Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Америка - мээнеткечтердин мекени


Айчолпон Айтиева.
Айчолпон Айтиева.

Учурда дүйнөнү дүңгүрөткөн экономикасы бар мамлекеттердин бири болгон АКШда жашап кетиш оңой эмес. Бул өлкөдө мээнеткеч болсоңуз анда өзүңүзгө жакшы шарт жана ыңгайлуу жашоо түзүп алсаңыз болот.

Бул жакка келген мигранттардын баары жашоосун нөлдөн башташат. Жашап кетиш үчүн системаны түшүнүп өмүр бою мээнет кылууга даяр болуш керек, болбосо «Америка мен үчүн эмес экен» деп мекенге кайтууга туура келет. Жумушчуларга маяна биздегидей айына бир жолу эмес, эки жума сайын берилип турат. Ошондуктанбы, айтор аванс деген түшүнүк жок. Квартира, газ, электр акысы айына төлөнөт, андан сырткары тамак-аш, кийим-кече жана башка төлөмдөр көп.

Америка тууралуу жазганда көп учурда экинчи же терс тарабы тууралуу унутуп калган сыяктуубуз. «Иштебесең, тиштебейсиң» деген макалды ушул жерге колдонуу ылайыктуу деп ойлойм, себеби мен бүгүн АКШда жумушсуз калуу деген эмнеге барабар экенин жазмакчымын.

Курбуларым менен Американын батышындагы бир нече штатка эки жумага саякатка барууну пландаганбыз. Саякатыбызды баштап жолго чыккан күнү баарыбыз онлайн (remote) иштеп жатканбыз. Айдахо штатында тыныгуу алып түшкү тамактануудан келсем, кыздардын бири «I'm jobless» деп отурат. Биз ага көп маани бербей эле тамашалап жатат го десек чындык экен. Көрсө ошол күнү ал иштеген департамент жабылып, кесиптештеринин баары жумушсуз калышыптыp.

Ал кыз үчүн кабатыр болуп жатсам да, жүзүмдөн күлкүмдү жогото албай койдум. «Койчу, кантип эле» деген ойлор келип ишенбегендей болуп жаттым. Азыр ал биз менен саякаттап жүргөнүнө карабай Интернеттен жаңы жумуш издөө менен алек.

Океандын бери жагында ар бир адам өз камын өзү көрөт. Балдарга бакчадан баштап өзү үчүн жашаганга, өзү үчүн иштегенге жана өзүнө ишенип жашоого тарбиялашат. Ошондуктан эч ким эч кимден - тааныштарынан, туугандарынан жардам күтпөйт.

АКШда бир жума иштебей калуу көптөгөн финансылык кыйынчылыктарды жаратат. Эгерде банк, квартира, газ, электр, Интернет жана башкага бир ай акча төлөнбөй калса, дароо үстүнө пайыз кошулат.

Ага да маани бербесеңиз көбөйүп отуруп акыры сизди сотко чакырышат да мыйзамдын алкагында баарын төлөтөт. Эмгектенбеген же жалкоо адамга селсаяк болуп калуу кеп эмес. Себеби, маянаңыздан дароо 15-35% салык кармалат, андан сырткары камсыздандыруу, батир, тамак-аш, кийим-кече, машиненин майы, насыя жана башкаларга акча кетет. Бул жалгыз адамдын мисалы. Ал эми үй-бүлөлүүлөрдүн чыгымы андан да көбүрөөк болот.

Баскан-турганыңдын баары акча болгондуктан бир жолу маяна түшпөй калса, капчык жукара баштаганын байкайсыз. Сиз иштейсизби же иштебейсизби, өйдөдө айтылган кызматтар үчүн акчаңыз алына берет.

Америкалыктар үчүн иштеп жүрүп эле бала-бакыра чоңойтуу, окуу - кадимки көрүнүш. Жашоонун ылдамдыгыбы же атаандаштыктын таасириби, адамдар убакытты ушунчалык катуу баалашат. Бул жакта жумушсуз болуп элди таң калтырышыңыз мүмкүн, бирок үч-төрт жумушта иштеп же күндүз окуп, түндө иштеп эч кимди таң калтыра албайсыз. Себеби, калктын көпчүлүгү ошентип жашайт.

Ал эми Кыргызстанда жумушсуздук чоң пайызды түзгөнүнө карабай, көчөдө калам деген коркунуч жоктой сезилет. Бул эмнеден кабар берет? Келечекке кайдыгер карообу же үй-бүлөгө, туугандарга, дос-таанышка ишенүүбү?

Өлкөбүздө бир үйдөн бирөө иштеген көнүмүш болсо жана түгөйлөрдүн экөө тең иштегени сейрек кездешсе, АКШда бала багып, окуп жана иштеп жүргөндөр - кадимки көрүнүш. Мен Америкадагы мекендештериме «Азаматтар, үй-бүлөнүн камын ойлоп жатасыңар» деп ыраазы боло түшөм. Ал эми бул жакта туулуп-өскөн, бирок жалкоо, акча сурап же иштебей жүргөн адамдарды көрүп: «Эмне үчүн өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонушпайт?» деп таң калам.

Американын системасы элди өз киндигин өзү кескен эмгекчилдикке, аракетчилдикке, өз мээнети менен акча табууга тарбиялайт. «Эмгектен эч ким өлбөйт» деген сөз Америкада иштегендерге туура келет. Эгерде бирөө жакшы турмушта жашап жатса, анда ал бешене тери менен иштеп табат жана элден көбүрөөк мээнет кылат. «Элдин ырыскысын жеп байыды» деген түшүнүк түп-орду менен жок.

Ар бир жетишкендиктин артында чоң эмгек турганын унутпаңыз. Америка дегенде доллар эсибизге түшүп жыргал жашоону элестетебиз, бирок ал долларды табуу кандай мээнетти талап кыларын билбейбиз. Өнүккөн өлкөдө жашоонун чоң түйшүгү жана кусасы бар. Американын экономикасынын түздөн-түз фактору - бул жумушчу калк.

Алар жылына бир ай эс алганы болбосо, калган 11 ай тыным жок иштейт. Жалпы АКШнын сегиз майрамынан башка той-аш, туулган күн жана башка деп жумуштан калуу бул терс көрүнүш.

Ошондуктан адамдар тайм-менежментке чоң маани берип, эс алуу күндөрүн катуу пландашат. Америкага келип кыйынчылыкка чыдабай кайра кетип калган мекендештерибиз да кездешет. Эмнегедир Америкада жалаң гана иштермандар калгандай сезилет. Мээнетиң менен акча таап, ошонун ыракатын көрүп жашаганга эмне жетсин? Өз ак эмгегиң менен тапкан акча барктуу эмеспи. Баарыбыз өз мээнетибиз менен жашаганды үйрөнөлү, бекер тамак капканда гана болорун унутпайлы.

Айчолпон Айтиева, (@ai_robot) Salesforce компаниясында Technical Implementation Engineer болуп эмгектенет. Солт Лейк Коммунити коллежинин Computer Science багытында кечкисин окуйт.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG