Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Луганск: жикчилдер чек ара гарнизонуна кол салды


Орусиячыл согушчандар жана өрт өчүргүчтөр Луганск облбийлигинин имаратын таштап качууда. 2-июнь, 2014-ж.
Орусиячыл согушчандар жана өрт өчүргүчтөр Луганск облбийлигинин имаратын таштап качууда. 2-июнь, 2014-ж.

Украинанын чыгышында жикчилдер менен согуш жүрүүдө. 2-июнга караган таңда орусиячыл козголоңчулар Луганск шаарынын четиндеги чек ара отрядынын гарнизонуна чабуул жасашты.

Чек арачылардын ырасташынча, базага пулемет, автомат жана гранатомет менен куралданган 400 чамалуу согушчан кол салган.

Чек арачылар козголоңчуларды "турак үйлөрдүн терезелеринен жана чатырларынан ок атты, адамдарды тирүү калкан катары пайдаланды" деп айыпташты. Ошондой эле өлкө чыгышындагы антитеррордук операцияга катышкан Улуттук гвардиядан эч кандай жардам болбогонун айтышты. Козголоңчулардын айтымында, гарнизондон чыгып кеткенге коопсуз жол сунуш этишсе чек арачылар көнбөй койгон.

Украиналык чек арачылардын айтымында, Лугансктын четиндеги гарнизонго 2-июнда жасалган чабуул кезде 5 эрегишчи жок кылынган, сегизи жарадар болгон. Жети чек арачы да жараат алган. Бирок эрегишчилердин билдиришинче, бир гана адамы жарадар болгон.

Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов 2-июнда Киевде депутаттар жана кабарчылар менен кездешүүдө Луганскта чек арачылар курчоодо калганын айтып, жалпы кырдаал тууралуу мындай деди:

- Луганск облусунун Городи́ще жана Донецк облусунун Амвросиевка шаарларынын ортосундагы чек арачылардын абалы абдан оор. Алар террорчулар убактылуу көзөмөлдөгөн аймакта экени факт. Чек арачылар өлкөнүн чек арасын кыйын шартта коргошууда.

Донецк облусундагы орусиячыл козголоңчулардын ордосу Славянсктын жанында да айыгышкан уруш жүрүп жатканы маалымдалды. Ал жакта артиллериялык чабуулдан "Славтяжмаш" заводунун цехтеринин биринде өрт чыкканы айтылат.

Орусиячыл козголоңчулардын "Восток" батальонунун снайпери Донецкиде өкмөттүк имратты бутага алууда. 29-май 2014
Орусиячыл козголоңчулардын "Восток" батальонунун снайпери Донецкиде өкмөттүк имратты бутага алууда. 29-май 2014
Өткөн аптада козголоңчулар Донецктин аэропортун басып алганга аракет кылган жана тик учарды атып түшүргөндө 14 аскер, анын ичинде бир генерал өлгөн.

Жикчилдер Донецк жана Луганск облустарын эркин республика деп жарыялашкан.

Козголоңчулар 2-июнда Луганск облустук бийлигинин имаратына урулган авиасоккудан беш адам өлүп, 10 адам жарадар болгонун билдиришти. Жергиликтүү оорукананын башчылары эки адам өлгөнүн айтууда. Облбийликтин имаратын жикчил согушчандар бир нече жума мурда басып алышкан.

Украинанын УНН жаңылыктар агенттиги Славянсктан Харьковго алгачкы 95 качкын келгенин билдирди.

ЕККУнун миссиясы 26, 29-майда жикчилдер кармап кеткен тогуз байкоочусу менен дале байланыша албай жатат.

Өзүн Донецк элдик республикасынын тарапкерлери деген куралчандар 2-июнда “Донетчина” басмаканасына келип, “Донбасс” жана “Вечерний Донецк” гезиттеринен саясый багытин өзгөртүүнү талап кылышты. Алар журналисттерди эч жакка чыгарбай кармап, “Донбасс” гезитинин башкы редакторун белгисиз жакка алып кеткен. Бул жөнүндө Интерфакс агенттигине басмакананын кызматкерлеринин бири айтып берген.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-июнда Украина өкмөтүнөн өлкө чыгышындагы согуштук аракеттерди тез токтотууну талап кылды. Ошондой эле Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешине ок атууну токтотуу жана уруш жүрүп жаткан жерлерден адамдарды коопсуз чыгарып кетүүчү “гуманитардык жолду” ачуу боюнча сүйлөшүүнү баштоо жөнүндө резолюция долбоорун киргизерин маалымдады:

- Орусия бүгүн Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине резолюция долбоорун киргизүүнү мерчемдөөдө. Ал зулумдукту тез токтотууга жана ок атууну биротоло токтотууга жетишүү үчүн сүйлөшүү баштоого чакырат. Резолюциянын долбоорунда согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарды таштап кетүүнү каалагандар болсо, алар үчүн токтоосуз гуманитардык коридор түзүү талап кылынат.

Орусиянын НАТОдогу элчиси Александр Глушко альянсты "украин өкмөтүн өлкө чыгышында күч колдонууга шыкактоодо жана кризисти жөндөөнүн тынч жолун табуу аракетине тоскоолдук кылууда" деп сындады.

НАТОнун өкүлү украин кризисин жөндөөдө альянс жана Москва такыр башка көз карашта экенин билдирип, жикчилдерди колдоону токтотууга чакырды.

АКШнын финансы министри Жек Лью 2-июнда Вашингтондо сүйлөп: “Орусия өз чек арасы аркылуу курал, каражат жана согушкерлерди тоскоолсуз өткөрүп жатканын тастыктаган далилдер бар. Президент Путиндин келерки кадамы белгисиз,” - деди.

XS
SM
MD
LG