришти.

Бул эреженин демилгечиси, депутат Руслан Андрийко “орус товарларын сатып алуу менен украин кардары биринчи кезекте “агрессорду” колдоп жатканын билиши керек. Ал Орусияга кеткен ар бир тыйын украин жоокерлерин өлтүрүп жаткан Путиндин аскерлерин куралдандырууга сарпталып жатканын туюп-сезүүбүз шарт” деген пикирде:

- Бул эреже биздин бюджетке таасирин тийгизбейт. Бизнесмендер да чыгымга туш болбойт. Техникалык жактан бул демилгени бир эле күндө ишке ашырса болот. Болгону Орусия аймагында жасалган товарларга кичинекей желектин сүрөтүн түшүрүп коюу жетиштүү, дейт Андрийко.

Украина. Киев шаардык кеңешинин депутаты Руслан Андрийко.
Украина. Киев шаардык кеңешинин депутаты Руслан Андрийко.

Демилгечи депутат Андрийко супермаркет жана соода борборлордун кожоюндары Украина экономикасына залакасын тийгизбеген жаңы көрсөтмөнү колдорун белгилейт.

Жаңы жобого ылайык, соода жайында орус азык-түлүгү эми өзүнчө бөлүнүп сатылууга тийиш. Бул эрежени ишке ашыруу үчүн соодагерлерге бир ай убакыт берилет. Андан соң соода жүргөн жайлар текшерүүгө алынат. Демилгечилер мындан чочулоонун кажети жоктугун белгилейт, себеби, эрежени аткарбагандар үчүн кандайдыр бир жазана каралган эмес. Бул жерде мажбурлоо жок, жөн гана сунуш экенин айтышууда.

Дегенкиси бул идеяны жаңы дегенге болбойт. Мындай чараны Львов, Ивано-Франковск жана Черкассы шаарларында активисттер жергиликтүү бийлик менен бирге кабыл алышкан. Ал шаарлардын соода түйүндөрүндө орус товарларына белги коюлуп сатылууда. Кээ бир ишкерлер кол менен эле “Орусияда жасалган” деп жазып коюшса, кай бир соода түйүндөрү Орусия байрагы түшүрүлгөн атайын энбелги чапташууда.

Львов дүкөнүндөгү орус товарлары.
Львов дүкөнүндөгү орус товарлары.

Айрым украиналыктар бул экономикалык бойкотко өз тынчсыздануусун билдирип келишет. Алардын катарын толуктаган психолог Виктор Пушкарь бул улут аралык жек көрүүчүлүккө шыкак бериши мүмкүн дейт:

- Мындай тажрыйба бизде 80-жылдардын аягында жана 90-жылдардын башында болгон. Анда пропаганда профессионал эмес адамдар тарабынан жүргүзүлгөндүктөн, украин патриоттуулугун ойготобуз деп тескеричинче, улутчулдук деген сөздү толугу менен дискредитациялап салышкан.

Деген менен жаңы жобону колдогон ыктыярчылар учурда Киев соода түйүндөрүндө түшүндүрүү иш-чараларын өткөрө баштады.

Айтмакчы, маркировкалоо менен катар активисттер массалык маалымат каражаттарынан патриоттук музыкаларды көбүрөөк берүүгө үндөп, “Орус баскынчылары жоголсун!” деген аталышта рубрикаларды ачуу сунушун жолдошкон.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG