Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Вашингтон-Пхеньян: "тарыхый" саммит болбой калды


Ким Чен Ын жана Дональд Трамп.
Ким Чен Ын жана Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда өтөрү кабарланган саммитин токтотту.

АКШ менен Түндүк Кореянын президенттеринин "тарыхта биринчи жолу өтөт" деп күтүлүп жаткан жолугушуусу азырынча ишке ашпай турган болду. Президент Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12-июнга белгиленген саммитин токтотууну чечти. Трамптын расмий Пхеньянга жолдонгон катын Ак үй 24-майда жарыялады.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео ал катты Сенат комитетиндеги жыйында окуп берди.

"Мен сиз менен жолугушууну абдан күтүп жаткам. Тилекке каршы сиздин соңку билдирүүңүздөгү эбегейсиз кыжырдануу жана ачык кастыктан улам мен ушул тапта көптөн бери пландалган жолугушууну өткөрүү орунсуз деп эсептейм", - деп айтылат Трамптын Кимге жолдогон катында.

Расмий катта Кошмо Штаттардын президенти америкалык туткундарды бошоткону үчүн Түндүк Кореянын лидерине ыраазычылык билдирип, ошол эле учурда эскертүү жасагандай болду.

"Сиз өзөктүк кудурет жөнүндө айтып жатасыз, биздики ушунчалык чоң жана кубаттуу. Андыктан мен алар эч качан колдонулбайт деп Кудайдан тиленем", - деп жазылган ал катта.

Бирок Трамп эгер Ким Чен Ын көз карашын өзгөртүп, жолугушуунун жаңы убактысын аныктагысы келсе, ага “телефон чалып же кат жаза аларын” кошумчалаган.

Пхеньяндын жообу кандай болот?

Майк Помпео Ким Чен Ын менен алгачкы сапарында жолуккан учур.
Майк Помпео Ким Чен Ын менен алгачкы сапарында жолуккан учур.

Азырынча Вашингтондун чечимине расмий Пхеньян жооп бере элек. Трамптын расмий каты жарыяланганга чейин Түндүк Кореянын жогорку расмий өкүлү Чхве Сон Хи АКШнын вице-президенти Майк Пенстин "Түндүк Корея Ливиядай тагдырга туш болушу мүмкүн" деген тариздеги сөзүн "акылсыздык" катары мүнөздөгөн эле. Ал расмий Пхеньян АКШдан диалог курууну суранбай турганын айтып, эгер дипломатиядан майнап чыкпаса, Пхеньян өзөктүк кудуретин көрсөтүүнү уланта берерин ишара кылган.

16-майда Түндүк Корея Түштүк Корея менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүн токтотуп, АКШ менен cаммиттен да баш тартып коюшу мүмкүн экенин эскерткен эле. Пхеньян өз билдирүүсүндө Түштүк Корея менен АКШнын аскердик машыгуулары токтобой жатканын жүйө келтирген.

Вашингтон менен Пхеньян саммитти өткөрүү тууралуу марттын башында макулдашкан. Жолугушуу сунушу Түндүк Кореядан түшкөн. Аны уюштуруу үчүн мамлекеттик катчы Майк Помпео Түндүк Кореяга эки жолу барып келген.

АКШ бул саммиттин эң башкы жыйынтыгы - Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул “ишенимдүү текшерүү” аркылуу ырасталышы зарыл деп кабарлаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш саммиттин токтотулушуна "терең тынчсызданып" турганын айтты. Ал 24-майда Женева университетиндеги кайрылуусунда тараптарды Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу багытындагы ишти уланта берүүгө чакырды.

Дипломатиянын жыйынтыгы...

Эки корей лидерлери 11 жылдан кийин биринчи жолу 27-апрелде жолугушкан.
Эки корей лидерлери 11 жылдан кийин биринчи жолу 27-апрелде жолугушкан.

Соңку бир канча жылдан бери баллистикалык ракеталарын жана өзөктүк бомбаларын сынап келе жаткан Түндүк Корея быйыл жыл башында Түштүк Кореяда өткөн кышкы олимп оюндарынан бери дипломатияга басым жасап, эки Кореянын лидерлери 27-апрелде чек арада, демилитаризациялык аймакта жолугушкан.

Эки жумадай мурун Түндүк Корея АКШ президенти менен күтүлүп келген саммитти утурлай өзөктүк сыноо өткөрүүчү жайын бузмакчы болгонун билдирип, президент Дональд Трамп муну “айкөлдүк” катары мүнөздөгөн эле.

Вашингтондун соңку чечими Түндүк Корея дал ушул өзөктүк полигонду бузганын жарыялаган күнгө туура келди. Түндүк Кореянын мамлекеттик кабар агенттиги тараткан маалыматка ылайык, сыноо жүргүзүлүүчү жай “өзөктүк сыноо улантылбай жатканы тууралуу ачык-айкындыкты камсыз кылыш” үчүн “толугу менен бузулду”.

Пхеньян кеминде алты өзөктүк сыноо өткөргөн өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Пунгери полигонунун бузулушуна эркин эксперттер катышкан эмес. Бул полигондон кабары бар чет элдик окумуштуулардын айтымында, Мантап деген тоонун түбүнөн казылган бир нече туннелдери бар өзөктүк жай былтыр сентябрдагы акыркы өзөктүк сыноодон кийин жарым-жартылай бузулуп, колдонууга жараксыз болуп калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG