Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Порошенко гуманитардык коридор ачууну тапшырды


Украина аймагындагы орусиялык жикчилдер. Славянск. 10-июнь, 2014-жыл.
Украина аймагындагы орусиялык жикчилдер. Славянск. 10-июнь, 2014-жыл.

Украина президенти Петро Порошенко коопсуздук күчтөрүнө өлкөнүн антитеррордук операция жүрүп жаткан аймактарынада жөн-жай тургундар үчүн гуманитардык коридор жаратууну буюруду.

Орусия бул чечимди кубаттады. Мунун алдында украин Тышкы иштер министрлиги президент Порошенконун өлкөнүн чыгышында кыянатчылыктарды токтотууну караган план боюнча Киев менен Москва “өз ара түшүнүшүүгө” жетишкенин билдирген эле.

Украин президентинин басма сөз кызматы жарыялагандай, Петро Порошенко антитеррордук операция жүрүп жаткан райондордон чыгып кеткиси келген жөн-жай тургундар үчүн гуманитардык коридор жаратууну күч түзүмдөрүнүн жетекчилигине шейшембидеги жыйында тапшырды.

Президенттин көрсөтмөсүнө ылайык, өкмөт антитеррордук операция жүрүп жаткан аймактардан адамдарды ташууну уюштуруп, аларды суу, тамак-аш жана медикаменттер менен камсыздоо үчүн жер-жерлерде мобилдик бекеттерди жайгаштыруусу керек.

Мунун алдында, өткөн жекшемби күнү Украинанын жаңы президенти “урушту ушул аптада аякташыбыз” керек деп айткан эле.

Эми жөн-жай тургундар үчүн гуманитардык коридор жаратуу тапшырмасынын берилүүсү өлкөнүн чыгышындагы аскерий аракеттер басаңдабастан, кайра күчөйт дегенди билдирбейби? Биз бул суроону киевдик саясий талдоочу Владимир Фисенкого жолдодук:

- Аскерий аракеттер, эгер орусиялык согушкерлерди конфликт зонасынан чыгаруу макулдашылбаса, улантыла бериши мүмкүн. Анткени, чынында Донбасстын аймагында биз менен жикчилдер эле эмес, орусиялык согушкерлер да күрөшүүдө. Бул согуштун токтошуна Орусия менен анын адамдарын, согушкерлерин биздин аймактан чыгарып кетүүнү макулдашуу аркылуу гана жетишүү мүмкүн. Президент Порошенко өз сөзүндө эгер макулдашуу жетишилсе, согушкерлерди чыгарып кетүү үчүн да коридор берилиши мүмкүндүгүн айтты. Бирок чаташтырбоо керек, согушкерлерди Украинадан Орусияга чыгарып кеткен коридор менен жөн-жай тургундарды аскерий аракеттердин зонасынан чыгарып кеткен коридор эки башка нерсе.

Талдоочу Владимир Фисенко “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, украин Тышкы иштер министрлигинин президент Порошенко сунуш кылган пландын негизги бөлүктөрү боюнча Орусия менен “өз ара түшүнүшүүгө жетиштик” дегени азырынча аша чапкандык:

- Эгер тараптар толук түшүнүшүүгө жетишсе, орусиялык согушкерлерди Украинанын аймагынан чыгаруу башталмак. Бул башталбагандан кийин толук түшүнүшүү жөнүндө айтуу эртелик кылат.

Киев менен Москва өз ара түшүнүшүүгө жетишкени тууралуу украин Тышкы иштер министрлиги кечээ билдирген. Анын алдында Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча Украина, Орусия жана ЕККУ кирген үч тараптуу байланыш топтун жыйыны президент Порошенконун катышуусунда өткөн эле.

Киевдик саясий талдоочу Владимир Фисенко “Азаттык” менен маегинде президент Порошенконун планынын негизги багыттары тууралуу:

- Орусиялык согушкерлер биздин аймактан чыгарылгандан кийин эки облустун чек арасына жана аймагына көзөмөл орнотуу жагы камсыздалса, эл аралык байкоо астында жергиликтүү бийликтерди шайлоо керек. Ушундан кийин гана Донбасстын эли шайлаган жаңы жетекчилер менен сүйлөшүү болот.

Орусия Украинанын чыгышында аскерлери же аскерий нускоочулары бар деген ырастоолорду буга чейин бир нече ирет төгүндөгөн.

Ал эми украин армиясынын аскерий аракеттерин “жазалоочу операция” деп атап, расмий Киевди Украинанын чыгышында аларга каршы чыккандар менен түз сүйлөшүүгө чакырып келет.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров шейшембиде Германия жана Польша Тышкы иштер министрлери менен жолуккандан кийин:

- Биздин ишенимибизде, кырдаалды жөнгөрүүдөгү ачкыч - нааразылык билдирип жаткандарга каршы аскерий операцияны токтотуу. Ушундан кийин силер жикчилдер деп атаган адамдар, менин ишенимимде, оң жооп кайтарат. Ал жакта согуш улануусуна эч ким кызыкдар эмес,- деп билдирди.

Сергей Лавров өз сөзүндө украин президентинин өлкөнүн уруш уланып жаткан чыгышында жөн-жай тургундар үчүн гуманитардык коридор түзүү чечимин кубаттап, бул коопсуздук күчтөрүнүн колу-жолун бошоткон “аскерий эмес кадам” деген үмүтүн билдирди.

Орусиячыл жикчилер Луганск жана Донецк облустарынын аймагында “Элдик республика” түзүшүп, алардын көз карандысыздыгын жарыялашкан.
Украин бийликтери болсо бул “элдик республикаларга” караштуу топторду “террорчул” деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG