Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Украина ассоциация келишимине кол коюуга даярданууда


Президент Порошенко мурдагы жана азыркы тышкы иштер министрлери: Павло Климкин (солдо) жана Андрей Дешица (оңдо) менен. 19-июнь, 2014-жыл, Киев.
Президент Порошенко мурдагы жана азыркы тышкы иштер министрлери: Павло Климкин (солдо) жана Андрей Дешица (оңдо) менен. 19-июнь, 2014-жыл, Киев.

Украина 27-июнда Еврошаркет менен ассоциация келишиминин экономикалык бөлүгүнө кол коёру күтүлүүдө. Бул маанилүү окуянын алдында президент Петро Порошенко тышкы иштер министрин алмаштырды.

Украин тышкы саясий мекемесин жетектөөгө келген Павло Климкин бир жагынан Еврошаркетке интеграцияны, экинчи жагынан Орусия менен бузулган мамилени жөнгө салуучу чебер сүйлөшүүчү катары сыпатталууда.

Президент Петро Порошенко Еврошаркет менен ассоциация келишиминин экономикалык бөлүгүнө 27 - июнда кол коёрун 19-июнда Украинанын жаңы тышкы иштер министри Павло Климкинди тааныштырып жатып ырастады.
Келишимге кол коюуга даяр экендиктерин Еврошаркеттен да билдиришүүдө.

Украинанын Еврошаркет менен жакындашуусун караган келишимдин саясий бөлүгүнө Киев тараптан премьер-министр Арсений Яценюк март айында кол койгон. Анткени ал кезде өлкөдө легитимдүү президент жок эле.

Киевдик талдоочу Мария Колесник “Азаттык” менен маегинде ассоциация келишиминин Украина үчүн мааниси тууралуу мындай деди:

- Саясий бөлүгү жөнүндө айтсакбул Украина үчүн Еврошаркет менен мындан ары да интеграциялануу жана алыскы келечекте Еврошаркетке мүчө болуу үмүтү. Ал эми экономикалык бөлүгү, бул - эркин соода зонасы. Украин товарлары үчүн бажы пошлинасы төлөнбөй турган квота бар жана ал квота жылдан - жылга өсө берет. Азыр Украина үчүн Еврошаркет жарым жылдык мөөнөт менен бир тараптуу түрдө кабыл алган преференция режими иштеп жатат.

Мурдагы президент Виктор Януковичтин Еврошаркет менен дал ушул ассоциация келишимине кол коюудан капыстан баш тартышы, анын бийликтен кулашына, Орусиянын Крымды аннексиялоосуна жана өлкөнүн чыгышында да орусиячыл жикчил кыймыл жанданып, арты кан төгүү менен коштолгон кагылышууларга алып барды.

Бирок Кремл май айынын соңунда президенттикке шайланган Петро Порошенконун бийлигинин легитимдүүлүгүн тааныды жана Украинанын жаңы өкмөтү менен диалогго даярдыгын билдирген.

Эгер тараптар чындап диалогко барса, саясатта же экономикада болсун кызыкчылыктар бир топ кагылышкан маселелерди сүйлөшүүгө туура келет.

Тышкы иштер министринин кызматына дайындалган Павло Климкин бир жагынан Украинанын Еврошаркетке интеграциясы, экинчи жагынан Москва менен бузулган мамилесин оңдоо боюнча татаал дипломатияны башкарууга жөндөмдүү адис катары сыпатталууда.

Украин дипломатиясынын жаңы башчысы кезинде Орусияда төрөлгөн жана жогорку окуу жайды Москвадан бүтүргөн.

Ага чейинки тышкы иштер министри Андрей Дешица Киевде орус элчилиги астында нааразылык акциясын өткөрүп жаткандар арасында туруп, Путиндин дарегине айтылган осол сөздөрүнө байланыштуу тутанган жаңжалдын артынан алмаштырылды.

Анткен менен жаңы тышкы иштер министри Климкинди, киевдик саясий талдоочу Андреас Умланддын пикиринде, Порошенконун орусячыл тандоосу катары баалоого болбойт:

- Менимче, ал саясий билдирүүлөрдү жасоо жагынан карманат. Бирок мурдагы жана азыркы тышкы иштер министрдин ортосунда идеологиялык айырма жок. Ал экөөсү тең батышчыл, болгону иш алып баруу стилинде гана бир аз айырмачылык бар деп айтаар элем.

Павло Климкин Янукович былтыр ноябрда Еврошаркет менен ассоциация келишимине кол коюудан баш тартканда, Германияда элчи болчу жана немис маалымат каражаттарына бул чечимге өкүнүч билдирип сүйлөгөн.

2008-жылы Еврошаркет менен ассоциация келишиминин шарттары боюнча башкы сүйлөшүүчү болгон. Талдоочулар ушул фактор да анын тышкы иштер министри кызматына дайындалуусунда чечүүчү роль ойногонун белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG