Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:15

Сот Януковичти 13 жылга кести


Виктор Янукович
Виктор Янукович

24-январда Киев соту Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти 13 жылга сыртынан соттогон өкүм чыгарды.

Өкүмдө ал Орусия президентине кат жазып, Украинага аскерлерди киргизүүгө чакырганы белгиленген.

Виктор Янукович 2014-жылы февралда Киевдеги нааразылыктардан кийин бийликтен кулатылган. Ушул окуядан соң Орусия Крымды аннекциялап, Донбасста согушкан орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөткөн.

Сот өкүмү окулган зал.
Сот өкүмү окулган зал.

Украинанын экс-президенти Виктор Януковичке үч берене – “мамлекеттик чыккынчылык”, “баскынчыл согушка жардам берүү” жана “Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузуу” беренелери боюнча айып тагылган.

Киев сотунун 24-январда чыгарган өкүмүнө ылайык, Януковичке эки айып - “мамлекеттик чыккынчылык”, “баскынчыл согушка жардам берүү” беренелери боюнча тагылган күнөөлөр далилденди.

- Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албаганына карабастан, күбөлөрдү угуп, эксперттердин жыйынтыктарын, документтерди жана далилдерди иликтеп, айыптоочу жана коргоочу тараптын пикирлерин баалагандан кийин Украинанын Кылмыш кодексинин “чыккынчылык”, “баскынчыл согушка жардам берүү” беренелерине ылайык, айыпталуучунун күнөөсү далилденди, - деди судья Владислав Девятко.

Мамлекеттик айыптоо Украинанын мурдагы президентин 15 жылга соттоону сураган. Судья Владислав Девятконун сот өкүмүн окуп жатып айтканына караганда, Янукович мыйзамсыз экенин билип турса да Орусиядан Украинага аскер киргизүүнү суранган:

- Өзүнүн аракеттеринин мыйзамсыз экендигин билип туруп, Янукович чет мамлекетке - Орусия Федерациясына Украинага каршы диверсия уюштурууга, мамлекеттик чыккынчылык жасап, орус бийликтеринин өкүлдөрүнө Украинага каршы баскынчыл согуш жүргүзүүгө жардам берген.

Виктор Янукович менен Владимир Путин. 2013-жыл
Виктор Янукович менен Владимир Путин. 2013-жыл

Тергөөнүн маалыматында Виктор Янукович Путинге аскер киргизүүнү сураган мазмундагы катты өлкөдөн качып кеткенине бир апта өткөндөн кийин, 1-мартта жазган. Ал өз катында "дагы деле Украинанын мыйзамдуу шайланган президенти экенин, өлкө жарандык согуштун алдында турганын, мамлекетте хаос жана анархия өкүм сүрүп жатканын айтып, мыйзамдуулукту, тынчтыкты, тартипти, туруктуулукту калыбына келтирүү жана Украин жарандарын коргоо максатында Орусия президенти Путинден Куралдуу күчтөрдү колдонууну" суранган.

2014-жылдагы окуялардын өнүгүшүн карай турган болсок, Владимир Путин Федерация Кеңешине Украинанын аймагында Куралдуу күчтөрдү колдонууга уруксат берүүнү сурап 1-мартта кайрылган. 3-мартта болсо БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын өкүлү ал каттын фотокөчүрмөсүн көрсөткөн. Эртеси күнү Януковичтин атынан ушундай мазмундагы кат келгенин Путин өзү да ырастаган.

Бирок 2017-жылдан тарта бул кат тууралуу Кремль да жана Янукович да четке каккан.

​Янукович учурда Орусияда баш калкалап жүргөндүктөн өкүм сыртынан чыгарылып жатат. Анын адвокаты экс-президент операция болуп, ушул тапта дарыланып жатканын айтканын 112.ua. телеканалы кабарлады. Былтыр ноябрда Украинанын экс-президентинин адвокаты Янукович ооруканага жатып калгандыктан, сот процессине видео байланыш аркылуу да катыша албай тургандыгын билдирген. Янукович өзүнө козголгон бул ишти саясий максатты көздөйт деп айтып келүүдө. Анын үстүнөн сот иши 2017-жылдын жазында башталган.

Москва менен жакын мамиледе болгон Украинанын экс-президенти 2014-жылдагы үч айдай убакытка созулган нааразылыктар – Евромайдан окуяларынан кийин бийликтен кулатылган. Анда укук коргоо органдары менен демонстранттар кагылышып, 100дөн ашык киши курман болгон.

Майдан окуялары. Февраль, 2014-жыл
Майдан окуялары. Февраль, 2014-жыл

Ушул окуялардан соң Орусия Крымга аскер жиберип, маанилүү мамлекеттик имараттарды, аймактык мыйзам чыгаруучу кеңешин көзөмөлгө алган жана жарым аралда референдум өткөргөн. Жыйынтыгы Крымдын Орусиянын курамына киришине алып келген ал референдумду Бириккен Улуттар Уюмуна кирген 100дөн ашык мамлекет тааныган эмес.

Москва ошондой эле Донбасста украин өкмөтүнө каршы согушкан орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөткөн. Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинен берки уруштардан 10300дөн ашуун киши жарыкчылык менен кош айтышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG