Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

ИМ көзөмөлдөгөн аймактар бошотулганы жарыяланат


Сирия.
Сирия.

Кошмо Штаттары кийинки аптада “Ислам мамлекети” террордук тобу көзөмөлдөп келген аймактар толук бошотулганын расмий жарыялайт. Бул тууралуу шаршембиде АКШ башында турган эл аралык коалиция өкүлдөрү менен жолугушкан учурда президент Доналд Трамп билдирди.

6-февралда Ирак жана Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремист уюмуна каршы коалицияга кирген 79 өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрү Вашингтондо чогулушту.

- Мен кечээ жылдык кайрылуумда белгилегендей, Кошмо Штаттардын аскерлери, коалиция боюнча өнөктөштөр, Сириянын Демократиялык күчтөрү “Ислам мамлекети” Сирия менен Иракта басып алган аймактын дээрлик бардыгын бошотушту. Болжолу менен эмки аптада халифаттын 100 процентин алдык деп расмий жарыяланат, - деп билдирди президент Доналд Трамп.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ расмий өкүлдөрү өткөн апталарда тараткан маалыматка караганда, “Ислам мамлекети” буга чейин басып алган жерлеринин 99,5 процентинен айрылды. Азыр алардын колунда Сирияда беш чарчы километрге жетпеген чөлкөмдөгү айылдар калууда.

Президент Трамптын Сириядагы эки миңдей аскерди алып кетүү чечими өлкө ичинде жана сыртында бир топ сынга кабылып келе жатат.

Өткөн шейшембиде АКШ армиясынын Жакынкы Чыгыштагы кол башчыларынын бири, генерал Жозеф Вотел Сенатта көрсөтмө бергенде америкалык контингент чегингенден кийин террордук топ кайра баш көтөрүшү мүмкүн деген тынчсыздануусу менен бөлүшкөн:

- "Ислам мамлекети" коркунуч жаратып жаткан чакта биз өнөктөштөр менен биргелешип согушкерлерге кысым көргөзүүнү улантып жатабыз. Алар бизге каршы чабуул коюуга аракеттерин уланта беришет деп күтсө болот.

Сирия. 2018-жыл
Сирия. 2018-жыл

Экстремисттик уюмдун “калдыктары” дагы деле коркунуч туудурганы менен Трамп аскерлерди чыгаруу чечиминде катуу тураарын шаршемби күнкү жыйында да кайталады. Мындан тышкары коалиция мүчөлөрүн активдүүрөөк болууга, терроризмге каршы күрөшкө “адилет салым” кошууга чакырды.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео аскерлерди кайтаруу планы миссия өзгөрдү дегенди билдирбейт, коркунучу сакталып жаткан топко каршы башка тактикага өтүүдөбүз деп коалиция өкүлдөрүн ишендирди.

Ошол эле шаршемби күнү Улуттар Уюмунун баяндамасы жарык көрүп, анда “Ислам мамлекетинин” жихадчылары дүйнөдөгү “негизги жана эң мыкты камсыздалган террордук коркунуч бойдон кала берүүдө” деп айтылган.

Эксперттердин ырастоолору Сирия обсерваториясы уюмунун да байкоолоруна төп келет. Укук коргоочу уюмдун жетекчиси Рами Абдуррахмандын айтымында, “Ислам мамлекетинин” катарында дагы 4-5 миңдей согушкер бар. Көбү, сыягы, чөлдөрдөгү үңкүрлөрдө жана тоолордо жашырынып жүрүшөт.

Сирия менен Ирактын террорчулардан бошотулган райондорунда да экстремисттердин майда түйүндөрү кол салууларды уюштуруп, текшерүү пункттарын орнотушууда жана үгүт баракчаларды таратышууда деген маалыматтардан улам алар болочок каршылык көргөзүү кыймылына даярданышуудабы деген ой-пикирлер да айтылып жатат.

Улуттар уюмунун эксперттери ушул божомол чын болуп чыкса, экстремисттик топ ири чабуулдарды ишке ашырышы ыктымал деп эскертишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG