Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Европа соту: Тимошенко мыйзамсыз камалган


Тимошенконун жактоочулары Киевдеги нааразылык акциясында көтөргөн плакат. 30-апрель, 2013-жыл.
Тимошенконун жактоочулары Киевдеги нааразылык акциясында көтөргөн плакат. 30-апрель, 2013-жыл.

Адам укуктары боюнча Европа соту Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун доо арыздарынын алгачкысын канааттандырды. Мурдагы премьер-министрдин камалышынын саясий жүйөсү бар деп таап, Тимошенконун укуктары бузулганын баса көрсөттү.

Европанын Адам укуктары боюнча сотунун чечими шейшембиде Страсбургдан жарыяланды. Кээ бир маалымат агенттиктери билдиришкендей, чечим окулуп жаткан кезде украин өкмөтүнүн өкүлү зот залынан чыгып кеткен.

Мурдагы премьер-министрдин кызы Евгения Тимошенко Киевдеги басма сөз жыйында Европа сотунун тыянагын энесин абактан “токтоосуз бошотуу жана саясий жактан актоо жолундагы биринчи кадам, биринчи жеңиш” катары сыпаттады:

Евгения Тимошенко
Евгения Тимошенко
- Соттун чечими камактын саясий жүйөсү бар болгонун жана Тимошенкону абакта кармоонун, менин апамды шылдыңдап, кемсинтүүлөрдүн саясий жүйөсү бар болгонун толугу менен ырастап турат. Мен эми бул чечимдин негизинде украин президентинде аны бошотуу боюнча чечим кабыл алгыдай жүйө бар деп эсептейм.

Европанын Адам укуктары боюнча соту өз чечиминде Киевдин Печерск райондук соту 2011-жылдын августунда Тимошенкону камакка мыйзамсыз алып, анын жеке эркиндик жана кол тийбестик укугун бузганын белгиледи. Бирок ошол эле учурда Тимошенконун абакта ага жаман мамиле жасалды деген дооматтарын негиздүү деп табуудан баш тартты.

"Саясий эмес, укуктук чечим"

Мурдагы премьердин адвокаттарынын бири Сергей Власенко кабарчылар менен маегинде сот тыянагына мындайча баа берди:

- Бул - Тимошенкого байланыштуу Европанын саясий эмес, укуктук институту тарабынан чыгарылган алгачкы чечим. Бгүнкү күнгө дейре президент Виктор Янукович Европарламент же Европанын саясатчылары тарабынан берилген бааны саясий баа деп айта алчу. Бүгүн биз Тимошенконун иши боюнча укуктук баага ээ болдук.

Адвокат Сергей Власенко украин бийликтерин Тимошенкону абактан тез бошотууга чакырып, бул анын укугун калыбына келтирүүнүн жалгыз жолу экенин кошумчалады.

Украин парламентиндеги Тимошенконун жактоочуларынын акциясы
Украин парламентиндеги Тимошенконун жактоочуларынын акциясы
Европанын Адам укуктары боюнча сотунун чечими украин бийликтери үчүн аткарууга милдеттүү эмес. Ал эми расмий Киевде чечимди апелляцияга берүүгө үч айдай убакыт бар.

Украин өкмөтүнүн Европа сотундагы өкүлү Назар Кулчитски аларга чечимди иликтегидей убакыт керектигин айтып, бирок апелляцияга беришерин ишара кылды.

Европа сотунда Тимошенконун дагы бир доо арызы жатат. Экинчи арызында Тимошенко аны адилет сотко болгон укуктан ажыратышканын көрсөткөн.

Тимошенко азыр премьер-министр катары Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен жети жылдык түрмө жазасын өтөөдө. Ал эми 90-жылдардын башында Украинанын энергетикалык компаниясын жетектеген кезинде салыктан качкан, акча уурдаган деген айып менен козголгон экинчи кылмыш иш боюнча сот өкүмү чыга элек.

Украинанын Башкы прокуратурасы мындан сырткары Тимошенкону 1996-жылы депутат жана ишкер Евгений Щербанды өлтүрүүгө буйрук берген деп да шектөөдө. Мурдагы премьер-министр өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагат.

Президент Виктор Янукович Тимошенконун саясий өнөгү, мурдагы ички иштер министри Юрий Луценкого жакында кечирим берген. Кечирим боюнча президент алдындагы комиссия Тимошенко үчүн бул маселени кароо азырынча эртелик кылаарын билдирген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти өткөн айда жарыяланган баяндамасында мурдагы өкмөт башчынын “саясий жүйө” менен абакка түшүшүн Украинанын адам укуктары жаатындагы эң олуттуу көйгөйү деп атаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG