Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

Крымдагы "операциянын" максаты чагымбы?


Симфереполдогу орус аскерлери.
Симфереполдогу орус аскерлери.

Крымда террордук актыларды уюштурмак деген Орусиянын айыптоосун Украина четке какты. Орус тарап диверсиялык иш-аракеттердин алдын алуу учурундагы атышуудан эки кишиси өлгөнүн айтууда. Украин Коргоо министрлиги муну чагымчылдык деп атады.

Орусия федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Крымдын түндүк ыптасында жардырууларды уюштурмак болгон украиналык топ менен атышуу учурунда эки кызматкери өлгөнүн билдирип чыкты.

ФСБ муну “агентуралык түйүндү жок кылуу операциясы” деп атап, анда украиналык эле эмес, орусиялыктар да кармалганын билдирүүдө. Бирок, алардын саны, аты-жөнү айтыла элек.

Болгону теракттар аймактагы шайлоолордун алдында социалдык-саясий абалды туруксуздаштыруу максатында жасалмак деп кабарланды. Кармоо учурунда салмагы 40 килограмм болгон 20 даана колго жасалган жардыруучу зат, ок-дары, курал-жарактар табылганы кошумчаланат.

Окуя 7-августка оогон түнү болду делет. А маалымат 10-августта гана жарыкка чыкканы көпчүлүктү таң калтырууда. Украина Орусия тарабынан аннексияланган Крымды тынч жол менен гана кайтарып алаарын айтып келет. Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы аны дагы бир ирет эске салып, ФСБнын билдирүүсүн чагымчылдык деп атап, четке какты.

Айрым аскердик талдоочулар Украина өзүнүкү деп эсептеген жарым аралды жардырышы акылга сыйбасын белгилешет. Украиналык аскер эксперти Олег Жданов муну Орусия өзү атайын уюштурган дейт:

- Орусиялык бөлүктөрдөн куралчан төрт кызматкери качканы тууралуу маалымат тараган. Мына ошолорду кармоо учурунда ФСБ кызматкери курман болушу ыктымал. А пропаганда боюнча тажрыйбасы мол орус тарап муну башка максатта колдонуп, украиналыктар Крымда теракттарды даярдаган деп көрсөтүшү толук мүмкүн. Биздин Башкы штабдын деле акыл эси ордунда да. Ошон үчүн Украина ушу тапта диверсия жасап, Крымдагы жагдайды дестабилдештирүүгө бармак эмес.

Украинанын Башкы штабынын расмий өкүлү Владислав Селезнев да муну менен Орусия кандайдыр бир максатка жетүүнү көздөөдө деп чечмелейт:

- Орусия долуланып, карандай калп маалымат таратуу менен тынчтыкты бузгусу келип жатат. Мындай маалыматтар өткөн жекшембиден тарта эле интернеттеги социалдык тармактарда жайыла баштаган. Бул Крымда атайын кырдаалды жаратып, анын артында репрессиялык иш-аракеттерди баштоо үчүн жасалды.

Бул арада украиналык эле эмес, айрым орусиялык талдоочулар да мунун артынан эми Орусиянын кезектеги кадамдары башталарын айтышууда. Ал крым татарларын куугунтуктоону күчөтүү жана Украинага карата жаңы агрессиянын башталышы болушу ыктымал деп мисал келтиришет.

Маалымат чыккандан көп өтпөй Орусия президенти Владимир Путин ФСБ диверсиялык, террордук ишти алдын алды деп, бул үчүн каршы чаралар көрүлөрүн кош маани менен туюндурду:

- Бул өтө коркунучтуу оюн. Биз албетте жарандардын, инфраструктуралык объектилердин коопсуздугун камсыздоо үчүн бардыгын жасайбыз. Коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чараларды көрөбүз. Ал тургай олуттуу кошумча чаралар болот. Техникалык жана ал эле эмес, - деген Путин конкреттүү кандай чаралар көрүлөрүн ачыктаган жок. Ошол эле учурда Германия, Франция, Орусия жана Украина курамына кирген кезектеги "норманд форматындагы" жолугушуу маанисин жоготту деди.

Украинадагы кризисти жөнгө салуу максатында түзүлгөн бул төртилик сентябрдын башында Кытайдагы чоң жыйырмалыктын саммити учурунда сүйлөшмөк.

Крым 2014-жылдагы референдум жыйынтыгы менен Орусияга кошулган. Украина жана дүйнөдөгү өлкөлөрдүн басымдуусу муну тааныбай, Орусия жарым аралды аннексиялап алганын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG