Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Украина 7-февралда президентин шайлайт


Януковичтин жүзүндө жеңишке ишенимден башка нерсе байкалбады
Януковичтин жүзүндө жеңишке ишенимден башка нерсе байкалбады

Жекшембиде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Талапкерлер – Региондор партиясынын башчысы В. Янукович менен премьер-министр Ю. Тимошенко – кечээ элге акыркы билдирүүлөрүн айтышты. Янукович “саргылт доор бүттү” десе, Тимошенко өлкөнүн биримдиги үчүн күрөшөөрүн айтты.

Киевдин борбордук аянтында орнотулган сахнага Янукович кудум жеңишке жеткен адамдай ишенимдүү чыкты.

Ал 17-январда шайлоонун биринчи айлампасында атаандашы Тимошенкодон 10% көбүрөөк добуш алган. Москвага ык алган Янукович непада бул жолку шайлоодо утуп чыкса, беш жыл мурдагы окуянын артка кайтарылганын түшүндүрмөк. 2004-жылкы шайлоодо анын президент катары жеңиши “саргылтым ыңкылап” менен аяктап, бийликтен кетирген эле. Андыктан жума күнкү билдирүүсүндө ал бийлик башына Ющенко менен Тимошенкону алып келген “саргылтым доор аяктады” деп белгиледи.

“7-февраль “Саргылтым доордун” акыркы күнү болот, - деп айтты ал. - “Саргылт башкаруучулуктун” беш жылы украиндерди минтип жашоого болбой тургандыгына ишендирди. Украиналыктардын көбү шайлоонун биринчи айлампасында “саргылтчыларсыз Жаңы Украина үчүн” добуш беришти”.

Ошол эле учурда коңшулаш башка аянтта премьер-министр Тимошенко тарапкерлеринин алдына такыр башкача маанайда чыкты. Ондогон сакалчан поптордун курчоосунда Тимошенко элге кайрылып, өлкөнүн биримдиги үчүн сыйынууга чакырды:

Тимошенко болсо сыйынды...
Мен Кудайдан биздин мамлекетти колдошун суранам. Эч ким мындан ары бизди бөлүп-жарбашын, бизди душманга айландырбашын суранам. Элибиз да, өлкөбүз да биригишин тилеймин”.

Эгерде Янукович шайлоонун жыйынтыктарын бурмаласа, дагы бир жолу “саргылт ыңкылап жасайм”, - деп эскертти ал.

Серепчилер шайлоонун жыйынтыгында бир тарап экинчисин аз эле упай менен жеңе турган болсо, жеңилгени сөзсүз “шайлоодо бурмалоо болду” деп айыптап чыгат дешет.

Бул саясий туруксуздукка алып келиши айкын.

Бирок Мюнхенде өтүп жаткан конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Украинанын тышкы иштер министри Петро Порошенко өлкөсүндөгү шайлоо күрөшү жандуу жүрүп жатканын саясий плюрализмдин бар экени менен түшүндүрдү.

Бийликтин жаңы президентке өтүшү европалык стандарттарга төп келип, шайлоо демократиялык нукта ачык-айкын жүрөт деп ишенебиз. Азыркы ички саясий кырдаалды эске алып, жакынкы жылдары өлкөдө күчтүү оппозиция куралат деп ойлойбуз. Бул жумурияттын мындан ары да демократиялык жолдо өнүгүшүнө кепилдик болот”, - деди тышкы Украинанын иштер министри Порошенко.

Видео тасма. Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы

Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG