Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Баланын өлтүрүлүшү Украинаны козгоду


4-июнда Киев соту беш жаштагы баланы өлтүрүүгө шектелген эки полициячыны 60 күнгө камакка алууну чечти. Переяслав-Хмельницкий шаарында болгон окуядан кийин Киев облусунун полиция башчысы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазып, аны жаңжал жүрүп жаткан Донбасска жөнөтүүнү суранды.

31-майда ок тийген Кирилл 3-июнда ооруканада көз жумду. Башынан оор жаракат алган наристе адегенде жергиликтүү ооруканага жеткирилип, кийин Киевдеги балдар нейрохирургиясынын борборуна, реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Чоң энеси ок мээсине тыгылып калганын, баш сөөгү жанчылганын айтып берди.

Наристенин капилет өлүмү Украинада чоң талкууга жем таштап, президент Володимир Зеленский: «Ишти жаап салуу аракети өтпөйт. Бул трагедия сабак болуп калышы керек», - деп "Фейсбукка" жазды.

Кирилл
Кирилл

Мамлекеттик тергөө бюросунун версиясына ылайык, полициянын эки кызматкери 31-майда Переяслав-Хмельницкий шаарындагы жер тамдар жайгашкан райондо бир нече адам менен арак ичип отурушкан. Бош банкаларды аткылап жатканда бир ок баланын башына тийген. Бирок жерине барган полициячылар "бала ойноп жүрүп жыгылып кеткен, башы менен асфальтка, ташка тийген" деген аныктама чыгарышкан. Кийин дарыгерлер мээсинде ок табышканда окуя болгон жерди кайрадан карап чыгып, гильза менен окторду табышкан.

Көп өтпөй шектүү катары полициянын лейтенанты Иван Приходько жана сержант Владимир Петровец кармалышты.

Догдурлар башынан эле андай жаракаттан Кириллди алып калуу дээрлик мүмкүн эмес экенин айтып келишти. Дем алуу аппаратына туташтырылган бала эс учуна келбеген бойдон 3-июнда кечинде көз жумду.

Владимир Петровец
Владимир Петровец

Ата-энеси полициядан моралдык жана материалдык чыгымды толтурууну талап кылып сотко арыз берерин билдиришти. Алардын адвокаты Александр Щербинанын айтымында, окуядан кийин шектүү полиция кызматкерлеринин мас болуп-болбогону текшерилген эмес. Эми муну аныктоо мүмкүн болбой калды.

Тергөөчүлөр азырынча бала өлтүрүлгөн куралды табыша элек. Адвокат тинтүү учурунда октор менен гильзалар эле алынганын, бирок курал жок болуп чыкканын бышыктады.

Приходьконун адвокаты айыптоочу тарап ишти "атайлап адам өлтүрүү" деп туура эмес квалификациялаган деп эсептейт. Адвокат "полициячынын баланы өлтүрүү ниети жок болчу, Кириллдин башына тийген окту Приходьконун атканы далилдениши керек" деди.

Шектелип жаткан экинчи полициячынын жактоочусу да "окту Петровец чыгарганын эч нерсе далилдебейт" деп эсептейт.

Иван Приходько
Иван Приходько

Кирилл көз жумганы белгилүү болору менен 3-июнда Киев облусунун полиция башчысы Дмитрий Ценов кызматынан кетүү тууралуу арызын тапшырып, жетекчиликти аны куралдуу операция жүрүп жаткан Донбасска жөнөтүүнү өтүндү.

"Облустун полиция жетекчиси катары кол астымда иштегендердин аракеттери үчүн жооп берем", - деп түшүндүрдү Ценов.

Ошол эле күнү Киевде Ички иштер министрлиги жайгашкан имараттын алдына чогулгандар шам жагым, оюнчуктарды алып келип жатышты. Алар министр Арсен Аваковдун отставкасын талап кылып митинг өткөрүштү. Анын кызматтан кетишин талап кылган петиция президенттин сайтында да пайда болду. Кайрылууга үч айдын ичинде 25 миң киши кол койсо, мамлекет башчы аны кароого тийиш.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG