Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Ющенко: Мен беш жыл үчүн башымды жерге салбайм


Виктор Ющенко 17-январдагы шайлоодо элдин колдоосун ала албайт өңдүү
Виктор Ющенко 17-январдагы шайлоодо элдин колдоосун ала албайт өңдүү

Украинадагы “саргылтым ыңкылаптан” кийин Виктор Ющенко өлкөнүн президенттигине келгенден бери беш жылдан ашуун убакыт өттү. Быйыл 17-январда өтө турган президенттик шайлоого ал дагы бир ирет ат салышат. Бирок беш жыл мурдагыдан айырмаланып, бул ирет Ющенко элдин колдоосуна ээ болбой калышы айкын болуп турат.

Виктор Ющенко үчүн Украинадагы башкы мамлекеттик кызматка келүү оңой болбоду. Ал шайлоодогу массалык бурмалоолордон эле эмес, андан саал мурдараак дээрлик өлүмгө тете уулануудан да аман калды.

Булар бийликке келсе, эркиндик, демократия жоголот
Бирок 2004-жылдагы ыңкылаптан берки алгачкы президенттик шайлоого ал дээрлик куру-жалак катышканы турат. Анткени андан бери түгөнбөгөн саясий талаш-тартыштардан, Москва менен каяма айтышуулардан чарчаган украиналыктар Ющенкону бул ирет колдошпойт өңдүү. Ошентсе да акыркы беш жылдагы иши үчүн президент өкүнбөй турганын айтты.

“Мен беш жылда президент катары кандайдыр бир катачылыктарга жол берип, жеңилдим деп эч качан башымды жерге салбайм. Украин эли муктаж болгон нерсени бере алдым, - деп айтты ал. - Эгер эл аны түшүнсө, бул анын куткарылганы, түшүнбөсө, анда Янукович Тимошенко сыяктуулар менен Кремлдин кол астында 15-20 жыл кала берет. Бул ошого тете нерсе”.

Коом пикирин бирүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы көргөзгөндөй, Виктор Янукович менен Юлия Тимошенко бул жолку шайлоодо жеңишке жетиши мүмкүн болгон башкы атаандаштардан болуп калышат.

Баса, Юлия Тимошенко “саргылтым ыңкылап” учурунда Ющенконун жакын санаалаштарынан болгон.

Ыңкылаптан бери Тимошенко айым президент менен далай ирет жаңжалга түшүп, кайра бириге калышкан учурлары да болду.

Жөнөкөй эле тандоо

Бүгүн эми шайлоо алдынан Ющенко башщкы эки атаандашын катуу айыптап, непадам Янукович менен Тимошенконун бири өлкө башына келсе, украин мамлекети орустардын басымы астында калат деди.

“Булардын бийликке келиши авторитаризмдин орношуна алып келет. Анткени алар экөө тең Москванын кол астында болушат, - деп ойлойт украин президенти. - Эркиндик, демократия дегенди жоготуп, “украинчилдик” деген түшүнүктү жоюшат. Бүгүн эл жөнөкөй эле эки багыттын бирин тандашы керек. Булар - Кремлдин саясатын колдогон ушу түгөйдүн багыты жана Европалык багыт”.

Өлкөнүн чыгышындагы орус тилдүү калктын көпчүлүгү колдогон Янукович мырза эгерде президент болуп шайланчу болсо, анда Украинанын НАТОго мүчө болушуна каршы тураарын билдирген.

Украин эли мени колдобосо, Москванын үстөмдүгү астында калат
Азыркы президент Ющенко болсо, тетирисинче, мамлекетти НАТОго кошо албай жүрөт.

Эгер Януковичтин ою ишке ашса, бул - Украинанын улуттук кызыкчылыгына олуттуу сокку болоор эле, мамлекет аскерий альянска далысын салганын көрсөтөөр эле, деп айтты Ющенко мырза.

Тимошенко айымды болсо ал азыркы экономикалык кыйынчылыктар жана реформанын дээрлик жоктугу үчүн айыптап, кризис азыр дал ушу Тимошенко башкарган өкмөттөн улам орун алууда, деп билдирди.

Премьер-министр Юлия Тимошенко менен оппозиционер Виктор Янукович эгерде президенттик кызматка келип калышса, расмий Москва менен байланышты күчөтүшөөрүн айтышкан.

Орусия менен жыл сайын кышында тутанчу “газ жаңжалы” дал ушу Ющенконун тушунда өнөкөткө айланды.

Бул үчүн Тимошенко айым өз кезегинде президент Ющенкону айыптап, отун-кубат тармагындагы жаңжалдан президент саясий упай топтогонго аракет жасап жүрөт деп билдирген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG