Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Украина: мыйзамсыз референдум


Украина -- Референдумдан кийинки добуш саноо алдында. Донецк, 11-май, 2014
Украина -- Референдумдан кийинки добуш саноо алдында. Донецк, 11-май, 2014

Киев өкмөтү жана Батыш Украинанын чыгышындагы жикчилердин референдумун “мыйзамсыз” деп баалашууда. Орусиячыл активисттердин ырастоосунда, Донецкте добуш бергендердин дээрлик 90 проценти “өз алдынчалыкты” колдошту.

Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери Брюсселдеги жыйында 11-майдагы референдумга байланыштуу чара көрөөрү күтүлүүдө.

- Чыгыш Украинада Москва менен тыгыз байланыштагы айрым адамдардын “референдум” деп аташкан өнөктүктөгү активдүүлүгүн байкадык. Окуялар мындан ары кантип өнүгөөрүн көрөөрбүз. Москванын сөздөрүнө эмес, жасаган иштерине жараша баа бериш керек. Акыркы бир нече айда муну жакшы түшүнүп калдык, - деди министрлердин жолугушуусу алдында Швециянын тышкы мекемесинин жетекчиси Карл Билдт.

Донецктеги добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары өнөктүк аяктагандан 2 саат өтүп өтпөй жарыяланды.

Ошол эле күнү Луганск облусунда өткөн элдик добуш берүүгө катышкандардын 96 проценти көз карандысыздыкты колдошконун жикчилердин шайлоо комиссиясы маалымдады. Ошол эле маалыматка ылайык, калкы 2 миллиондон ашкан облуста добуш берүүчүлөрдүн 81 проценти өз эркин билдиришти.

Өнөктүккө эл аралык өкүлдөр байкоо жүргүзүшкөн жок.

Украинанын тышкы иштер министрлиги референдумду Москва уюштурган “кылмыштуу маскарачылык” деп атады. “Добуш берүүгө Кремл шыкакчы болгон, аны уюштурган жана каржылаган” – деп айтылат тышкы мекеменин билдирүүсүндө.

Ал эми Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров эми добуш берүүнүн жыйынтыктары ишке ашырылат деп үмүттөнөөрүн айтты:

- Донецк жана Луганск облустарынын калкынын эркин урматтайбыз. Анын жыйынтыктары зордук-зомбулуксуз, Киев, Донецк жана Лугансктын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү аркылуу ишке ашырылат деп ишенебиз.

Донецктеги козголоңчулардын лидери Денис Пушилиндин айтымында, эми өкмөт жана аскердик структураларды түзүү жараяны башталат.

Өзүн облустун “элдик губернатору” деп атаган Павел Губарев Орусиянын телеканалына билдиргенине караганда, референдум Украинанын чыгышында “Новорусия” деген өлкө түптөөгө карай алгачкы кадам болду.

Ал тапта Киев козголоңчуларга каршы жүргүзүп жаткан операция уланууда.

Кабарларга ылайык, Украинанын улуттук армиясынын аскерлери Донецктен 30 километрдей алыс орун алган Красноармейск шаарынын мэриясынын жанында топтолгон элге ок ачкан. Жикчилердин өкүлү кеминде 1 киши набыт кеткенин билдирди.

Анын алдында аскерлер референдум өтчү добушканаларды жаптырышкан.
Жикчилердин ырастоосунда, бир катар майда шаарчаларда полиция добуш берүүчүлөрдүн референдумга катышуусуна тоскоолдук түзгөн.

Дагы бир маалыматтарга караганда, жашы жетелек балдар добуш берген, бир эле кишинин бир нече ирет бюллетен таштаган же башка бирөө үчүн добуш берген учурлар байкалган.

Өзүн Словянск шаарынын мэри деп атаган Вячеслав Пономарев добуш берүүгө элдин “100 проценти” катышканын билдирди.

- Албетте, федералдаштырууну колдойм. Киевдеги бийликти тааныбайм. Алар бийликке бандиттик жол менен клеген хунта, - дейт Словянскинин тургуну Светлана.

Өткөн жумада кан төгүү болгон Мариуполдун калкы жарым миллион болгону менен, шаарда 8 гана добушкана ачылган. Эл узун кезекке тизилгендиктен, айрым жерлерде бюллетен салган кутуларды сыртка чыгарып коюшкан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти добуш берүүнү “жарылып-бөлүнүү жана башаламандыкты күчөтүүгө багытталган аракет” деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG