Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

Украина: «баягыдай» эле шайлообу?


Украинадагы шайлоодо "ооруп калды" деп тизмеге киргендер көп болду. Аларды үйлөрүн кыдырып добуш бердиришти.
Украинадагы шайлоодо "ооруп калды" деп тизмеге киргендер көп болду. Аларды үйлөрүн кыдырып добуш бердиришти.

28-октябрда Украинадагы парламенттик шайлоодо оппозиция лидерлери бийлик жеңишти камсыздаш үчүн түрдүү жолдор менен добуштарды уурдап жатат деп даттанды.

Парламенттик шайлоодо президент Януковичтин башкаруучу "Региондор" партиясы, азыр абакта жаткан оппозиционер Юлия Тимошенконун «Батькивщина» жана атактуу мушкер Виталий Кличко жетектеген УДАР партиясы негизги атаандаштардан болууда.

"Карусель" жана "оорукчан" шайлоочулар

Украинада мажоритардык жана пропорционалдык система менен парламентке 450 депутат беш жылдык мөөнөткө шайланып келет. Бул жолку шайлоого төрт миңдей эл аралык байкоочу көз салууда, алардын жети жүзү ЕККУнун өкүлдөрү.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кэтрин Эштон президент Виктор Януковичке кайрылып, парламенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө чакырышкан эле. Бир аз мурдараак Украинанын премьер-министри Николай Азарев парламенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуулар каттала элек деп билдирген болчу.

Бирок оппозиция лидерлери шайлоодо “карусель” ыкмасы кеңири колдонулуп, ошондой эле тизмедеги шайлоочулардын көпчүлүгү түшүнүксүз себептерден улам “массалык ооруп” калышканына айраң таң калышты.

Оппозициялык "Батькивщина" партиясынын штаб башчысы Александр Турчинов Киевде ооруп калган шайлоочулардын саны бир күндө эле 400 миңге көбөйүп калганын айтты. Коррупция менен күрөшүүнү башкы ураан кылып чыккан УДАР партиясынын лидери, атактуу мушкер Виталий Кличко бийлик добуштарды акчага сатып алып жатканын айтты:

Виталий Кличко
Виталий Кличко

- Бул шайлоо таза өтөт деп үмүт кылабыз. Бирок тилекке каршы мен көп добуштарды акчага сатып алуулар болуп жатканын уктум. Эгерде акча берсе тартынбай ала бергиле, ал силерден уурдаган акчасын кайтарып берип атат,-деди Кличко.

Бир катар аналитиктер шайлоодо бийликтин “Региондор” партиясынан кийинки орунга дал ушул УДАР партиясы суурулуп чыгышы мүмкүн экендигин болжошууда.

Президент Виктор Янукович өзү добуш берген соң, жарандарды стабилдүүлүк үчүн шайлоого жигердүү катышууга үндөдү:
Украин президенти Виктор Янукович
Украин президенти Виктор Янукович
- Бул ар бир шайлоочу үчүн маанилүү окуя. Бүгүн маанилүү чечим кабыл алчу күн. Мен стабилдүүлүк, экономиканын өнүгүшү жана биздин жарандардын жакшы жашоосу үчүн добуш бердим,- деди Янукович.

Бул ирет шайлоочулардын катышуусу төмөн экени байкалды. Бирок Украинада шайлоочулар канчалык аз добуш берсе дагы шайлоо өттү деп эсептелет. Аналитиктер салык, пенсия саясаты жана коррупциянын өсүшүнө байланыштуу коомдо азыркы бийликке канчалык нааразылык күч болгону менен баары бир шайлоонун жыйынтыгында президенттин партиясы жеңүүчү болуп чыга келээрин белгилешет. Эгерде Януковичтин партиясы жеңишке жетсе, 2015-жылы анын кайрадан президент болуп шайланып келишине парламенттин салымы чоң болот.

Бийликчил партиянын негизги атаандашы, мурдагы премьер-министр, азыр абакта жаткан саясатчы Юлия Тимошенко түптөгөн "Батькивщина" партиясынын лидери Арсений Яценук:

- Бул шайлоо Украинанын келечегин аныктайт. Украин элинин өзүнүн тандоосун бийлик бурмалабайт деп үмүттөнөм.

ЕККУнун айрым байкоочулары бүгүнкү шайлоодо Тимошенко жаткан Харков түрмөсүндөгү добуш берүүгө байкоо салышты. ЕККУнун өкүлү Нил Саймон 2013-жылы ЕККУга Украина убактылуу төрагалык кылаарын айтып, мындай ишеним көрсөтүү үчүн бүгүнкү шайлоодо украин бийлиги демократиянын жана эл аралык милдеттенмелердин үлгүсүн көрсөтүшү зарылдыгын айтты.

Орусиялык аналитиктер эгерде шайлоо демократиялык шартта өтпөсө Украина эл аралык изоляцияда калуу коркунучу бар экенин белгилешүүдө. Шайлоого байкоо салган эл аралык уюмдар эртең жыйынтык чыгарышат.

Массалык добуш бурмалоо болсо оппозициялык бирдиктүү күч жана мушкер Кличконун тарапкерлери кайрадан Майданга чыгаарын эскертишүүдө.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG