Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Украинадагы дебат талаш


Петро Порошенко жана Владимир Зеленский.
Петро Порошенко жана Владимир Зеленский.

Украина президенти Петро Порошенко атаандашы, шоумен, актер Владимир Зеленскийге шайлоонун экинчи турун утурлай "Олимпийский" стадионундагы дебаттарды 14-апрелде өткөрүүнү сунуш кылды. Бирок Зеленский дебаттар 19-апрелде өтөөрүн билдирип жатат.

Буга чейин президенттик кызматка ат салышып жаткан эки талапкердин ортосундагы эрөөл болжолдуу түрдө 19-апрелде өтөөрү айтылган. Шайлоонун экинчи турун утурлай атаандашы менен салтка айлангандай телестудияда эмес, стадиондо эрөөлгө чыгуу демилгеси Зеленскийге таандык. Анын адаттан тыш сунушу ишке ашабы-жокпу белгисиз. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам боюнча дебаттар Коомдук телеканалда өтүүгө тийиштигин эскертти.

Украина президенти Петро Порошенко экинчи турда ат салыша турган атаандашы Владимир Зеленскийди 14-апрелде эрөөлдөн күтө турганын билдирди. Порошенко жекшембинин кечинде "Украина" телеканалындагы маегинде дебаттар Киевдин "Олимпийский" стадионунда өтөөрүн айтты:

"Стадиондо болсо, ага да макулмун. 14-апрелде, келээрки жекшембиде Зеленский мырзаны өзү сунуштагандай республикалык стадиондо дебатта күтөм. Менимче, дебаттардын мөөнөтү саат 19га же 20га белгиленсе туура болот. Ага көрүүчүлөрдү жана бардык каналдарды чакырам".

Өз кезегинде актер Владимир Зеленский "Твиттерге" жайгаштырган видеосунда Порошенко менен дебаттар Киевдин стадионунда 19-апрелде болорун, атаандашына ар кыл суроолорду камдап жатканын билдирди.

Ал негизинен Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары, Порошенконун жакын санаалашы деген Олег Гладковский менен анын уулу Игордун жазага тартылбай жатышынын себептерине кызыгарын белгиледи:

"Порошенко менен дебатта мен ага ар кандай суроолорду берем. Мисалы, Свинарчуктар эмне себептен азыркыга чейин эркиндикте жүрүшөт? Алар качан камалат деген өңдүү соболдор бар".

Владимир Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчасынын катталуучуларына жана тарапкерлерине Порошенкого суроолорду жазууну өтүндү.

Эки атаандаштын дебатка чыгуу мөөнөтү буга чейин так айтылган эмес. Украина мыйзамына ылайык, эрөөл президенттик шайлоонун экинчи айлампасына кеминде үч күн калганда өтүүгө тийиш. Ал эми шайлоонун экинчи туру 21-апрелге белгиленген.

Дебаттарды адаттагыдай Коомдук телеканалда эмес, стадиондо өткөрүүнү 3-апрелде Зеленский сунуштаган. Мындан тышкары эрөөлдүн алдында талапкерлердин аракеч же баңги эмес экенин элге далилдөө үчүн медициналык экспертиза өткөрүүгө да чакырып, экөө тең 5-апрелде кан тапшырышты.

Президенттин каны таза чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:49 0:00

Зеленскийдин анализдери үч күндөн кийин даяр болмок. Ал эми Порошенконун канынын жыйынтыгы дароо чыгып, тест анын организминде психоактивдүү заттар жок экенин көрсөткөн. Президенттикке талапкер Зеленский бул шартын өлкөгө "саламаттыгы чың президент керек" деп түшүндүргөн.

Анын эрөөл жөнүндөгү демилгесине Петро Порошенко алгач "президентти шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык дебаттар Коомдук телеканалда өтүүгө тийиш" деген жооп кайтарып, бирок кийин стадионго барууну эп көрдү.

Анткен менен Украина Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Татьяна Слипачук Порошенконун маегинен кийин президенттикке талапкерлердин дебаты коомдук телеканалдын студиясында гана өтүшү керектигин айтып, бул эреженин мыйзамда жазылганын жүйө келтирди.

"БШКнын тиешелүү токтомунда дебаттар Киевдин Юрий Ильенко көчөсү - 42 дарегинде болушу керектиги көрсөтүлгөн. Андыктан, дебат ошол жерде өтүүгө тийиш. Ал сөзсүз түрдө мыйзамга ылайык өтүшү керек".

Өлкөдө 31-мартта болгон президенттик шайлоонун биринчи айлампасында куудул, актер Владимир Зеленский 30,2%, учурдагы президент Порошенко 16 пайызга жакын добуш менен экинчи турга чыгышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG