Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Янукович: Мен президент бойдонмун


Янукович: Мен президентмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:51 0:00

Януковичтин билдирүүсү (орус тилинде)

Шейшембиде Орусиянын аймагынан жасаган билдирүүсүндө Украинанын бийликтен четтетилген президенти азыркы Киев өкмөтүн бийликти күч менен басып алган «хунта» деп айыптады.

Украинанын иштен четтетилген президенти өзүн дагы деле өлкөнүн мамлекет башчысы деп эсептээрин бышыктады. Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында жасаган билдирүүсүндө ал Украинанын куралдуу күчтөрү азыркы бийликтерге баш ийбейт деген ишенимин билдирди:

– Мен Украинанын жалгыз легитимдүү президенти гана эмес, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн да башкы командачысы экендигимди эскертким келет. Мен кызмат мөөнөтүм бүткөнгө чейин бул милдеттеримден баш тарткан жокмун. Мен кызматыман Украинанын Конституциясында каралган шартта кеткен жокмун.

Шейшембидеги сөзүндө Янукович ыңгайы келсе эле Киевге кайтууга даяр экендигин кошумчалады. Ал Киевдеги азыркы бийликтерди «кылмышкерлердин анти-конституциялык хунтасы» деп атады жана май айына белгиленген президенттик шайлоону «мыйзамсыз добуш берүү» деп мүнөздөдү.

Януковичтин пикиринде Украинада азыр фашисттер бийликте турат:

– Мен бул кара мүртөз күчтөрдүн Батыштагы колдоочуларынан сурагым келет. Силер сокур эмессиңер же фашизмди эстен чыгарып койдуңарбы? Силерден айырмаланып, Украинадагы офицерлер менен аскерлер муну билет.

Янукович Европалык мамлекеттерди «Украинадагы жарандык ынтымакты кепилдеген келишимге кол коюп, кийин кайра аны тепсешти» деп ырастады.

Ал арада Франциянын тышкы иштер министри Батыштын Украинадагы кризис боюнча сунуштарын Москва кабыл албаса, Европа биримдиги ушул аптадан калбай Орусияга санкция киргизээрин эскертти.

Шейшембиде ошондой эле Европа комиссиясы Украинанын экспортуна тарифтерди кыскартууда. Бул чара Украинада чыгарылган бардык товарларга тийешелүү болмокчу. Евробиримдиктин өкүлдөрү биринчи кезекте Украинанын айыл-чарба тармагы утаарын билдиришүүдө.

Бул чектелүү чара Киев Евробиримдик менен эркин соода аймагы боюнча кеңири келишимге кол койгонго чейин иштейт. Мындай келишимге Украинада май айында белгиленген президенттик шайлоодон кийин кол коюлат деп күтүлүүдө. Евробиримдик ошондой эле Украинага алдыдагы бир нече жылда 15 миллиард доллардык экономикалык жардам көрсөтүүнү караган Ассоциациялык келишимдин саясий беренесине «дароо» кол коюну чечкен.

XS
SM
MD
LG