Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

"Көрүнбөгөн" балдардын угулбаган үнү


Бишкектеги жаңы конуштардын бири.
Бишкектеги жаңы конуштардын бири.

ЮНИСЕФ Кыргызстанда 18 миң "көрүнбөгөн" бала бар экенин билдирди. Бийлик өкүлдөрү бул сан расмий эмес экенин айтканы менен балага күбөлүк берүүдө айрым кыйынчылыктар болорун моюнга алды.

“Көрүнбөгөн балдар” акциясынын алкагында коомдук жайларда, базарларда жана парламенттин ичинде балдардын айнекке окшош түссүз материалдан жасалган сөлөкөтү инсталляция түрүндө орнотулду.

Анын алдына “Кыргызстанда беш жашка чейинки курактагы балдардын 18 миңи каттоодо жок” деген түшүндүрмө жазылган. Эмнеге төрөлгөн балага документ алуу кыйынчылык менен коштолот? ЮНИСЕФтин изилдөөсү бардык аймактарда бирдей жүрдүбү? Расмийлер бул тыянакты эмнеге четке кагууда?

Бул суроолорго Калкты жана жарандык абалдардын актысын каттоо департаментинин бөлүм башчысы Гүлжан Атанаева, БУУнун Балдар фондусунун Кыргызстандагы кеңсесинин балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Лучио Сарандреа жана Балдарды коргоо борборунун эксперти Таалай Жакыпбеков жооп беришти.

"Азаттык": Лучио мырза, ЮНИСЕФтин иликтөөсү кандай жүрдү. Ага бардык аймактар камтылганбы?

"Арай көз чарай" талкуусу
"Арай көз чарай" талкуусу

Лучио Сарандреа: ЮНИСЕФ өз иликтөөлөрүн ар бир төрт жыл сайын өткөрүп турат. Бул изилдөөлөр ар бир дубанда ишке ашты. Демек, өлкөнүн бардык булуң-бурчун камтыды деп айта алам. Биздин адистер ар бир үйгө кирип, сурамжылоо жүргүзөт. Кесипкөй адамдар жашоочуларга аялдар жана балдар жөнүндө абдан көп суроолорду берет. Адистер өлкө боюнча иштеп, статистика талап кылган бардык ыкмаларды колдонуп, сурамжылоого алынган кишинин жеке өзгөчөлүгүнө, жашына карай маалымат топтойт.

"Азаттык": 18 миң деген сандын өзү да талаш жаратып жатпайбы, аны кайдан алдыңар?

Лучио Сарандреа: Маалымат чогулгандан кийин биздин адистер аны алты ай талдайт, статистикалык маалымат толук кандуу болгондон кийин гана тыянак чыгарабыз. Маселен, биздин адистер бир үйгө киргенде ал жакта беш жашка чейинки балдар, алардын туулганы тууралуу күбөлүгү барбы деген суроолорду беришкен. Биз сурамжылаган үй-бүлөлөрдүн 2,3 пайызындагы балдардын туулганы тууралуу күбөлүгү жок болуп чыкты.

Расмийлер макул эмес

"Азаттык": Гүлжан айым, бул чындыгында абдан актуалдуу маселе. Эмнеге балдар күбөлүксүз жүрөт? ЮНИСЕФтин эсебине макулсуздарбы?

Гүлжан Атанаева
Гүлжан Атанаева

Гүлжан Атанаева: Лучио мырза айткан сандар албетте, алардын өзүнө таандык изилдөө ыкмасы менен аныкталган гана цифралар. Бирок белгилей кетсек, 2018-жылы расмий катталган, күбөлүк алган балдардын саны 172 миң 633 болду.

Ал эми 2017-жылы катталгандардын саны 155 036. Бул жаңы төрөлүп, күбөлүк алган балдар. 2018-жылы катталган балдардын саны 30 пайызга көбөйгөнүн белгилей кетүү керек. ЮНИСЕФ берген санды мен талаштуу деп эсептейм.

Каттоо жеңилдеди

"Азаттык": Таалай мырза, миңдеген балдар күбөлүксүз жүрсө, алар мамлекеттин кандай камкордугунан куру калууда?

Таалай Жакыпбеков
Таалай Жакыпбеков

Таалай Жакыпбеков: Эң башкысы алар мамлекеттик кызматтарды пайдалануу укуктарынан куру калышат.

Маселен, анын ата-энесине жөлөк пул берилбейт. Балага медициналык кызматтар акысыз көрсөтүлбөйт. Бала бакчага баруу, мектепке кирүү деген керектүү нерселердин баарынан аксашат.

Азыркы күндө айта кетчү нерсе, ЮНИСЕФтин бул изилдөөсү 2014-жылы жүргүзүлгөн. Ал учур менен азыркынын айырмасы асман менен жердей. Маселен, Балдардын укуктарын коргоо борбору 2013-жылдан тарта мамлекеттик укуктарды пайдаланууну кеңейтүү деген бир долбоордун үстүндө иштегенбиз. Анда жаңы конуштарда демилге топторду түзүп, үймө үй кыдырып документи жок балдарды аныктаганбыз.

Азыр так саны эсимде жок, бирок аныкталгандан кийин ата-энелерге маалымат берүү жаатында көп иштедик. Ушундан улам азыркы тапта бардык документтери колунда туруп, күбөлүк албай калган адамдар кескин азайды десек болот. Дагы эле албай калган балдар жок деп айтуу кыйын. Бул жерде негизги көйгөй ата-энелердин укуктук жактан сабатсыздыгында болууда. Көп ата-энелер жөнөкөй эле мамлекеттик мекемеге кирип, анын кызматын кандай пайдаланууну билбейт.

Мигранттын балдары да кыйынчылыкта

"Азаттык": Гүлжан айым, азыркы тапта бир балага күбөлүк алууда ата-эне кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн?

Гүлжан Атанаева: Биздин азыркы учурда иштеп жаткан жарандык абалдардын актыларын каттоо мыйзамынын негизинде баланын төрөлгөнү тууралуу төрөт үйүнөн маалымдама, эненин ким экенин тастыктаган паспорту болушу шарт. Ошондо күбөлүк берилет. Анын расмий белгиленген баасы 89 сом 70 тыйын. Муну ата-энелер банкка төлөйт. Банк канча суммадагы комиссия аларын билбейбиз. Бирок расмий баа ушундай. Ал эми чет жакта жүрүп төрөлгөн, тышкы миграциядагы балдар үчүн Орусия, Казакстан менен Минск конвенциясынын негизинде документтер берилет.

Ош менен Жалал-Абад шаары алдыда

"Азаттык": Лучио мырза документсиз балдардын көйгөйү бизде абдан курчпу? Сиздер иликтөөгө мигранттардын балдарын ккоштуңарбы?

Лучио Сарандреа: Жеке эле Кыргызстанда эмес, Тажикстанда да бул көйгөй абдан орчундуу. Бириккен Улуттар Уюму ал жактагы документсиз, каттоого турбаган балдардын санын кыскартуу боюнча чоң долбоорду ишке ашырып жатат. Анткени бул көйгөй Тажикстанда да курч. Мигранттарга токтолсок, Кыргызстанда азыркы тапта 259 миң баланын атасы же энеси, 119 миң баланын ата-энесинин экөө тең тышкы миграцияда жүрөт.

Дал ушул балдар арасында зомбулукка кабылгандар, суицидге баргандар жана документи жоктор абдан эле көп. Бул балдар мектеп, бала бакчага да бара албай калган учурлары арбын. Булардан сырткары күбөлүксүз балдардын басымдуусу айыл жеринде туулган жана калктын жакыр катмары экен. Эгерде аймактарга бөлүп карасак, Ош менен Жалал-Абад шаарында башка аймактарга салыштырмалуу күбөлүксүз балдар көп экени аныкталды. Анан албетте, ата-энеси миграцияда жүрүп төрөлгөндөр да ушул тизмеде.

Талкууну толук ушул жерден уга аласыз.

Күбөлүксүз балдардын көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:28 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG