Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

АКШ-Кытай: «соода согушунун» уландысы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-майда АКШ Кытайдын 200 миллиард долларлык товарына бажы тарифтерди 25 пайызга чейин көтөрдү.

Президент Дональд Трамп бул үчүн «соода боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген келишимди бузду» деп Кытайды айыптады. Кытай Вашингтонго каршы тиешелүү жооп чараларды көрөрүн эскертти.

АКШ менен Кытай былтыртан бери жаңы соода келишимине жетишүүнүн жолун издеп, бирок мунаса таба албай келет.

АКШ Кытайдын жаңы технологияда колдонулуучу модемдери, өткөргүчтөрү, ошондой эле басмакана тармагына керектүү материалдары сыяктуу 200 миллиард долларлык товарына бажы тарифтерин 10 пайыздан 25 пайызга чейин көтөрүүдө.

Тарифтерди көтөрүү америкалык жана кытайлык жогорку кызмат адамдары Вашингтондо 10 айлык соода согушун токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурга туш келди.

Кытайдын вице-премьери Лю Хе, ошондой эле АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзер жана каржы министри Стивен Мнучин 9-майда 1,5 саат сүйлөшүү өткөрдү. Жолугушуу бүгүн да уланышы керек. Бирок Вашингтондун бажы тарифтери тууралуу кадамынан кийин ал үзгүлтүккө учурай турганы да кабарланып жатат.

Мен азыр гана айткандай, тарифтерди көтөрүү эки тарапка тең жакшы эмес. Кытайдын да, Американын да экономикасы соккуга кабылат. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптын тил табыша албай калуусу менен биз күнөөсүз адамдарга зыян келтирбешибиз керек. Көптөгөн адамдардын кызыкчылыгына балта чабылды, биз буга өкүнүп турабыз. Ошондуктан биз аны чечүү үчүн жакшы жолун таба алабыз деп ойлойм”, - деди Кытайдын вице-премьери Лю Хе.

АКШ президенти Дональд Трамп тарифтерди көтөрүү чечими үчүн жоопкерчиликти Бээжинге жүктөдү. Анын айтымында, Кытай “соода боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген келишимди бузган”.

Биз Кытайга карата бажы алымдарын жогорулатарыбызды жаңы гана жарыяладым. Кытай биздин жумушчуларды алдаганды, биздин жумуш орундарын уурдаганды токтотмоюнча биз чегинбейбиз, - деди Трамп. - Биз келишимге кол коюуга жакын калганбыз, бирок алар аны кайра кароону сунуштай башташты”.

Ошол эле кезде Дональд Трамп Кытай менен соода согушун жүргүзүүнү каалабай турганын, Бээжин менен жакшы алака түзүүгө дилгир экенин кошумчалады.

Кытай менен АКШ дүйнөнүн алдыңкы эки ири экономикасы экени белгилүү. Кытайдын Соода министрлигинин өкүлү биргелешкен аракеттердин, кызматташтыктын жана кеңешүүнүн натыйжасында АКШ Кытай менен мунаса табарына ниеттенип турганын билдирди. Ошол эле кезде кытай тарап АКШнын бажы тарифтерин көтөрүү чечимине өкүнүп турганын айтып, жооп чараларды кабыл аларын убада кылды.

АКШ 2017-жылы Кытайга 130 млрд. долларлык товар сатса, Кытайдын АКШга импорту 500 млрд. доллардан ашкан. Трамптын администрациясы ушундан улам «соодада адилетсиздик бар», «Кытай интеллектуалдык менчикти уурдап жатат» деп айыптап келет.

Былтыр Кытай АКШнын өзүнө багытталган бир жылдык экспортунун 85% бөлүгүнө, АКШ аныкынан төрт эсе чоң Кытай экспортунун 50% азыраак бөлүгүнө бажы тарифтерин көтөрүшкөн. Бирок декабрда АКШ жана Кытай лидерлери Дональд Трамп менен Си Цзинпин Аргентинда, "Чоң жыйырманын" саммити учурундагы жолугушууда “соода согушунда” убактылуу тыныгуу алууну макулдашкан. Ошондон бери эки тараптын кызыкчылыгына туура келген жаңы соода келишимине жетишүүнүн жолдорун издеп келе жатышат. Ушул күндөру өтүп жаткан Вашингтондогу сүйлөшүүлөр анын он биринчи айлампасы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG