Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Жикчилдердин Украинада "Малороссия" мамлекетин куруу дымагы


Жикчил «Донецк элдик республикасынын» башчысы Александр Захарченко (ортодо) Донецктеги борбордук аянтта. 11.5.2017.
Жикчил «Донецк элдик республикасынын» башчысы Александр Захарченко (ортодо) Донецктеги борбордук аянтта. 11.5.2017.

Украинада «Малороссия» деген жаңы мамлекет түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу өзүн "Донецк элдик республикасы" (ДНР) деп атап алган жикчил аймактын башчысы Александр Захарченко билдирди. Бул демилге Украинада жана эл аралык коомчулукта ар кандай талкуу жаратууда.

Өзүн «Донецк элдик республикасы» (ДНР) деп атаган жикчил аймактын башчысы Александр Захарченко Украинанын аймагында «Малороссия» (кыргызча "Кичи Орусия") аттуу жаңы мамлекет түзүлөрүн жарыялады.

Захарченконун айтымында, «Малороссия» Украинанын Крымдан башка 19 облусунан турат, ал эми Донецк шаары анын борбору болот.

ДНРдин лидери мындай демилгени «Украинанын мурдагы региондору» көтөргөнүн, бул кадам аймактагы жаңжалды токтотууга көмөктөшөт деп ишенерин айткан.

- Украинадагы азыркы абал бул өлкө мамлекет катары түптөлбөй калганын көрсөттү. Ал өзүнүн жашоочуларына бейкут турмушту камсыздай албай жатат. Ө​лкө алаамат (катастрофа) алдында турат. Азыркы бийлик жарандык согушту токтото албайт. Биз мурдагы Украинанын региондорунун өкүлдөрү Украинанын ордуна «Малороссия» деген жаңы мамлекет түптөөнү сунуштайбыз.

2014-жылы Украинанын чыгышындагы жикчилдер Донецк менен Луганскта референдум өткөргөнүн жүйө келтирип, өз алдынча «элдик республикаларды» түзгөнүн жарыялашкан.

Бирок бул ирет «Луганск элдик республикасы» (ЛНР) деп атаган аймактын өкүлдөрү «Малороссияны» түзүү идеясына эч тиешеси жоктугун айтышты.

Украинанын президенти Петро Порошенко «Малороссия» демилгесин Орусиянын Украинаны бөлүп-жаруу аракетинин жаңы көрүнүшү катары мүнөздөдү. Ал орусиячыл жикчилдердин мурдагы «Новороссия» долбоору акыры ойрон болгонун билдирип, Донбасс менен Крым дагы акыры украин өкмөтүнүн карамагына өтөт деп убада берди.

- Менин улутума каршы аскердик баскынчылык аракетинин башынан тартып эле Орусия көздөгөн башкы максат - Украинаны бир нече бөлүккө жиктөө болчу. "Новороссия" долбоору Украинанын тогуз аймагын камтымак. Бул долбоор ишке ашпай калды, Орусиянын "Новороссия" жөнүндөгү кыялдары ойрон болду. Захарченко баштаган адамдар саясий ишмерлер эместигин, алар кол бала экенин түшүнүү керек. Алар Орусиядан келген билдирүүлөрдү гана жеткирип турушат, - деди украин президенти Порошенко.

Украинадагы соңку жагдай боюнча расмий Кремл атайын билдирүү жарыялай элек. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жикчилдердин лидери Александр Захарченконун билдирүүсү анын жеке демилгесинин мөмөсү экенин айткан.

- Мен буга азырынча эч нерсе дей албайм. Бул билдирүүнү ойлонуштуруп, анализдөө керек. Захарченконун айтканы - анын жеке демилгеси, – деген Песков.

Украинадагы жикчилдердин «Малороссия» мамлекетин түзүү демилгеси эл аралык чөйрөнү да тынчсыздандырууда.

Германиянын өкмөтү «Малороссия» мамлекетин түзүү мүмкүн эместигин белгилеп, "Захарченконун мындай нерселерди жарыялоого укугу жок" деген расмий билдирүү таратты.

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт "Донецкидеги жикчилдердин "Малороссия" деген аймак түзүшкөнү тууралуу билдирүүсү биз үчүн көйгөй жаратат", - деп билдирди.

Ушундай эле олуттуу санааркоосун Австриянын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Себастиан Курц билдирди. Курц бардык тараптарды "Украинанын көз карандысыздыгына жана бүтүндүгүнө шек келтирип, "Минск келишиминин ишке ашуусуна тоскоол боло турган" ар кандай билдирүүлөрдөн жана аракеттерден карманууну эскертти.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазында башталган жаңжал 10 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Украин бийлиги өлкөнүн чыгышындагы жикчилдерди "расмий Кремл каржылап жана аскердик жактан колдоп жатат" деп Орусиянын бийлигин айыптап келет. Орусия бул айыптоолорду четке кагууда.

Украинага таандык Крымды Орусия өзүнө бир тараптуу кошуп аларда бул жарым аралда пайда болгон куралданган "жашыл кийимчендер" Орусиядан жиберилгенин расмий Кремл кийинчерээк моюнуна алгандыгы да белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG