Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Обама: АКШ исламга каршы согушпайт


АКШ президенти Барак Обама БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатат. Нью-Йорк, 24-сентябрь, 2014.
АКШ президенти Барак Обама БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатат. Нью-Йорк, 24-сентябрь, 2014.

24-сентябрда Нью-Йоркто Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны башталды.

Жыйынды ачып жатып, баш катчы Пан Ги Мун адам укуктары дүйнөнүн бардык жерлеринде бузулуп жатканын белгиледи. Жыйындын күн тартибинде “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарынын коркунучу, Батыш Африкада жайылган эбола вирусуна каршы чара көрүү жана Орусиянын Украинага карата агрессиясы, анын ичинде Крымды аннексиялап алуусу сыяктуу маселелер каралышы боолгонууда.

Алгачкылардан болуп Башкы Ассамблеяга АКШ президенти Барак Обама кайрылып, дүйнө өлкөлөрүн АКШ жана коаалиция күчтөрүнө "Ислам мамлекети" уюмунун Ирак менен Сириядагы согушкерлерин талкалоого чакырып, аларды “өлүм түйүнү” деп атады.

“Ал киши өлтүргүчтөр күчтүн гана тилин түшүнүшөт”, - деди Обама.

Обама мусулман коомчулугун уюмдун идеологиясын “чечкиндүү жана ырааттуу” түрдө четке кагууга үндөдү. Президент ошол эле маалда Кошмо Штаттары баскынчы держава катары аракеттенбейт, өлкө эч качан “Исламга каршы согушпайт” деп белгиледи.

Украинадагы окуяларга кайрылган Обама буларга токтолду:

- Америка жана өнөктөштөрүбүз демократияны жана экономиканы өнүктүрүп жаткан украин элин колдошот. НАТО боюнча шериктерибизди күчтөндүрүп, коллективдүү коргонуу боюнча милдеттенмелерибизди бекем тутабыз. Орусия агрессиянын баасын төлөөгө тийиш, биз калпка чындык менен жооп кайтарабыз.

Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясына 140тан ашуун мамлекеттин лидерлери жана өкмөт башчылары катышууда. Жыйын башталардан эки күн мурда, 22-сентябрда беш араб мамлекети Сириядагы “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлеринин өңүттөрүнө абадан сокку урууда Кошмо Штаттар менен чогуу аракеттенгенге макулдук беришти.

Өзүн “Ирак жана Леванттагы Ислам мамлекети” деп атаган уюмдун согушкерлери ушу тапта Сириянын айрым бөлүгүн жана Ирактын түндүгү менен батышындагы чоң территорияны көзөмөлдөйт. Береги уюм кыскача ИЛИМ же ИМ деп аталып жүрөт.

Президент Барак Обама 23-сентябрда Улуттар уюмунун жыйынына аттанар алдында Ак үйдө сүйлөп, АКШ мурда жарыяланган стратегияга ылайык, террорчу топко сокку урууну улантарын айткан эле:

-Ушул айдын башында мен Америка элине ИЛИМ катары белгилүү террорчу группа жараткан коркунучка каршы күрөшүү боюнча биздин стратегияны жарыялагам. Бул өнөктүктүн алкагында Кошмо Штаттар Ирактагы жана Сириядагы буталарга каршы чара көрөт. Береги торрорчулар эч жерден баш паанек таппашы керек.

Пентагондун билдиришинче, 22-сентябрда ИМдин өңүттөрүнө 14 жолу абадан сокку урулган. Авиачабуулга истребителдер, бомбардировщиктер, пилотсуз учактар катышкан, ошондой эле Томагавк (Tomahawk) ракеталары пайдаланылган. Сокку жихадчылар машыгуучу базаларга, каруу-жарак жасачу жайларына, байланыш жана командалык пункттарына урулган. Бутага Алеппо провинциясындагы “Хорасан группасы” да алынган. Бул топ “ал-Каиданын” мурдакы бучкагы.

Бул авиачабуулдар Пентагондун айтымында, Сирияда жабыт тапкан “ал-Каиаданын” ардагерлеринин АКШ жана Батыштын “кызыкчылыктарына” жасачу чабуулун токтотуу максатын көздөдү.

Сириядагы жихадчыларга авиасокку урууну араб өлкөлөрүнүн колдоосун АКШ президенти Барак Обама оң баалап, бул Америка жалгыз согушуп жатпаганын көрсөтөт деди:

... Америка кеңири коалициянын курамында аракеттенет... Бул акцияга биздин досторубуз жана өнөктөштөрүбүз: Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирлиги, Иордания, Бахрейн жана Катар кошулду. Америка жалпы коопсуздуздугубуз үчүн бул өлкөлөр менен ийиндеш турганына сыймыктанат. Бул коалициянын кубаты бүтүн дүйнөгө бул күрөштү Америка жалгыз жүргүзүп жатпаганын айгинелейт. ИЛИМди атүгүл Жакынкы Чыгыш эли жана өкмөттөрү жектешет.

Ак үйдүн мартабалуу өкүлдөрүнүн айтымында, АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы араб мамлекеттери согушкерлерге каршы чогуу күрөшүү боюнча берген убадаларын конкреттүү планга айлантып, ишке ашырууга эки гана жума кеткен.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри 23-сентябрда Нью-Йоркто Ирактын президенти Фуад Масум менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында “Ислам мамлекети” уюмунун жоочуларына каршы күрөшкө кошулууга 50дөн көп өлкө макулдук бергенин билдирди.

Президент Фуад Масум Ирактын гана эмес, бүтүндөй Жакынкы Чыгышка коркунуч жараткан газаватчыларга каршы күрөштө Багдадды колдогон өлкөлөргө ыраазылыгын билдирди:

- Биз Иракты колдоо үчүн бириккен жана Иракты колдоп, бул регионго жаңы коркунуч туудурган терроризмге каршы күрөшүн колдогон өлкөлөргө алкыш айтабыз.

Бүгүн эле БУУнун Коопсуздук Кеңеши “Ислам мамлекети” уюмуна байланыштуу резолюция кабыл алат деп болжолдонууда. Маалыматтарга караганда, бул резолюция бардык өлкөлөрдөн террорчу уюмдарга желдеттерди жалдоого жол бербөөнү жана согушчандарга кошулууга бел байлаган жарандарды жүктөгөн транспортторду өткөрбөөнү талап кылат.

XS
SM
MD
LG