Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Журналисттин сөөгү 16 жылдан кийин жерге берилди


Гонгадзе менен коштошуу зыйнаты. 22-март, 2016-жыл. Украина
Гонгадзе менен коштошуу зыйнаты. 22-март, 2016-жыл. Украина

Украинада киши колдуу болгон журналист Георгий Гонгадзенин сөөгү 16 жылдан кийин гана жерге берилди. Анын жакындары өлүмдүн себеби аягына чейин ачылбай жатканын, адилеттик үчүн күрөш уланарын билдиришти.

Журналисттин кейиштүү өлүмүнө айыптуу деп Ички иштер министрлигинин мурдагы төрт кызматкери камалган. Кылмышка буюрутма бергени айтылган ошол кездеги өлкө башчысы Леонид Кучма менен президенттик аппараттын мурунку башчысы Владимир Литвиндин күнөөсү далилденбей келүүдө.

Георгий Гонгадзенин сөөгү 22-мартта Киевдин Подол районундагы Николай Набережный чиркөөсүнүн жанында жерге берилди.

2000-жылдын күзүндө киши колдуу болгон журналисттин сөөгү талаштуу маселелерден улам 16 жыл бою Киевдеги борбордук өлүкканада сакталды. Аны менен коштошуу зыйнатына жакындары, жөнөкөй тургундар, министрлер жана Жогорку Рада депутаттары чогулушту.

Коштошуу зыйнатына келгендердин бири, парламенттеги Маалыматтык саясат жана сөз эркиндиги комитетинин төрайымы Виктория Сюмар Гонгадзенин өлүмүнүн себептери ачыкка чыкмайынча, мамлекетте демократиялык өзгөрүүлөр болуп жатат деп көкүрөк керүү мүмкүн эместигин белгиледи:

- Менин оюмча, өлүмдүн себептерин аягына чейин ачыкка чыгаруу абийир иши. Төңкөрүштөн соң бийлик башына келген саясатчылар, айрыкча жаш саясатчылар мындай кылмыштардын бетин ачууда иликтөөлөрдү жүргүзүшү керек. Коом журналисттин өлүмүнүн чыныгы күнөөкөрүн темир тор артында көрүшү кажет.

“Украинская правда” интернет басылмасынын негиздөөчүсү, төбөлдөрдүн коррупциялык иштери жана мыйзамсыз аракеттери жөнүндө көп макала жазган Георгий Гонгадзе 2000-жылдын 16-сентябрында дайынсыз жоголгон. Бир жарым айдан соң анын башы кесилген денеси шаар четиндеги токойдон табылган.

Туугандары аны тааныганы менен апасы Леся Гонгадзе сөөк уулунуку экенинен шекшип келген. Мындан улам маркумдун денеси 16 жыл бою жерге берилген эмес. Журналисттин апасы эки жыл мурун көз жумган.

2008-жылы журналисттин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, Украина Ички иштер министрлигинин мурунку үч кызматкери – Валерий Костенко, Александр Попович жана Николай Протасов кармалышкан. Сот аларды 12-13 жылга эркиндиктен ажыраткан. Николай Протасов 2015-жылы түрмөдө каза тапкан.

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурунку жетекчиси Алексей Пукач Гонгадзенин өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар деп, издөөгө алынып, 2009-жылы кармалган. Ал журналистти кур менен муунткан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген. Өкүм окулуп жатканда ал Эгер мен менен кошо Кучма жана Литвин чогуу камалса, анда сот чечими мага түшүнүктүү болот” деп билдирип, алардын буюртмачы экенин кыйыткан.

Леонид Кучма ал кездеги мамлекет башчы, Владимир Литвин президенттик аппараттын жетекчиси болгон.

Маркумдун досу, журналист Егор Чечерин да ал кездеги бийлик сөз эркиндигинин душманы болгонун айтууда:

- Басма сөздүн, сөз эркиндигинин душмандары – Гонгадзенин да душмандары болчу. Ал чындыкты ачыкка чыгаруудан тайманбаган күчтүү жүрналист эле. Аны өлүмгө дуушар кылууга бел байлоо – буюртмачылар үчүн өтө уят иш.

Гонгадзенин туугандары жана достору өлүм атайын жасалганын, бирок аны ишке ашырууга буйрутма бергендер дагы эле эркиндикте экенине нааразы болуп жүрүшөт. Кучма жана Литвиндин үстүнөн кылмыш иши козголгону менен, сотто алардын күнөөсү далилденген эмес.

Гонгадзенин коштошуу зыйнатына келген президенттик аппарат башчысынын орун басары Ростислав Павленко буларга токтолду:

- Бул өлүмдүн себептери аягына чейин иликтенип, күнөөлүүлөрдүн бардыгын жазалоо үчүн бийлик бүт аракетин жумшайт. Бул үчүн бардык зарыл аракеттер колдонулат.

2005-жылы ошол кездеги президент Виктор Ющенко маркум Георгий Гонгадзеге “Украина баатыры” наамын ыйгарган. Маркумдун сөөгү жерге берилерден бир күн мурун азыркы мамлекет башчы Петр Порошенко журналисттин жубайы Мирослава Гонгадзеге “Баатыр жылдызы” орденин тапшырды.

Георгий Гонгадзенин көзү тирүү болсо, быйыл 47 жашка толмок.

XS
SM
MD
LG