Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Украина: "референдум", "кылмыш" жана "фарс"


Украина -- Добуш берүүчү жайлардын бири, Донецк, 11-май, 2014.
Украина -- Добуш берүүчү жайлардын бири, Донецк, 11-май, 2014.

Расмий Киев Украинанын чыгышындагы кечээги добуш берүүнү “кылмыш” жана “фарс” деп атады. Ал эми уюштуруучулар референдумга элдин жетмиш пайыздан ашууну келгенин билдиришти. Орусиячыл жикчилердин бул саясий өнөктүгү өлкөнүн чыгышындагы абал чыңалып, бийликтер козголоңчуларга каршы антитеррордук операция өткөрүп жаткан кезде болду.

Украин тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Донецк жана Луганск облустарынын аймагындагы кечээги добуш берүүнү “Кремль уюштуруп, каржыланганы” айтылат. Бийлик өкүлдөрү болсо кечээги окуяны дегеле референдум деп атоого болбосун айрым аргументтер менен бекемдөөгө аракеттеништи.

Юстиция министри Павло Петренко кабарчылар менен маегинде буларды айтты:

- Маселен Словянск шаарынан бюллетень делген 100 миңдей кагаз алынды. Анда Донецк республикасынын көз карандысыздыгын колдогон белги коюлган. Тизме боюнча Словянскта 145 миң шайлоочу бар. Демек, террорчулар менен бандиттер алар референдум деп атаган нерсенин жыйынтыгын ал башталганга чейин эле бурмалоону көздөшкөнү көрүнүп турат. Мектеп директорлору, коммуналдык кызматтардын башчылары коркутууга кабылган. Террорчуларды колдошпосо, жок кылып салышарын да айтышкан.

Украинанын Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Мариупол шаарындагы антитеррордук операция учурунда күн мурунтан эле "ооба" деген белги коюлган 10 миңдей бюллетень алынган.

Президентинин милдетин аткаруучунун администрация башчысы Сергей Пашинский Киевдеги басма сөз жыйында мындай деди:

- Мариуполдо төрт гана шайлоо бекети бар. Өзү жүз бекет болушу керек. Луганскта жети гана шайлоо бекети уюшулган. Мунун баары добуш берүүдөгү активдүүлүк жогору деген ырастоолор чындыкка коошпосун көргөзүүдө. Мен дагы бир жолу айтам. Бул референдум эмес. Бул террорчулар, бандиттер менен киши өлтүргүчтөрдүн өз ишмердигин Луганск менен Донецктин эли аркылуу актоо аракети.

Расмий Киев кескин түрдө четке каккан референдумдарды Донецк менен Луганскта буга чейин “элдик республикалар” түзүлгөнүн жарыялагандардын шайлоо комиссиясы уюштурду.

Добуш берүүгө келгендер ушул “элдик республикалардын” “мамлекеттик өз алдынчалык тууралуу актысын колдойсузбу же жокпу” деген суроого жооп беришти. "Өзүнчө республиканы каалайбыз. Башка эч нерсенин кереги жок. Өзүбүздүн тилибиз болот, өз көйгөйүбүздү өзүбүз чечебиз",- деди
Словянск шаарынын шайлоо бекетине келген тургундарынын бири.

Донецктеги шайлоо комиссиясынын башчысы Роман Ляхин билдиргендей, алардагы референдумга элдин “басымдуу бөлүгү” келди. Бирок бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Анткени көз карандысыз байкоочулар болгон жок.

Донецк шаарынын өзүндөгү айрым шайлоо бекеттеринен эл добуш берүү үчүн кезек күтүп турушканы байкалды. Бирок башка аймактарда шайлоо бекеттери ачылган эмес.

Жикчил лидерлердин ырастоосунда, маселен Донецк чөлкөмүнүн батыш бөлүгүндөгү бекеттерге шайлоочуларды полиция киргизбеди. Ушундай эле көрүнүштөр Луганск облусунун төрт районунда кездешкен.

Бул аймактагы шайлоо комиссиясынын өкүлү Василий Никитин кабарчыларга буларды айтты:

- Бюллетень, протокол салынган унаалардын жолун армия тосуп жатат. Биздин унаалардын жолун БТР, БМП мененг торошуп, өткөрбөй коюшкан.

Украинанын чыгышындагы референдумдарды расмий Киев менен кошо Батыш өкмөттөрү да тааныган жок.

АКШ бул иш чараны “мыйзамсыз” деп атап, максаты - Украинаны мындан ары да бөлүп-жаруу жана башаламандык уюштуруу экенин белгиледи.

Вашингтондогу Пью иликтөө борборунун жыйынтыгы өткөн аптада жарыялаган сурамжылоосуна караганда, Украинанын чыгышындагылардын 80 пайызы өлкөнүн бүтүндүгүн колдошот, 18 пайызы гана бөлүнүүнү жакташат.

Жикчилер референдум өткөрдүк деген Донецк менен Луганскта Украинанын 46 миллион калкынын 6,5 миллиону жашайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG