Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Евробиримдик Крым кризисин талкуулоодо


Украина -- Тынчтык үчүн чыккан крымдык аялдар менен кыздар. Симферопол, 6-март, 2014.
Украина -- Тынчтык үчүн чыккан крымдык аялдар менен кыздар. Симферопол, 6-март, 2014.

Бейшембиде Украинанын Крым автономиялуу республикасынын парламентинде депутаттар Орусияга кошулуу сунушун бир добуштан колдошту. Ал арада Евробиримдиктин лидерлери бул күнү Украинадагы кризиске карата Орусиянын аскерий кийлигишүүсүнө каршы дагы кандай чара көрүүнү талкуулашты.

Брюсселдеги саммиттин алдынан Еврошаркет өзүнүн курамындагы 28 өлкөнүн аймагында Украинада президенттиктен кулатылган Виктор Янукович жана 17 мурдагы чиновниктин кандай гана мүлкү болбосун, баарын бир жылга камоо тууралуу чечим чыгарды. Бул чиновниктердин катарында экс-премьер Микола Азаров да бар.

Тизмеде алардан сырткары коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын, баш-прокурордун, мурдагы ички иштер, юстиция министрлеринин, ошондой эле Януковичтин уулу Александрдын ысымдары аталган. Булар мамлекеттик казынадагы акчаны уурдап, аны мыйзамсыз жолдор менен Украинадан чыгарып кеткен деп шектелип жатышат.

Шаршембиде кризисти АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров талкуулашты, бирок андан майнап болгон жок.

Жон Керри сүйлөшүүлөр “курч” маанайда өтүп жатканын, алар бүгүн Римде сүйлөшүүлөрдү улантаарын айтты:

- Биз жакынкы күндөрү Орусия жана Украина менен жагдайды турукташтырып, кризистен чыгуу боюнча интенсивдүү сүйлөшүүлөрдү улантабыз. Азыр бул жакта болгон Орусия, АКШ, Евробиримдик жана Украина - баарыбыздын эле тилегибиз бир. Баарыбыз азыркы маселелерди диалог аркылуу чечүүнү самайбыз.

Парижде болсо Лавров украин тышкы иштер министри менен сйлөшүүдөн баш тартты. Кремль Киевдеги жаңы бийликти легитимсиз деп эсептейт.

Сергей Лавров кайрадан эле “Крымды басып алган аскерлер Орусияга баш ийген күчтөр эмес” деген расмий Москванын билдирүүсүн кайталады:

- Кыскача эле айтайын, биз Жон Керри менен Украинадагы абал боюнча, азыр жаңы украин жетекчилиги ЕККУ, НАТО - Орусия Кеңеши жана башка эл аралык уюмдар аркылуу көрүп жаткан аракеттери тууралуу сүйлөштүк. Бул аракеттер ич ара ортобузда конструктивдүү диалог түзүүгө жардам болбойт.

Шаршембиде Бириккен улуттар уюмунун атайын чабарманына орусиячыл белгисиз бирөөлөрдөн коркутуу болгондон улам ал Крымдан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Өлкө чыгышындагы Донецк шаарында болсо орусиячыл күчтөр шаршембиде регионалдык административдик имараттарды ээлеп алышкан болчу, бирок бейшембиде таң эртелеп кайрадан аны бошотуп кетишкени, имаратта кайрадан украин желеги желбиреп турганы кабарланды.

Ал арада НАТО азыр Орусия менен мамилесин кайра карай турганын, Украинанын жаңы жетекчилиги менен кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экенин билдирди.

Крым автоном аймагынын парламенти Орусияга кошулууну жактайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG