Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Иран: сүйлөшүү мөөнөтү азаюуда


Ирандагы Бушер АЭСинин көрүнүшү, 26.10.2010
Ирандагы Бушер АЭСинин көрүнүшү, 26.10.2010

АКШнын Мамкатчысы Жон Керри Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнүн мөөнөтү азайып баратканын эскертти.

7-апрелде мамлекеттик катчы Жон Керри Стамбулда туруп, “сүйлөшүүлөр учу-кыйры жок созула бербестигин” белгилеп, эгер Тегеран дипломатиялык жол менен ийге келбесе, Кошмо Штаттар Иранга аскерий чабуул жасоого камылгасы болгондугун дагы айтты.

- Биз Иранга кырдаалды дипломатиялык жол менен жөндөө ниетибизди дагы кайталайбыз, бирок андан кандай чечим чыгаруу ирандыктардын колунда. Эгер Ирандын өзөктүк программасы башка бир катар өлкөлөрдүкүндөй тынчтык мүнөздө болсо – аны дүйнөлүк коомчулуктун алдында ачык көрсөтүү оор деле эмес. Башка өлкөлөр аны жасап эле жатышпайбы. Ирандыктар ядролук программалар боюнча эл аралык милдеттемелерди аткарбай, өзүнөн өзү обочолонуп, санкцияларга кирептер кылган жагдайды тандашты.

Жон Kерринин бул сөзү Ирандын өзөктүк программасы боюнча Алматыда өткөн эки күндүк сүйлөшүү ишембиде эч майнапсыз аяктагандан кийин айтылды.

Кошмо Штаттар, Франция, Британия, Германия, Орусия жана Кытай Тегеранды уран байытууну токтотууга, анын ордуна Иранга каршы киргизилген эл аралык санкциялар азаят деп кепке келтирүүгө аракеттенди.

Эл аралык коомчулук Тегеран байытылган урандан атом бомбасын жасашы мүмкүн деп кооптонот. Иран бийликтери болсо өзөктүк программасы энергетикалык жана медициналык максатта колдонулаарын айтып, байытылган уранды өндүрүүгө дүйнөдөгү башка бир катар өлкөлөрдөй эле укугу бардыгын баса белгилеп келет.

Ишембиде аяктаган Алматы сүйлөшүүсү соңку эки ай аралыгында өткөн жолугушуулардын экинчиси болду. Анын соңунда Ирандын өзөктүк маселелер боюнча башкы ортомчусу Саид Жалили сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурган эки тараптын ортосунда ымала жоктугун ачыктады.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков да сүйлөшүүгө катышкандар бир тилге келе албай чайналып жатышканын айтты:

- Акыркы чечимдин модели Өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча келишимдин негизинде Ирандын бардык укуктарын, анан ичинде уранды байытуу укугун таанып туруп, Тегеран менен МАГАТЭге көзөмөл жүргүзүүгө жол ачкыла деп кепке келтирүү зарыл. Эгер Тегеран ийге келсе, анда Иранды бардык санкциялардан бошотуу керек.

Ирандын чөлкөмдөгү эң катаал каршылашы Израил дүйнөлүк державаларды Тегеранга талапты катуу коюуга чакырды. Израилдин чалгындоо жана стратегиялык министри Ювал Штайниц “ирандыктарга акыркы чара катары согуш коркунучу же дүйнөнүн бардык өлкөлөрү ультиматум коюп, жыйынтык чыгарууга мезгил жетти” деген кескин пикирин билдирди.

Ал ортодо Европа менен Азияга 10 күндүк иш сапарга аттанган АКШнын Мамлекеттик катчысы Керри Стамбулда туруп, Түркияны Израил менен алакасын калыбына келтирүүгө чакырды.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG