Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Сирия: БУУнун инспекторлорун аткылашты


БУУнун инспекторлору күбөлөр менен сүйлөшүүдө, 26-август, 2013
БУУнун инспекторлору күбөлөр менен сүйлөшүүдө, 26-август, 2013

Бүгүн БУУнун инспекторлору 21-августта “химиялык курал колдонулган” Дамаскинин райондорун текшеришти. Жолдо аларга снайпер ок атты.

Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун куралдар боюнча эксперттеринен куралган топ Моадамие шаарына кирип, өткөн аптадагы окуяга күбө болгондор менен сүйлөшө алышты. Алардын айтымында, шаарга кире бериште белгисиз снайперлер алардын машинелеринин бирине ок атышкан. Эч ким андан жабыркабаганы кабарланды.

Улуттар уюмунун расмий өкүлү аларга чабуул каерде болгонун тактаган жок.

Сириянын мамлекеттик телеканалы чет өлкөлүк инспекторлорго “террористтер” кол салышты деди. Адатта, расмий Дамаск оппозицияны “террористтер” деп атап жүрөт. Оппозиция болсо бул окуянын артында өкмөттүк күчтөр турушат деп билдирди.

Бүгүн Сеулдагы сапары учурунда видео кайрылуу жасап, Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун: "Инспекторлор эки ооруканада болуп, күбөлөр, аман калгандар жана догдурлар менен сүйлөшө алышты. Алар курал колдонулду делген жерден айрым калдыктарды да чогулта алышкан. Азыр алар кайра Дамаскиге кайтып жатышат", - деди Пан Ги Мун.

Ал арада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Москвада сүйлөгөн сөзүндө “Батыш өлкөлөрү өткөн шаршембидеги химиялык чабуулду Сириянын өкмөтү жасаганы тууралуу далили жок эле ага чабуул коюуга чакырып жатышканын” айтты.

Ал БУУнун уруксатысыз кандай гана аскерий аракет болбосун, “эл аралык мыйзамдарды орой бузгандык болот” деп айтты.

"Бул өтө опурталдуу, тайгак жол. Ал жолго биздин батыштык өнөктөштөрүбүз бир нече жолу бут коюшкан. Бул ирет акыл-эстүүлүк үстөмдүк кылат го деп үмүттөнөм", - деди орусиялык министр.

Лавровдун айтымында, Сирияга чабул коюу маселеси ким тарабынан көтөрүлбөсүн, Орусия баары бир буга кошулбайт.

АКШ менен башка айрым Батыш өлкөлөрү өткөн аптада адамдын нерв системасын шалдыратып өлтүрө турган куралды президент Асаддын күчтөрү колдонушканында дээрлик күмөнү жок экенин айтышкан.

Президент Асад болсо айыптоолордун баарын “саясий максатты көздөйт” деп четке какты.

АКШнын коргоо министри Чак Хейгел бүгүн билдиргендей, АКШ азыр түрдүү варианттарды ойлонуштуруп жатат.

"Биз Сирияда чынында эмне болгону тууралуу бүт фактыларды алып, ишенимдүү болмоюн, мен аракеттердин же аракетсиздиктин кесепети тууралуу сөз кылгым келбейт", - деди Хейгел.

Британиянын тышкы иштер министри Уиллиям Хейг болсо бүгүнкү сөзүндө БУУнун Коопсуздук кеңешинин уруксатын күтүп отурбай эле чараларды көрүүгө болоорун кыйытты.

“Чек арасыз дарыгерлер” гуманитардык уюму Дамаскинин айланасында өткөн аптада болгон химиялык чабуулдан 300дөн ашуун киши өлгөн деп билдирген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG