Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Жон Шоберлейн: Кыргызстан сырткы эки күчтүн ортосунда калды


Гарвард Университетинин профессору Жон Шоберлейн «Азаттыкка» маек курууда, Бишкек шаары, 2010-жылдын декабры
Гарвард Университетинин профессору Жон Шоберлейн «Азаттыкка» маек курууда, Бишкек шаары, 2010-жылдын декабры

Америкалык профессор Шоберлейн Кыргызстан Орусия менен АКШнын кызыкчылыктарынын ортосунда турганын айтып, жаңы саясий бийлик өлкөнүн эл аралык коомчулукта түшкөн беделин кайра көтөрүүгө аракет кылаарына үмүт артты.

АКШнын Гарвард Университетинин Борбор Азия жана Кавказ программасынын жетекчиси, пост-советтик Борбор Азиядагы улуттук кайра жандануу, Евразиядагы Ислам боюнча илимий эмгектердин автору, профессор Жон Шоберлейн (John Schoeberlein) Кыргызстандагы кырдаал, тышкы мамилелер тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.


Батыштын үзүлөөр-үзүлбөс үмүтү


Профессор Шоберлейн: Советтер Биримдиги кулагандан кийин батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ Кыргызстанды саясий өнүгүүнүн жаңы модели катары көргүлөрү келген. Ал гана эмес ага ишенип көп эле көмөк беришти. Коңшуларына караганда Кыргызстан жардамды ар кыл түрүндө арбын алды. «Кыргызстан үлгү болуш керек» деген идеянын өзүнө мен аяр мамиле жасайт элем. Алды менен Кыргызстан өз өнүгүүсүндө зарыл, чукул маселелерди аныктап, чечиши керек. Ал эми батыштын Кыргызстанды үлгү катары көргүсү келгени тескерисинче кайсы бир деңгээлде өлкөгө ашыкча милдет тагат.

Дагы бир жагынан непадам коңшу өлкөлөр - АКШ алардын дагы саясий түзүлүшүн өзгөрткүсү келип жатат деп түшүнсө, андагы жалпы эле региондогу өнүгүүгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Албетте ар бир өлкө кайсы бир тараптын басымы же көрсөтмөсү аркылуу эмес, өз жолу менен өнүгүүсү керек.

"Азаттык": Коңшулар АКШ Кыргызстандан кийин алардын дагы саясий түзүлүшүн өзгөртөт деп чочуйт дегенге канчалык ишенсе болот? Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүүдө АКШ гана башкы ролду ойноп, жол көрсөтөт деп ойлойсузбу?

Профессор Шоберлейн: АКШ кандай роль ойной алат? Иш жүзүндө АКШнын саясий системасынын үлгүсү бул жактагы өлкөлөргө туура келбейт. Бул жагынан алганда, европалык өлкөлөрдүн үлгүлөрү көбүрөөк жакындашат. Ал эми Кыргызстандагы саясий башкаруунун жаңы үлгүсүнүн иштеп кетиши үчүн ресурс, кандайдыр бир экономикалык колдоо өтө зарыл.


АКШ-Орусия: ортодо Кыргызстан

"Азаттык":
Кыргызстандын парламенттик башкарууга өткөнүн Хиллари Клинтон “Кыргызстан Борбор Азияга үлгү болот” десе, Дмитрий Медведев “Кыргызстанды кыйроого алып келет" деп айтты. Сиздин оюңузча, Кыргызстандын стратегиялык эки өнөктөшү эмне үчүн мындай карама-каршы көз карашта?

Профессор Шоберлейн: Менин баамымда, Орусия Кыргызстанга кандайдыр бир басым жасап, саясий жараянга таасир эткиси келип турганы көрүнөт. Бул кайсы бир өңүттө АКШ менен Орусиянын ортосундагы каршылаштыктан дагы келип чыгууда.

Эң кызыгы - кандай карабайлы, Кыргызстан бул эки күчтүн ортосунда калды. Бул фактор Кыргызстандын саясий өнүгүүсүнө өзүнүн терс таасирин тийгизет деген коркунуч албетте бар. Кыргызстан үчүн эң маанилүүсү - бул өлкөлөр бири-бирине "салмагын салгысы" келсе Кыргызстанга басым жасабай, өз алакаларын өзүнчө чечип алса.

Башка жагынан алып караганда, Орусия үчүн Кыргызстанды колдон чыгарбоо өтө маанилүү. Андыктан азыркы орус бийлиги коңшу, мурдагы советтик мамлекеттердин дарегине курч нерселерди айтууну мүнөзгө айлантып алды. Буга кошумча - анын артында кызыкчылык, мурдагы адат жана пайда көрүү деген турат.

Америкалык кызыкчылыктар тууралуу айтсак, эч ким эч кимге басым жасабашы керек деген өңүттү ээлеп алгандагында.

"Азаттык": Кызыгы, Кыргызстандын жаңы парламенти орусиячыл, батышчыл жана улутчул делген күчтөрдөн куралды. Демек, чоң державалардын оюну эми кыргыз парламентинде уланабы?

Профессор Шоберлейн: Эгер Кыргызстандын ичиндеги саясий күчтөр тигил же бул сырткы таасирдин астында калып, алардын айтканы менен иш кылса анын жыйынтыгы башка нерсени бериши мүмкүн. Биз буга чейин көргөн Бакиевдин бийлиги буга өрнөк.

Ошол эле учурда кыргызстандык жетекчилерден кимде ким элинин кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, аны сырткы күчтөрдүн таасиринде калтырбай, ошол эле учурда башка тараптар менен дагы сүйлөшө билсе – ал мыкты лидер экендигин көрсөтөт. Тескеринсинче, Орусия эмне десе ошону так кетирбей аткарып турган саясий лидер өз өлкөсүнүн ичинде чоң басымга кабылып, таптакыр башка кырдаалга кептелиши мүмкүн.

АКШда Кыргызстанга ишеним төмөндөп кетти


Бул жерде сырткы күчтөр дагы Кыргызстанга карата өз таасир-кызыкчылыгын өлчөп-ченеп, Кыргызстанды теңата өнөктөш катары караганы оң жана келечектүү.

"Азаттык": Соңку кезде, айталы Апрель окуясынан кийин мухиттин ары жагында Кыргызстандын турпаты мурункудан өзгөргөндөй сезилеби?

Профессор Шоберлейн: Эгер Кыргызстан тууралуу айтсак америкалыктарда жалпысынан түшүнүк деле жок. Жайында гана бир нече күн гезит беттеринен түштүктөгү окуялар тууралуу маалыматтар чыгып турду. Бирок анда деле көпчүлүк эмне болуп жатканын түшүнгөн жок. Адамдар эми гана үңүлүп бул эмне өлкө, эмне болуп жатат деп калганда Кыргызстан тууралуу маалымат медиа каражаттарынан түшүп, алардын ордун башка окуялар басып калды десем болот. Тилеке каршы батыштагы, анын ичиндеги Америкадагы коомдук пикирге мүнөздүү көрүнүш ушундай.

Америкада жалпысынан тигил же бул өлкөнүн маанисине эгер ал мамлекет кайсы бир жагынан АКШнын кызыкчылыктарына тиешеси болсо гана көңүл бурулат. Андыктан, ошол эле Апрель жана Июнь окуялары маалында америкалыктарды көңүл бурдурган Бишкектен алыс эмес турган аскерий базанын тагдыры болду. Эгер база болбогондо балким америкалыктар көңүл бурбай деле коюшу мүмкүн болчу.

"Азаттык": Академиялык чөйрө, чөлкөмдү иликтөөчүлөрдүн көз караш, пикири кандай өзгөрдү? Карапайым америкалыктар, же саясий жетекчиликке караганда сиздер кантсе дагы бизге жакынсыңар да.

Профессор Шоберлейн: Чөлкөмдү иликтөөчүлөр, анын ичинде Кыргызстан боюнча адистер бул өлкөнү дайыма өнүгүүнүн жакшы мисалы катары карап келишкен. Албетте Акаевдин бийлигинин соңку жылдары менен Бакиевдин президенттик башкаруусу көптөрдү иренжитти.

Ал эми июндагы жаңжал болсо көпчүлүк изилдөөчүлөр, өлкөгө кызыккандар үчүн өзүнчө эле «кыйроо» сыяктуу болду. Кыргызстанда ушундай жүрөк үшүткөн окуя болуп кеткенин көрүп, кантип, эмне үчүн болду дегендин айланасында ой жоруу дагы өзүнчө оор болду.

Ош окуясынын кесепети, Бакиевдердин кандайча бийлик жүргүзгөнү, дагы бир катар өлкөдө болуп өткөн терс нерселерден кийин Кыргызстанга болгон ишеним төмөндөп кетти деп айтууга болот. Мен жеке өзүм Кыргызстандагы жаңы башкаруучу режим өткөн кемчиликтерди эске алып, эл аралык коомчулукта өлкөнүн аброюн көтөрөт го деп үмүттөнөм.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат, профессор Шоберлейн!


  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG