Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

АКШ Египеттеги демократиялык өзгөрүүлөрдү колдойт


АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон 14-15-июль күндөрү Египетте болуп, аскерий төбөлдөр менен жаңы шайланган исламчыл президент Мухаммед Мурси ортосундагы тирешүүнү жайгарганга аракет кылды.

Хиллари Клинтон ишемби күнү президент Мухаммед Мурси менен кездешкенден кийин жасаган билдирүүсүндө армияны шайлоолордун жыйынтыгын урматтоого жана “өлкө коопсуздугуна байланыштуу гана вазийпасын” кайра улантууга чакырды. Клинтон айымдын бул сөзү - генералдар бийликти эл шайлаган президентке жана парламентке өткөрүп бериши зарыл экенине ишарат.

АКШ мамкатчысы ошондой эле Мурсинин "бардык египеттиктердин президенти болом, аялдардын жана улуттук азчылыктардын укуктарын коргойм" деген убада сөзүн колдоп, Жогорку аскердик кеңеш менен саясий сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөдү жана демократия өз ара мунасаны талап кыларын эске салды:

- Демократия татаал. Биздин бул жолдо жашаганыбызга 236 жылдан ашты. Ал диалогду, мунасаны жана реалдуу саясатты талап кылат. Биз силерди колдойбуз жана жардам бергибиз келет. Муну Кошмо Штаттар чечпейт, муну Египет эли өзү чечерин билебиз.

Мухаммед Тантави менен Хиллари Клинтон
Мухаммед Тантави менен Хиллари Клинтон
Азыр президент Мурсинин абалы татаал. Бир ай мурда Конституциялык сот парламенттик шайлоо кезиндеги мыйзам бузууларды бетке тутуп, Элдик жыйынды тараткандан кийин парламент функциясын Жогорку аскердик кеңеш кайра өзүнө алган. Мурси жаңы Конституция кабыл алынганча парламент өз ишин улантсын деп, ай башында жарлык чыгарганда, Жогорку Сот жарлыкты жокко чыгарган.

Клинтон айымдын билдиришинче, АКШ Египетке 250 миллион доллар соода насыясын берет жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө экономикалык жактан көмөктөшүү максатында 60 миллион долларлык инвестициялык фондду түзөт.

Хиллари Клинтон, кээ бир серепчилердин болжогонуна каршы, фельдмаршал Тантави башындагы генералдарды сындаган жок жана АКШ Египетке жылына берчү 1,3 миллиард доллар аларды “тилге салчу буроо” катары колдонуп калышы мүмкүн экенине ишарат кылган бир да сөз айтпады. Тескерисинче, армиянын өз элин коргоп, Сириядагыдай “кызыл кыргынга” мүмкүнчүлүк бербегенин жогору баалады.

Фельдмаршал Тантави менен Клинтон айым ортосундагы бир сааттык сүйлөшүүдө саясий бийликтин келечеги, АКШ берчү экономикалык жардам жана Египеттин экономикалык муктаждыктары талкууланганы учкай кабарланды.

Бирок да Тантави жекшемби күнкү аскерий салтанатта Египет “кайсы бир топко эмес, бардык египеттиктерге таандык” деп, бийлик Мурсинин артындагы “Мусулман агайындар” үчүн эмес, жалпы элге кызмат кылыш керек экенин түз эскертти.

Жекшемби күнү Хиллари Клинтон жарандык коомдордун өкүлдөрү жана ишкерлер менен да кездешти. Ал жолугушууда АКШ бардык адамдардын эл аралык укуктарын жана демократияны колдоорун баса белгиледи:

- Мен Каирге Кошмо Штаттар укуктарды, универсалдуу укуктарды, бардык адамдардын укуктарын колдорун ачык билдиргени келдим. Биз демократияны колдойбуз. Бирок демократия шайлоо дегенди гана түшүндүрбөйт. Бул көпчүлүк азчылыктын укуктарын коргойт дегенди да түшүндүрөт.

АКШ Египеттин ички ишине кийлигишүүдө деп, тарсалардын айрым өкүлдөрү Клинтон айым менен кездешүүгө келбей коюшту. “Ал-Ахрам” гезитинин жазышынча, Копт чиркөөсү жана башка тарса лидерлери АКШнын айрым саясий топторду колдогонуна нааразы болушкан.

Ишемби күнү ондогон адамдар Каирдеги президенттик сарайдын алдында жана АКШ элчилиги жанында Вашингтондун тышкы саясатын “исламчылар менен альянс” деп атап, нааразылык акциясын өткөргөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG