Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Берлинде украин кризиси талкууланууда


Солдон оңго: Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус, Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин, Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Берлин, 2-июль.
Солдон оңго: Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус, Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин, Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Берлин, 2-июль.

Украина чыгышында өкмөттүк аскерлер орусиячыл жикчилерге каршы жапырыгын күчөткөн чакта Украина, Орусия, Германия жана Франция тышкы иштер министрлери бул кризисти талкуулоо үчүн Берлинге чогулушту.

Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер шаршембидеги жыйындын алдынан сүйлөгөн сөзүндө: “Украинада ок атууну токтотпой туруп кризисти чечүү мүмкүн эмес”, - деп билдирди. Ал Франциянын, Орусиянын жана Украинанын министрлери менен сүйлөшүүдө “куралдар ок атпай калганда гана сүйлөшүү болушу мүмкүн” деди.

Ал арада НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Берлинде немис канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийинки билдирүүсү маалында Орусиянын Украинадагы аракеттери “биз Берлин дубалы кулагандан кийин курган коопсуздукка коркунуч туудурат” деп айтты.

Немис лидери Меркел болсо: "Украинадагы кырдаал баарыбызды кыжаалатка салат. Украин президенти Петро Порошенко сунуштаган 10 күндүк элдешүү планы кеңири колдоого алынбай, аны сепаратисттер кабыл алышпаганы аябай өкүнтөт", - деди.

Франциянын дипломаттарынын бири айткандай, Берлиндеги жолугушуу “конкреттүү бир максаты жок”, бирок ал “тынчтыкка жетишүү үчүн иштөө мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтөт”.

Ал арада Украинанын өзүндө Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин расмий өкүлү Андрий Лысенко өкмөттүк аскерлер козголоңчулардын объектилерине каршы 100дөн ашуун чабуул коюшканын, акыркы күнү үч айылды сепаратисттерден тазалашканын кабарлады. Анын айтымында, ал атышууларда төрт аскер курман болгон.

Парламенттин спикери Олександр Турчинов 2-июлда депутаттарга сүйлөп жатып, “аскер күчтөрү менен Улуттук гвардия террористтерге жана кылмышкерлерге каршы чабуулун улантып жатышат” деп ырастады. “Биздин армиянын аракеттери натыйжалуу болууда”, - деди ал.

Украин президенти Петро Порошенко 30-июндун кечинде 10 күндүк ок атпоо келишими аяктаганда аны узартпай койду. Анын айтымында, элдешүү келишими эч дурус жыйынтык берген жок, болгону сепаратисттер бул учурдан пайдаланып, Орусиядан жаңы куралдарды алдырышты, күчтөнүп алышты.

Украинанын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, ошол элдешүүнүн учурунда 27 аскер курман болду.

Порошенконун ок атууну токтотуу келишимин узартпоо чечимин Орусия сынга алды. Тышкы иштер министри Сергей Лавров “Порошенконун чечими кесепети канчалык оор болоору белгисиз кан төгүүлөрдүн жаңы айлампасына жол берет” деди.

Ал эми президент Владимир Путин: "Азырга чейин Петр Порошенко аскерий аракеттерди баштоо боюнча тикелей буйруктарга катышпай келген. Эми ал аскерий эле эмес, андан да маанилүү саясий жоопкерчиликти да толук өзүнө алды", - деди.

Владимир Путин 1-июлда Москвада чет өлкөлөрдөгү орусиялык элчилер менен жолугушууда сүйлөп жатып, “Украинадагы кризисти Батыш бүтүн регионду бейстабилдештириш үчүн колдонуп жатат” деп айыптады.

Ал арада Брюсселде 1-июлда өткөн жыйынында Евробиримдик Украинадагы абалды “өтө чырмалышкан” деп таап, Орусияга азырынча жаңы санкция киргизбей турууну чечти.

Немис канцлери Ангела Меркел жазаналар тууралуу 2-июлда НАТОнун башчысы менен жолугушуудан кийин: "Орусияга карата санкциялар маселесинде биз азыр экинчи деңгээлге жеттик десем болот. Мен бул боюнча биз жаңы кадамдарга бараарыбызды жокко чыгара албайм. Бирок азырынча чечим кабыл алына элек", - деди.

Айрым маалымат булактары билдиришкендей, Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн элчилери 7-июлда кайрадан жыйналышка чогулуп, Москвага карата жаңы санкцияларды карашы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG