Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

БУУ террорчулар боюнча кара тизмени кайра карайт


Ооган парламенти талиптик жана башка жоочу топтор менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүн талкуулодо. 4-июнь, 2011-жыл, Кабул.
Ооган парламенти талиптик жана башка жоочу топтор менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүн талкуулодо. 4-июнь, 2011-жыл, Кабул.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде 17-июнда “ал-Кайида” жана талиптер боюнча кара тизмени кайра карамакчы.

Добуш берүүдө "Талибандын" кээ бир адамдарын тизмеден чыгаруу жөнүндөгү сунуш жактырылса, бул кадам ооган өкмөтүнүн байистүү талибдер менен элдешүү аракетине жардам берет деп күтүлүүдө. Бирок Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрү, анын ичинде туруктуу мүчө Орусия тизмени өзгөртүүгө каршы.

Ооган президенти Хамид Карзай "Талибандын" байистүү мүчөлөрүн уруш талаасынан жай турмушка тартууну максат кылган элдешүү жана интеграция планына абдан олуттуу маани берүүдө.

Кайра кароонун мааниси

Бул максатка жетишүү жолундагы маанилүү баскычтардын бири, ооган өкмөтүнүн көз карашында, “Талибан” жана “ал-Кайида” менен алакасы бар деп саналган жеке адамдардын, уюмдардын кара тизмесин кайра кароо.

Мындан он жылдай мурда БУУнун резолюциясы менен бекитилген, “1267” деп аталган ал тизмеге киргендерге карата дүйнө-мүлкүн тоңдуруу, эки жакка каттоосун чектөө өңдүү санкцияларды колдонууга болот. Тизмеде 450 ысым бар, алардын 140 "Талибанга" байланышы барлар.

Эми БУУнун Коопсуздук кеңеши “ал-Кайида” менен “Талибанга” максаттары бөлөк эки башка уюм катары мамиле жасоо үчүн тизмени бөлүү жөнүндөгү сунушка добуш берүүсү керек. Ооган өкмөтү ошондой эле тизмеден "Талибандын" 50дөй адамын биротоло чыгарууну сунуш кылган.

Эгер Коопсуздук кеңеши бул сунушту жактырса, ооган өкмөтү өзүнүн элдешүү жана реинтеграция планын ишке ашырууда көбүрөөк эркиндик алат. Мисалы ооган өкмөтү сүйлөшүүлөрдү тездетүү максатында уюштурган Жогорку Тынчтык кеңешинин беш мүчөсүнүн ысымдары БУУнун ошол кара тизмесинде бар.

Нью-Йорк университетинин Эл аралык кызматташтык борборунун Ооганстан боюнча долбоорунун координатору Том Григгдин айтымында, кара тизмеден “ал-Кайида” менен "Талибанды" бөлүү Ооганстандагы тынчтык аракеттери үчүн чоң жылыш болот:

- Бул эл аралык коомчулуктун бир бөлүгүнүн азыр кеңири жайылган көз карашты чагылдыруучу кадамы. Биз эки башка топ жөнүндө сөз кылып жатабыз. Бири - Ооганстандын чек аралары ичиндеги "Талибан". Экинчиси бөлөк идеологиясы жана башка максаты бар – эл аралык радикал фундаментализимди жактаган –“ал-Кайида”.

Том Григг ооган өкмөтүнүн 50 адамды тизмеден чыгаруу жөнүндөгү өтүнүчүн комментарийлеп, бул алгач 2010-жылы жасалган ишти кеңейтээрин кошумчалады. Анда "Талибандын" 7 мүчөсү кара тизмеден чыгарылган:

- Былтыр тизмеден азыраак сандагы ысым чыгарылган, бирок бул биринчи кадам иштин маанилүү башталышы болду. Ал эми экинчисинин маңызы бир аз башкача. Менимче, Ооганстандын өкмөтү быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу тизмеден көбүрөөк ысымдарды чыгарууда эл аралык коомчулуктан колдоо алат.

Орусия каршы

Бирок Коопсуздук кеңешине жолдонгон сунушка каршылар да бар. Маселен вето салуу укугуна ээ Орусия "Талибандын" кээ бир адамдарын тизмеден чыгарууга каршы экендигин утур-утур билдирип келген.

Москва каршы болгондор, маалыматтарга караганда, "Талибандын" кезинде Советтер союзуна каршы можахед катары согушкан кол башчылары. Москва ошондой эле "Талибан" Чеченстанда согушкерлерди машыктырууга жардам берген жана Орусия аркылуу баңги зат аткезчиликтин күчөшүнө салым кошуп жатат деп тынчсызданат.

Экинчи жагынан Москва АКШ өкмөтүнүн "Кавказ эмираты" деген ат менен Чеченстанда аракеттенген уюмду террордук топтордун катарына кошкон чечимин кубаттаган. Өзүн ошол эмираттын эмиримин жарыялаган Доку Умаров “ал-Кайида” жана "Талибан" менен байланышы бардыгы үчүн быйыл мартта ошол тизмеге киргизилген.

Кылдат иликтөө

"Ал-Кайида" жана "Талибан" санкция комитетинин координатору Ричард Барреттин ырастоосунда, кара тизмеден чыгаруу сунуш кылынган адамдар кылдат текшерүүдөн өттү:

- Комитет дүйнө кандай жашоосу керектиги боюнча көз карашын өзгөртпөгөндөрдү тизмеден чыгарууга жол берүү маселесине келгенде абдан эле этият болушу керек. Анткени бул алар таасир көргөзө ала тургандай абалда болсо өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда терроризмге жол берип койорун каңкуулайт.

Германиянын БУУдагы элчиси, азыр “ал-Кайида” жана "Талибан" санкция комитетин жетектеп жаткан Петер Виттиг ушул айдын башында Ооганстанда бир жума иш сапарда болгон. Ал ооган бийликтери менен кара тизмеден чыгарылуучу ысымдар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана "Талибандын" бир катар адамдарын кара тизмеден чыгарууну Коопсуздук кеңеши колдооруна ишеним билдирген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG