Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Исмаилов: Украинанын жаңы өкмөтүнө ишеним бар


Украинанын жаңы өкмөтү
Украинанын жаңы өкмөтү

Украина менен Кыргызстан бир убакта премьер-министрлерин шайлашты. Катар катар ыңкылаптары менен белгилүү бул эки мамлекеттеги саясий орун алмашуу, окшоштуктар жана айырмачылыктар тууралуу Украинадагы Соода палатасынын өкүлү, ишкер Азамат Исмаилов "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Жаңы премьер-министр Владимир Гройсмандан украин эли эмнени күтүүдө?

Азамат Исмаилов: Арсений Яценюктун убагында көптөгөн реформалар убада кылынган, бирок ошонун көбү аткарылган эмес. Коррупцияны жоёбуз дешкен, бирок ал жоюлган эмес. Европанын койгон кээ бир шарттары толук кандуу аткарылган жок. Эми Гройсмандын башкы милдети - ошол максаттарды ишке ашыруу. Гройсман бир аз жаш, Порошенко менен жакын, мурунку кылган иштери белгилүү болгон үчүн парламент колдоп берди. Гройсманга элдин, парламенттин үмүтү чоң.

"Азаттык": Ошол ишти аткара алат деп ишенип турабы?

Азамат Исмаилов: Аткара алат деп ишенип турат. Бирок анын жанындагы жардамчылары азыркы убакта вице-премьер болуп алты киши шайланды. Мурун эки эле киши болчу. Ар бир багытка вице-премьер-министр шайланып, ошол вице-премьерлердин жардамы менен ишке ашырылат деген үмүт бар.

"Азаттык": Гройсман жаңы команда менен келдиби?

Азамат Исмаилов: Ошондой деп айтсак болот, курамы толук алмашты.

"Азаттык": Сиз Кыргызстанды көрүп турасыз, бизде дагы Украинага удаалаш эле өкмөт алмашты, бирок өкмөт башчы үч эле кишини алып келди, жаңы министрлер келген жок. Кыргыз атуулу катары өкмөт башчыдан эмнени күтүп жатасыз?

Азамат Исмаилов: Мен Кыргызстанга бат-бат келип, байкаштырып жүрөм. Азыркы убакта кыргыз эли саясий кырдаалга көп карабай калган, ар бир жаран мамлекеттен тышкары өз арбайын согуп атат. Биздин экономика саясатка байланыштуу болбой калган деп айтсам болот. Кайдыгер болуп калды. Анткени бизде анчалык деле күтүлгөндөй өзгөрүүлөр жок.

"Азаттык": Бирок салыштырганда эмнени байкай алдыңыз? Мисалы, украиндер премьерди кандай критерийлер менен тандашты. Биздикилер кандай критерийлер менен тандап алды?

Азамат Исмаилов: Биздикилер бир аз тааныштык, сүйлөшүүлөр менен тандап алгандай сезилет. Украинада болсо көп өзгөрүүлөр болуп жатканы анык. Мисалы, ИИМ жаатында реформалар жасалууда. Европа жакка бурулуп, Украинада көптөгөн дурус иштер аткарылып жатат. Азыркы тапта бир аз оор болгону менен, бир канча жылдан кийин мамлекет өзүнүн динамикалуу өзгөрүүлөрүн дүйнөгө көрсөтө алат деп ойлойм. Бул министрликке чейинки он төрт министрдин алтоо англис тилинде эркин сүйлөчү. Ал эми учурдагы министрлердин 60% англис тилинде так сүйлөшөт. Бул деген министрлердин деңгээлин көрсөтүүдө.

"Азаттык": Ушул эки өлкөнүн бийлигинин өзгөрүүсүндөгү окшош жактарын байкадыңызбы?

Азамат Исмаилов: Демократиялык жактан окшош. Башка мамлекеттерге караганда ар ким өзүнүн ой-пикирин кенен билдире алат.

"Азаттык": Сиз Гройсмандын программасын уктуңуз да, ал жерде эмне деп айтылды?

Азамат Исмаилов: Коюлган реформаларды толугу менен иш жүзүнө ашыруу болуп жатат. Биринчи кезекте коррупцияны жоюу, бүтүн министрликтеги системаны өзгөртүү боюнча иштейм деп жатат. Мурунку министрдин иштен кетиши да ошол коюлган реформаларды ишке ашыра албагандан улам болгон.

"Азаттык": Кыргызстандын жаңы вице-премьер-министринин программасы менен тааныштыңызбы?

Азамат Исмаилов: Ооба, кыскача гана тааныштым. Бирок кыргыз программасында Украина сыяктуу министрликтерди өзгөртүү сыяктуу чоң реформа коюлган жок. Мага даярдыксыз эле келип калган программадай көрүнүп жатат. Баягы, эски эле система улана берет деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG