Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Украина: Саакашвили өкмөт башчы болобу?


Саакашвили: Жемкорлукту жеңебиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

Саакашвили: Жемкорлукту жеңебиз

Украинада Одессанын губернатору, Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили менен украин премьер-министри Арсений Яценюктун ортосундагы карама-каршылык бир тынчып, бир күч алып келүүдө.

Жакында эле Михаил Саакашвили өкмөт башчы Яценюкту катуу сындаган. Муну айрым талдоочулар анын өкмөт башчы болуу дымагы менен байланыштырышууда.

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 4-сентябрда украин өкмөт башчысы Арсений Яценюкту катуу сындап чыкты. Анын айтымында, Арсений Яценюк реформаларды атайын үзгүлтүккө учуратуу менен украин элине эмес, олигархтарга кызмат кылууда. Саакашвили бул тууралуу досу - украин президенти Петро Порошенкого таандык делген “5-канал” телеканалындагы маегинде жарыялады.

- Мен Яценюк мырза кайсы кызыкчылыктар боюнча аракет кылып жатканын сурагым келет. Кечээ Яценюк Коломойскийге пайдалуу болгон чечим кабыл алды. Ошондой эле ал дайыма Ахметовдун пайдасына туура келген чечимдерди чыгарып келатат. Булар биздин көз алдыбызда болуп жаткан нерселер. Келгиле, ойгонолу! Өкмөт азыр олигархтардын кызыкчылыгына карап иш кылууда. Реформалар боюнча чечимдерди өкмөттүн ичинде жана айланасында үзгүлтүккө учуратып жатышат. Мен да алардын сөзүнө көндүм эле, бирок азыр мен өзүмдү алданган адам катары санап отурам. Алар күн сайын жалган айтып, элди алдап жатышат.

Украин өкмөт башчысы Арсений Яценюк өз кезегине бул айыптоолорду, анын ичинде олигархтардын айтканын кылат деген дооматтарды четке кагып, Саакашвилинин кызуу кандуулукка алдырган сөздөрү “анын жеке өзүнө эмес, жалпы мамлекетке каршы” айтылды деп баалады. Губернатор менен премьер-министрдин жаңжалын айрым саясатчылар жана серепчилер Саакашвилинин өкмөт башчы болуу дымагы менен байланыштырышууда. Бирок Саакашвили аны четке кагып келатат.

Бул кайым айтыш Украинада Саакашвилини премьер-министр кылып дайындоо боюнча электрондук кол чогултуу жүрүп жаткан учурга туш келди. Бул өнөктүк башталган бир жуманын ичинде эле анын демилгечилери зарыл болгон 25 миң колду чогултуп койду.

Анда "Саакашвили Украинанын премьер-министрлигине дайындалсын. Акыры Украинада реформа жүргүзө турган адам келсин. Коррупция менен реформалардын созулушуна чыдам түгөндү" деген үч сүйлөм жазылган. Мыйзам боюнча украин президенти бул кайрылууну он жумушчу күн ичинде карап, жообун бериши керек.

Berta Communications стратегиялык борборунун директору Тарас Березовецтин баамында, Саакашвилинин өкмөт башчы болуу дымагы бар:

- Михаил Саакашвилини өкмөт башчы кылып дайындоо боюнча электрондук кол чогултуу адегенде, балким элдин демилгеси катары башталган. Бирок кийин мен байкап көрсөм, мында Саакашвилинин жана анын командасынын пиар компаниясы көрүнүп турат. Эми ал өзү буга канчалык кызыкдар дегенге келсек, украин мыйзамдарын эске алганда, ал жарандык алгандан кийин Украинада 10 жыл жашамайынча, президент болууга укугу жок. Ошондуктан Саакашвили өкмөт башчылыкты негизги кызмат катары көрүп жатат. Ал эми Одесса облусунун төрагасы кызматы ушул максатка жетүүдө орто жолдо колдонулган убактылуу секирик. Эксперттер коомчулугу азыр Саакашвилини премьер-министрликке колдогондор жана каршы чыккандар болуп, тең жарымынан экиге бөлүнүп калды.

Деген менен 7-сентябрда Саакашвили менен Яценюктун чатагы бир аз басаңдап калгандай. Саакашвили атүгүл Яценюктун бажы кызматындагы коррупция менен күрөшүүдөгү батыл аракеттерин жана Мамлекеттик авиакызматтын жетекчиси Денис Антонюкту кызматтан бошотконун мактады. Антонюкту Одесса губернаторунун авиациялык пландарына бут тоскон олигарх Игорь Коломойскийдин адамы катары айтып келишкен.

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Одессанын губернатору болуп 30-майда дайындалган. Ал Одессадагы 100 күндүк губернаторлук кызматында орусиялык реформатор Егор Гайдардын кызы Мария Гайдарды кызматка алганы, облустук администрациянын жарым кызматкерлерин иштен бошотуп, тазалаганы менен эсте калды. Ошондой эле жаңы жолдорду салууну убада кылып, америкалык полицияларды алып келип, жергиликтүү полицияларды машыктырды.

XS
SM
MD
LG