Украин армиясынын өкүлдөрү маалымдагандай, жарылуулар таңкы үч жарымда башталган. Күбөлөр секунда сайын 2-3 жарылуунун добушу угулуп жатканын айтып беришти. Башкы штаб Ичня шаарындагы 6-арсеналда болгон окуяга байланыштуу бүтүндөй Чернигов облусунда чектөөлөр киргизилгенин, бардык тиешелүү мекемелерге, жергиликтүү бийлик органдарына маалымат берилгенин билдирди.
Чукул кырдаалдар министрлиги 20 миңге жакын киши жашаган 30 айыл-кыштак жайгашкан аймак “жабыркашы ыктымал” экенин белгиледи. Ичнянын өзүндө 11 миңдей киши жашайт. Түшкө жуук 12 миңден ашык киши эвакуацияланды. Бир нече убакытка 30 чакырым радиуста аба мейкиндиги жабылды, темир жолдогу жана кан жолдордогу кыймыл токтотулду.
Өзгөчө кырдаалдар мекемелери ушул сааттарга билдиришкендей, аскерлер арасында каза болгондор, жарадарлар жок. Башкы штабдын жетекчисинин орун басары Радион Тимошенко Киевдеги басма сөз жыйынында жергиликтүү эл арасында "жоготуу же жарадар болгондор жок" экенин билдирди.
Жарылуулар менен өрт 700 гектар жерге жайылган. Кампалардан 40 чакырым алыс жайгашкан Прилукада да жарылуулардын добушу угулуп жатканы социалдык тармактарда кабарланууда.
Окуя болгон жерге премьер-министр Володимир Гройсман менен куралдуу күчтөрдүн кол башчысы Виктор Муженко жөнөштү. Чукул окуянын кесепеттерин жоюу боюнча штаб түзүлдү.
Азырынча жарылуулардын себеби белгисиз. Украинанын Коопсуздук кызматы бир нече версияны, анын ичинде диверсия тууралуу божомолду да карап жатат. Башкы штабдын иликтөө тобу ошол тапта кызматта болгон жоокерлердин көрсөтмөлөрүнө таянып, кампанын ар кайсы төрт жеринде жарылуу болгонун, андан кийин өрт чыкканын маалымдады.
Акыркы жылдары Украинанын курал-жарак, ок дары сакталган кампалары жарылып, өрт чыккан учурлар болуп келген.
Былтыр мартта Харьков шаарынын жанындагы аскердик кампада катуу жарылуу болгондо 20 миңдей киши эвакуацияланган. Ошол эле жылдын сентябрында Винница шаарындагы кампада жарылуулар башталып, өрт тутанган. Ошондо 30 миңден ашуун жергиликтүү жашоочу убактылуу көчүрүлгөн.
Украин бийлиги ал окуяларды “саботаж” деп сыпаттап, ок-дары сакталган кампаларды коргоого 3,6 миллион доллардай каражат бөлүнгөн.
Жарылуулар өлкөнүн чыгышында 2014-жылдан бери орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк армиянын уруштары уланып жаткан чакта болуп отурат. Донбасстагы жаңжал 10 жарым миңдей кишинин өмүрүн алып кетти. Согушту жөнгө салуу аракеттеринен майнап чыга элек.