Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Украина ыңкылаптан кийинки лидерди тандайт


Эртең Украинада “саргылтым ыңкылаптан” берки алгачкы президенттик шайлоо өтөт. Таң калыштуусу – ыңкылап учурунда жеңилип калган орусиячыл саясатчы Виктор Янукович бул ирет жеңиши мүмкүн.

Украиналыктар өлкөдө коррупцияны жоюп, экономикалык реформа жасайбыз деген ыңкылапчыл лидерлерден көңүлү калгандай туюлат. Бирок ошол лидерлердин бири, азыркы өкмөт-башчы Юлия Тимошенко “саргылт ыңкылап” берген эркиндик анын жеңишине шарт түзөт деп ишенет.

Өзүн Украинанын, керек болсо, “ажарын ачкан эн белгиси” деп көрсөткөн премьер-министр Юлия Тимошенко адатынча өрүлгөн саргылтым чачын бекем бууп, бул ирет президент болуп калса, эмнелерди жасай турганын айтып жатты. Дээрлик үч саатка созулган сөзүндө ал Украинаны Батышка караган мамлекет кылууга сөз берди.

Тимошенко айым өзүн "Украинанын эн белгиси" деп билет
“Мен беш жылдык президенттигим учурунда Украина Евробиримдикке мүчөлүккө алынышы үчүн колдон келген бүт аракетимди жумшайм”, - деп ишендирди Тимошенко айым.

Андан сырткары, мамлекетти азыркы оор экономикалык кризистен чыгарып, дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошом деди.

Ал, албетте, максатын өтө эле жогору койду окшойт. Тимошенкону мамлекеттеги белгилүү эстрада жылдыздары колдойт. Бул деле, саясат үчүн эмес, адамдар үчүн добуш берчү Украинада маанилүү фактор. Бирок коом пикирин билүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоолор азыр Тимошенко президент болушу мүмкүн делгендердин биринчиси эмес экенин көрсөттү. Тимошенконун алдыда Москвага ык алган талапкер Виктор Янукович турат.

Президенттикке ат салышкан 18 талапкердин ичинде Тимошенконун ыңкылап учурундагы жакын санаалашы, азыркы президент Виктор Ющенко да бар. Бирок аны бул ирет шайлоочулардын 3% гана колдошу мүмкүн дешет. Ющенконун тушунда ички саясий талаш-тартыштардан, коррупция менен ийгиликсиз күрөштөн, экономикалык реформада эч нерсеге жетпеген өкмөттүн аракетинен эл көңүлү калганы байкалат.

Тимошенко бизнесмендерге жасаган чабуулун көпчүлүк “болбогон популизм” деп, аны авторитардык аракеттери үчүн айыптады. Акчанын агымын өзүнө жакын жактарга бурганын болсо коррупциялык аракет дегендер да болду.

"Саргылт ыңкылапта" жеңилген Янукович, бул ирет жеңет окшойт
Тимошенко болсо азыр Януковичтин Региондор партиясы өлкөнүн орус тилдүү калкы жашаган бөлүгүндө шайлоонун жыйынтыктарын бурмалайт деп айыптады. Янукович муну четке кагып, тетирисинче шайлоонун жүрүшүнө Тимошенко административдик ресурсу менен терс таасир этете деди. «Региондор партиясынын» лидерлеринин бири Борис Колесников ыңкылаптын лидерлерин «уурулар» деп атады.

“Саргылтым ыңкылапта капарайым эл чындык үчүн күрөшкөн. Ыңкылаптын уюштуруучулары болсо, анын эртеси эле украин элинин мүлкүн бөлүштүрүүгө киришишти”, - деди Колесников.

Жекшембидеги шайлоодо ким утса да, бул жаңы саясий талаштардын башталышы болуп калмакчы. Эгер бир да талапкер көпчүлүк добушка ээ болбосо, 7-февралда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG